Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Спикер талаш


Гезиттер коалиция, фракциялардын “аркеттери” жана ЖК төрагасы Келдибековдун айланасындагы ызы-чуу тууралуу жазышты.

“Кыргыз туусу” гезити жумгалдык окурман Жаныбек Самудиновдун “Жаңы президентке кулак кагыш” аттуу катын басты. Кат ээси учурда илгери кийин кымындай жоопкерчилик иштерди аркалабаган, жок дегенде мектепте окуп жүргөндө класском болуп көрбөгөндөр паранын жана таянычынын күчү менен кызматтан кызматка көтөрүлүп келатканын айтуу менен бул жолу кадрдык революция жасоо керектигин айтат.

Бишкек шаарынын Орозбек Дүйшеев, Токтожума Жээналиев баштаган аксакалдары президенттик шайлоодо 4-орунду ээлеген Темирбек Асанбековду, Кыргызстандын Түндүк-геологиялык экспедициясынын башчысы болуп иштеген Болот Алымкуловду, Аксы районунда аким болуп иштеген Аскарбек Алиевди республикалык деңгээлдеги кызматтарга тартууну сунуш кылышты. Аксакалдар ошону менен бирге эле Адахан Мадумаров азырынча Баткен облусуна губернаторлукка барса туура болмогун, Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектөөгө кайтып барса жакшы болор эле деген ойлорун билдирди.

Ушул эле санга билим министринин орун басары Гүлжигит Сооронкуловдун “Курук илим” же профессор Сулайман Рысбаевдин жаңы илимий теориясы” деген макаласы жарык көрдү.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин президент Алмазбек Атамбаевдин алгачкы буйругун сынга алган макаласы менен жаңы санын ачып, президенттин аппарат башчылыгына дайындалган Жантөрө Сатыбалдиевдин далай жылдан бери артынан илээшип келаткан кемчиликтерин баяндап келип, тилекке каршы Сатыбалдиев жөнүндө “баланчаны жеп койгон” дегенден башка сыпаттамасы жок экендигин эске салды. Атамбаев аппарат башчысын түштүктөн коём десе Аалы Карашев өңдүү жигиттер бар эмес беле деп кейиди.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков “Ахматбек Келдибеков өз шыйрагын өзү каап жатат” деген макаласын тартуулап, непадам цивилизациялык өлкөлөрдө Келдибековдун ишине окшогон чатак чыкса, спикер болобу башкасы болобу, токтоосуз отставкага кетерин белгилеп, элге “төраганын бир жылдын тегерегиндеги ач көздүгүн” санап берди. Анын брондолгон эки машинесинин дөңгөлөгү эле 1,5 миллион сом турарын, Келдибековдун өзүнүн айлыгы 53 миң 530 сом, орун басарларыныкы 49 миң 238 сом, жадагалса депутаттарга чай ташып жүргөн 53 секретаршалар 18 миң 100 сомдон алышарын, бирок кызматынан кеткиси келбеген Келдибеков мунун баарын калпка чыгарып жаткандыгын жазды.

Автор андан ары Текебаевдин койгон дооматтарын Келдибековдун ушак дегени акыры бет тырмаарлыкка айланары аныктыгын, журт башкарам деген мамлекеттин барандуу үч адамынын экинчиси болгон спикердин саясый маданиятынын деңгээли көңүл тойгуза албаган абалда экендигин кеп кылып, спикерлик күрөш ушул багытта улана берсе, жаңы форматтагы парламенттик коалиция менен жаңы өкмөттүн курамын түзүү иши дагы кыйлага созулуп кетиши мүмкүндүгүн белгиледи.

“Алиби” гезитине КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Трусунбеков маек куруп, Жогорку Кеңештин төрагасынын айланасындагы чууга токтолуп, Ахматбек Келдибеков деле азыр “Бул кызматтан кетпейм” деп үзүлүп түшүп жабыша электигин, анын оюнча ал жигиттик сөзүндө туруп, башка фракция мүчөлөрүнүн пикирин эске алуу менен кызматын үч күндүн ичинде өткөрүп бериши керектигин айтты. Ал эми жаңы келе турган төрагага Келдибековдун айланасындагы чатак чоң сабак болорун, анткени жаңы төрага “кой, эсим барда этегимди жыяйын, кыңыр иш баары бир ачыкка чыгып калгыдай” деп коркуп иш кылып каларын, президент да ыймандуу бийлик деп бекер жеринен айтпаганын билдирди.

Аталган гезитке “Республика” фракциясынын депутаты Канат Исаев да маек куруп, азыр баарыдан мурда элдин ишенимине ээ боло турган өкмөттү түзүү милдети турганын, ошондуктан жаңы өкмөткө “Замандаш”, “Ак шумкар”, “Акыйкат” сыяктуу партиялардын өкүлдөрү келет деген ою барын айтты.

Кыргыз адабиятынын өтө сейрек таланттарынын бири, айтылуу кара сөз чебери Кубатбек Жусубалиев 70ке чыкты. Жазуучунун шакирти Мамат Сабыров менен Кубат акенин кызыктуу маегин бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезитинен окусаңыздар болот.

“Де-факто” гезити бул санын гезит кабарчысы Дилбар Алимованын “Спикер менен “мыйзамдагы уурунун” “Капризде” жаңы жыл тосуп, Дубайга чогуу учканы тууралуу” деген макаласы менен ачты. Макалада Келдибеков менен Камчы Көлбаев ресторанда эки жолу жолукканы аныкталгандыгын, бирок оперативдик кызматкерлер алардын эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн аныктай алышпагандыгын, Келдибековдун бул “эс алуу” үчүн кеткен чыгымын Каракол шаарынын салык кызматы жапканын, дагы бир документте 2011-жылдын январь айындагы “Дубай-Бишкек” багыты боюнча учкан жүргүнчүлөрдүн тизмеси берилгенин, ошол тизмедеги таңкы 4.45те учкандардын катарында Ахматбек Келдибековдун, Камчы Көлбаевдин, депутаттар Алтынбек Сулаймановдун, Нурлан Сулаймановдун, ошондой эле Нурсултан Келдибековдун, бул төраганын уулу болушу мүмкүндүгүн жана Эркайым Көлбаева, Канышай Көлбаева дегендердин ат-жөнү көрсөтүлгөнүн, демек булар “Каприз” мейманканасындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Дубайга чогуу учканын ачыкка чыгарды.

Журналист Дилбар Алимова ошону менен бирге Келдибеков да жакында катып жаткан компроматын алып чыгышы мүмкүн деп айта башташканын, айрымдардын баамында, Келдибековдун колунда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 7-апрелден кийин банк ячейкаларындагы акчаны бөлүштүрүп аткандагы видеосу бар деп атышканын кабарлады.

“Де-факто” гезитинин дагы бир кабарчысы Мирлан Дүйшөнбаевдин “Кырылыш” аттуу макаласы да кызмат талаш маселесине арналды.

Ушу тапта КСДП спикерликке Асылбек Жээнбековду таптап атса,”Ар-Намыс” фракциясы Абдрахман Маматалиевдин талапкерлигин, “Республика” фракциясы Бакыт Төрөбаевдин ысымдарын атай баштаганын, бирок Келдибековду 80 добуш менен кетирүү кыйынга турарын, анткени ушу тапта “Республика” фракциясы Келдибековду колдоп турганын, анткени аталган фракциянын Атамбаевге таарынычы барын, Атамбаев президенттикке аттанып атканда, жигиттик макулдашууга ылайык, Атамбаев президент болуп калса, Бабановду талапкерлигин өкмөт башчылыгына сунуштамак болгонун, эми болсо өкмөт башчылыгына бир канча адам коюлуп, парламенттеги жумшак рейтинг аркылуу аныкталмай болгону “республикачылардын” айласын кетирип жатканын, себеби жумшак рейтингде Бабанов добуштарды башкаларга алдырып жибериши толук мүмкүн экендигин айтып атышканын баяндады.

Ошентип “Республика” фракциясы премьерликти да, спикерликти да өздөрүнө алсак Бабанов премьер, Бакыт Төрөбаев спикер болсо дегендей ою бар экенин, бирок буга азырынча Атамбаевден жооп боло электигин, ал эми “Ата-Журт” фракциясы Келдибеков маселесине келгенде экиге бөлүнүп калганын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG