Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Гезиттерде: төрага тартыш


Гезиттердин башкы темасы Ахматбек Келдибековдун спикерликтен кетишине жана коалициянын мындан аркы тагдырына арналды.

“Де-факто” гезити СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго кайрылып:

"Акматбек Келдибековдун кызматынан кеткенине не дейсиз?" - деп суроо берди эле, ал:

- Фракциянын максаты өлкөнү тазалоого колдон келишинче жардам берүү, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат. Ахматбек Келдибековдун кетишин талап кылуу да ушул максатта жасалды. Кеткени туура болду, - деп жооп берүү менен спикерлик тууралуу суроого эгер “Ата-Журт” фракциясы коалицияга кирип калса, балким, Марат Султанов спикер болуп калышы мүмкүндүгү бар экенин айтты.

Гезит кабарчысы Дилбар Алимованын Келдибековдун кетишине байланышкан макаласында депутаттык комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев бүгүн Камчы Көлбаев өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобуна эле эмес, парламентке да таасирин тийгизип жаткандыгын айтуу менен Келдибековду жактаган депутаттарга кайрылып “Мен төраганы колдоп атканыңарды түшүнөм, бирок криминалдарды колдоп атканыңарды түшүнбөй турам” деп айтканын, демек парламенттеги күрөш Келдибековго каршы эмес, криминалдарга каршы күрөш болуп жатканын, ушу күндө Жогорку Кеңеште иштеп аткан кызматкерлеринин дагы экөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деген маалымат түшкөнүн, ал да текшерилерин кабарлап келип, Келдибековдун кетиши менен депутаттар парламентти таркатып жиберүү коркунучун кыйгап өткөнүн, экинчиден президенттин парламент үстүнөн көзөмөл жасоо аракеттерин ийгиликтүү аяктаганын, эмдиги кадам ойдогудай коалиция түзүү менен, кыялдагы өкмөттү түзүүүгө жетишип алса, өлкө жаңы жылга жарык маанай менен кирип барарын баяндады.

“Де-фактого” маек курган “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков парламент таркабастыгын, бүгүнкү 5 партиядан турган парламент өтө туруктуу экендигин, парламент эми мурдагыдан он эс күчтүү иштээрин, анткени парламенттик башкаруунун жолу ушундайлыгын, бүгүн ким күнөө кылса, эртең өз ыктыяры менен кеткенге даяр болушу керектигин, анткени жөн эле кете бербей Келдибеков саясый карьерасына көлөкө түшүрүп кеткенин, ал эми “Текебаевге өлүм” деп Акүй алдына плакат жазып алып чыккандарды ким уюштурса да акыл-эси тайкы бирөө уюштурганын, адамга өлүм жарыялоого эч кимдин акысы жоктугун, бүгүн ошондой плакат көтөрүп тургандын баарын жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи.

“Фабула” гезити жаңы санын “Келдибековдун кел-кели жана кет-кети” деген баштема менен ачып: “Келдибековдун жансакчысы камакта”, “Текебаев ким, Келдибеков ким?”, “Абдиев депутатпы же адвокатпы?”, “Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн ээрге олтургузган ким?” деген темадагы кабарларды жарыялады.

“Эсеп палатасынын аудитору Гүлмира Жумагулова Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгү мыйзамсыз ачылгандыгын айтып чыкты” деп жазып, “Москвага атайын өкүлчүлүктү ачуу жөнүндөгү Жогорку Кеңештин токтому парламенттин регламентине карама-каршы келерин, ошого карабастан бул өкүлчүлүк 2011-жылы ачылып, Финансы министрлиги тарабынан 13 млн.600 миң сом каралганын, анын 5 миллиону колдонулуп кеткенин, анысы аз келгенсип Маскөөдөгү бул өкүлчүлүктүн өкүлдүгүнө Камчы Көлбаев менен аралаш жүргөн Нурматов деген, же кылмыш дүйнөсүндө Куба деген аты бар адам дайындалганын, ага буга чейин бир нече кылмыш иши козголгонун, булардын кызмат орду спикер аркылуу чечилип келгендиктен, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун Көлбаевге натыйжалуу жардам берип келгенин ушундан эле даана көрсө болорун белгиледи.

Болуп өткөн окуяларга байланыштуу парламенттин ишин талдоого алган журналист Баратбай Аракеевдин макаласы жарык көрдү.

“Алиби” гезити да бул чуулуу окуянын жүрүшүнө түшүндүрмө берүү менен принципиалдуу маселелерди чечүүгө келгенде айрым депутататтардын кубулуп кетмей сапаттарын сынга алган журналист Тынчтык Алтымышевдин “Былжырбайлар” атуу макаласын окурмандарга тартуулады.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин макаласы “Бөрү баласы ит болбойт” деп аталат.

Темирбек Алымбеков кылымдан бери кыргыздын канаты болуп келген жылкы маселесинин тегерегинде ой калчаган макаласын “Минип жүрүп атын жоготкон кыргызым ай!” деп аталды.

Нуржигит Болотбек уулунун макаласы “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыкты” деген ат менен жарык көрүп, автор анысында “Бүгүнкү парламенттеги 120 депутатка 1200 кеңешчи, жардамчы дегендер азбы же көпбү?” деген суроо коюу менен, Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган болбой эле тааныштарын ишке орноштуруу борбору болуп калганын, эгер кеңешчилердин ар бири орто эсеп менен 25 миң 300 сомдон маяна алса, анда 1200 кеңешчи менен жардамчыларга эле айына 30 млн. 360 миң сом кетерин, эми адалсынган депутаттар мындан ары ниетин оңдоп, элге кызмат кылышы керектигин, ушу тапта Жогорку Кеңешти “Кетсин!” деген оппозиция жоктугун, бирок бул маселени күн тартибинен азырынча эч ким алып сала электигин дагы бир ирет эске салды.

“Биз билген-билбеген Бабанов” аттуу Жакшылык Байчериковдун макаласында өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болот. Башкаларга караганда Бабановдун жаштыгы, бирок жаштыгына карабай бизнестеги ийгилиги, андан кийинки аткаруу бийлигинде иштеп такшалгандыгы, саясатка бышып, кагылып, согулуп келгени, премьерлик милдетти татыктуулук менен аткарып жаткандыгы кубаттоого алынган.

“Замандаш-Современник” партиясынын теңтөрагасы Таалайбек Сагынов бүгүн Кыргызстанга профессионалдуу өкмөт керектигин, буга чейин канча өкмөт алмашкан менен өз программасы менен келген бир дагы өкмөттү билбестигин, ошондуктан бул жолку премьерлик үчүн күрөш кресло үчүн эмес, программалар үчүн күрөш болушу керектигин, президент кландык, жердешчилик, фракциялык милдеттенмелерге байланбаган, өкмөттө иштөөгө даярдыгы бар, таза адамдардын келишине шарт түзүүсү зарылдыгын белгиледи.

“Замандаш” партяисынын башчыларынын бири ошону менен бирге кландуулук, тууганчылык, аймактык жердешчилдик дегендин баары акыры келип бийликтин бардык деңгээлиндеги интригаларга, ички деградацияга, жыйынтыгында кризиске алып келерин буга чейинки жашообуз жакшылап көрсөткөнүн, ошондуктан 4-Президенттин алдында чыныгы элдик өкмөттү – профессионалдардын өкмөтүн түзүү мүмкүнчүлүгү дагы бир жолу келип тургандыгын, улуу адамдардын бири “Эгер биз мектептерди курбасак, анда түрмөлөрдү курууга туура келет” деген сөзүн эстөөгө чакырып, элге кызмат кылуу деген мансап эмес, милдет болуш керектигин баса белгиледи.
XS
SM
MD
LG