Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Басма сөз: Саясый айлампа


Гезиттер жаңы өкмөткө байланыштуу маселелерге басым жасоо менен өлкөнүн ички турмушу тууралуу да жазып чыгышты.

“Де-факто” гезити жаңы санын эксперт Бакыт Бакетаевдин маеги менен ачып, айрым суроолорго жооп алды. Өкмөт башчысы болом деген Өмүрбек Бабановдун, Равшан Жээнбековдун, Нариман Түлеевдин программалары тең “үч” деген баага татыганын, карапайым элди кагаздагы “жыргал сөз” эмес, азык-түлүк менен күйүүчү майдын арзан болушу, жарыктын дайым күйүп турушу көбүрөөк түйшөлтөрүн, эми эл деген жаңы бийликтен жаңы өзгөрүүлөрдү күтүү менен үмүт байлап бир-эки жыл ага ишенич артарын, эгер системалуу жылыш болбосо, нааразылык кайра башталарын, анан мындай нааразылыкты оппозиция пайдаланып, реформа жасайм дегендерди жарга такап, кайрадан бийлик алмашуу, кайрадан башаламандык башталышы мүмкүндүгүн айтты.

Бакетаевдин байкоосу боюнча айлык өйдөлөп, жарыктын наркы мурдагы бойдон кармалганы болбосо жылыш жоктугун, коррупция боюнча артка кеткенибизди, маселен Бакиевдин учурунда 162-орунда болсок, быйыл коррупция дагы 2,1 баллга өсүп, 164-орунга чыкканыбызды, айтор алып-сатарлык менен алектенүү мамлекетти узакка алып барбастыгын, ички дүң продукция өсмөйүнчө өлкөнүн экономикасы өспөй тургандыгын кошумчалады.

Бакиевдин кетерин, анын ордуна Роза Отунбаева келерин, ал кеткенден кийин Атамбаев болорун так айткан Бакыт Бакетаевдан андан ары Атамбаевдин кийинки тагдыры кандай болору тууралуу Акматбек Келдибеков отставкага кеткендигин, анын кандай жол менен кеткендиги жердешчилик менен ооруган адамдарды кызыктырбастыгын, анын ызасы өзү менен кошо кеткенин, Ташиев менен Мадумаровдун шайлоочулардын 30 пайызын түзгөн электораты турганын, бул эбегейсиз чоң күч, бекем колдоо экенин, эгер Атамбаев өзүнө союздаш болуп коалицияга кирген партиялар менен бирдикте экономикалык реформа жасай албаса, бажыканадагы, энергетика менен кен-байлыктагы, салык тармагындагы коррупцияны токтотпосо, ал жердеги көмүскө айланган акчаларды ачыккка алып чыгып, иш орундарын түзбөсө абалы кыйын болорун, бюджетти жалаң эле салыкты текшерүүнү күчөтүп же салык өлчөмүн жогорулатуу менен көтөрүүгө болбостугун кеп салды.

- Бабанов ар кандай саясий оюндардын курмандыгы болуп калышы мүмкүнбү?-деген суроого эксперт, андай болуп калышы да ыктымалдыгын, анткени акыркы саясий оюндар ушуга баратканын кошумчалады.

“Де-факто” гезити мындан тышкары бүгүн кыргыз кызын сабаган түрк жаранынын соту болорун кабарлады. Гезитте ошону менен бирге эле “Оштун эли былтыркы окуяны эч качан унутпайт” деген ат менен Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун маегин жана “Ушул өзгөрүүлөргө биз эбегейсиз жоготуулар менен келдик” деген ат менен Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын “Аки-пресс” агенттигинен которулуп жарыяланган маегин жарыя кылды.

Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген Кыргызстан эле эмес Борбор Азиядагы биринчи президент болгон Роза Отунбаева президенттик кызматка келген өтө оор мезгилин окурмандардын көз алдына тартып өттү. 7-апрелдеги окуя башталардан бир күн мурда ал үйүнө барбай тууганынын квартирасына кеткенин, телефон аркылуу кайсы үйдө турганын билип алышканын, бирок ал түнөгөн квартираны таппай калышканын жана андан кийинки окуяларды баяндап өттү.

“Алиби” гезитиндеги макаласында журналист Темирбек Алымбеков боордош Казакстандагы акыркы окуялар тууралуу сөз кылуу менен: “Башка өлкөнүнүн ички иштерине кийлигишүүгө акыбыз жок, бирок бийликтин адилетсиздиги эмнеге алып келерин Кыргызстан жакшы билет, үй-бүлөлүк, авторитардык башкаруу эч качан жакшылыкка алып келбестигин дүйнөлүк практика күн сайын көзгө сайып далилдеп жатат. Дүйнөнү албаганда деле Назарбаев эң жакшы билген, сыйын көрүп калган кыргыздын эки президенти Акаев менен Бакиевдин өз элинен кубаланып чыгуусунун түбү да дал ушул көргө ала кетпес көр дүйнөдө болгон. Демек эс-акыл барда этекти жабуу керек, жер шарында казак элинен бөлөк жакыныбыз жок, ошондуктан казак калкын башкаргандарга акыл-эсти, казак калкына тынчтыкты каалап турабыз” деп жазды.

Тынчтыкбек Алтымышевдин баяны өкмөттүн кадр маселесине арналып, патефондун табагындай болуп баягылар эле айлана бербей, министрликтерге таза, билимдүү жаштарды көбүрөөк тартуу керектигин белгиледи. Гезит ошону менен бирге эле элге таанымал саясатчылардын кимиси кайсыл кызматка барарын божомолго алган тизмесин жарыялады.

“Фабула” гезитинин кабарчысы Баратбай Аракеев Мурат Суталиновго арнаган макаласында Суталинов кандуу окуянын “энциклопедиясы” экендигин, андыктан аны эч жакка чыгарбай “көлөкө” жерге багып туруу зарылдыгын, анткени Суталинов митингчилерди кимдин буйругу менен аттырганын, буйрукту ошол кездеги Жогорку Башкы командачы Курманбек Бакиев бергенби же Жанышы бергенби, жакшы билерин белгилеп: “Анын өзү келип бергенинин эң башкы себеби, өмүрү коркунучта экендигин сезди болуш керек. Анткени ал Бакиевдердин баскан-турганын баштап, жеп-ичкендеринин баарын билет, анан бүгүн болбосо эртең айтып койорун билип турган Жаныш Бакиев баары бир жөн жатмак эмес, акчанын күчүнө салып Суталиновдун көзүн тазалатып коймок. Анын күтүүсүз келишинин бир себеби да ушул болду окшойт” деп жазды.

“Эми аянуу да, айоо да жок” деген рубрика алдындагы гезит баяндамачысы Үсөн Касыбековдун баяндамасында акыры парламенттин конфигурациясы аныкталгандыгын, парламентте саясый атаандаштык болбосо өсүп-өнүгүү да болбостугун, ушундан алып караганда оппозициялык милдетти “Ата Журт” фракциясынын аркалашын оң көрүнүш катары баалоого болорун, анткени бул жагдай мындан ары фракциялык парламентаризмдин өнүгүшүнө шарт түзөрүн, бирок эң опурталдуусу “Ата Журт” фракциясынын конструктивдүү оппозицияга айланууга жөндөмсүз экендигин фракциянын лидери Камчыбек Ташиевдин айтуусу ачыккка чыгарганын, анткени ал оппозициялык ишмердигин президент, “Ата Мекен” фракциясынын лидери жана жогорку кызматтагы чиновниктерге байланыштуу компроматтарды коомчулукка шардана кылуудан көрөрүн билдиргени анын жаратмандык аракеттерден баш тартып жатканына күбө болуп берерин белгиледи.

Баяндамачы андан ары бири-бирине жугунду куюу же бирин-бири каралоо менен өлкөнү алдыга сүйрөөгө мүмкүн эместигин, бири-бирине көө жабуу, каралоо, жаманатты кылууга азгырылуу компроматтардын гана согушуна алып келерин, мындай ызы-чуу акыры келип өлкөнүн туруктуулугун бузарын, анын үстүнө “Ата Журт” консервативдүү саясый күч болгондуктан ага башынан эле реформатордук жигер чоочундугун, анын буга чейинки баскан жолуна көз жүгүртүп көрсөк деле, көбүнесе “кара пиар”, кысым жасоо менен өз максатына жетүү аракети арбындыгын, буга депутат Садыр Жапаровдун партиялык-кландык кызыкчылыкка баш ийдирилген, кийин ыдырап түшкөн сотторду тандап алуу схемасы эң жакшы мисал болорун, кыскасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүлөрүнө караганда “Ата Журт” оппозициялык ишмердигин конструктивдүү эмес деструктивдүү багытта улантары, бул жолдон баш тартпай тургандыгы айкын болуп калганын билдирди.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков макаласын аяктап баратып, “Ата Журт” түпкү максаты - парламентти таратып тынуу экендигин ачык эле айта баштаганын, радикалдык кадамдардан баш тартапастыгын байкатканын, асыресе, парламент таратылып, жаңы шайлоо болгон күндө деле “Ата Журттун” мөрөйү үстөм боло койбостугун, анын үстүнө “Ата Журттун” анабашчыларынын бири Акматбек Келдибеков спикерликтен кеткенде уюштурулган митингчилерден улам партиянын эл ичинде кеңири колдоого ээ эместигин, туруктуу электоратынан кол жууп калгандыгын көрсөткөнүн, мыдан улам өткөн турмуш “Ата Журтка” дагы эле сабак болбогону өкүндүрөрүн баяндады.
XS
SM
MD
LG