Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:10

Жакшы тилек


Бүгүн “Кереге” гезитинин узап бараткан жылдагы акыркы саны жарык көрдү.

Бүгүн жарыкка чыккан "Кереге" гезитине Ысык-Көлдүн тургуну Эсен Токтогулов аттуу окурмандын ички иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаевге берген суроолоруна жообу басылды.

Генерал Турганбаев Мамлекеттик авто инспекция тармагына түздөн түз көзөмөлдүк кылбаса дагы окурмандын суроосуна жооп берип, МАИ тармагы реформалоого сөзсүз муктаж экендигин, бирок аны алабармандык жол менен эмес, акылгөй чечимдердин негизинде жүргүзүү керектигин, МАИ кызматын арам жол менен байуунун жолу деген түшүнүк алмаштырып алып, ага ушул үчүн орношкусу келгендер тазаланарын, тазаланып да жатканын, жол көзөмөлдөө тармагына жакын арада акыркы технологиялык табылгалар киргизилерин, көзөмөл, жоопкерчилик катуу күчөтүлөрүн, азыр баары эле МАИ кызматкери болгусу келип жатса, ошондо МАИге баргандан качып калчу жагдай түзүлөрүн, же МАИге таза эмес адам орношо албай каларын, азыр ушунун үстүндө иш жүрүп жатканын кеп кылды.

Генерал Мелис Турганбаев андан кийин Медет Садыркуловдун ишине байланыштуу экинчи суроого жооп берип, ошол Бакиевдик системада мамлекеттик эң чоң кызматтагы адамдардын көзүн тазалоо абадан жогорку деңгээлде даярдалганын, учурдагы тергелип жаткан кылмыш иши абдан көлөмдүүлүгүн, тергөөнүн жүрүшүндө улам жаңы жагдайлар ачылып жатканын, аталган кылмышка тиешеси бар шектүү жарандар К. Досонов, С. Борбуев жана Ч. Жумагуловдор Тажикстандан кармалып, Бишкекке алынып келгенин, жакында мурдагы министр Молдомуса Конгантиев тергөөгө алгачкы көрсөтмөсүн бергенин, тергөөнүн жүрүшүндө Медет Садыркулов өлтүрүлөр түнү Молдомуса Конгантиев адегенде Садыркуловдор чек арадан өткөндө Бакиевдин уулу Максим менен жана таңкы саат 5тер чамасында иниси Жаныш Бакиев менен телефондон сүйлөшкөнү жана башка жагдайлар аныкталганын, эң негзиги багыттар боюнча иш жыйынтыкталгандыгын айтып берди.

Мелис Турганбаев сөзүн улантып, ушу кезде бул ишти “кадимки эле жол кырсыгы” кылып, башка нукка бурууга түздөн түз көмөктөшкөндөр, ошол кезде күч органдарын жетектегендер, милициянын жана прокуратуранын тергөө кызматындагы “Бакиевдер менен Конгантиевге ак кызмат өтөгөн” офицерлер, соттор, эксперттер суракка алынып жатканын, анткени алардын баарына юридикалык баа берилиши керектигин, Садыркулов боюнча ондогон шектүү адамдар камакка алынганын, жетөөнө издөө салынганын, бир тобу үй камагында олтурганын, суракка тиешеси барлардын бардыгы сураларын, тергөө уланып жатканын, окурмандар кызыгып жаткан Адахан Мадумаровду суракка ала турган да кезек келерин, бул иш кудай буюрса, сөзүз аягына чыгарын кеп кылды.

“Кереге” гезити “2011-жыл кандай болду?” деген суроо менен айрым жарандардын жообун жарыялады.

Экономист Жумакадыр Акенеев: Эң башкысы тынчтык жолу менен президент шайланды. Экономикада мурдагыга салыштырганда жакшы жылыштар болду. Эми жаңы өкмөт жакшы иштеп берсе болду.

Экономист Айылчы Сарыбаев: Кыргызстанда ойго келбеген, Орто Азия тарыхында мурда болуп көрбөгөн партиялык, парламенттик башкаруу орноду. Отунбаева президенттик кызматка ичи күйбөй, амбициясына алдырбай бийлигин мыйзамдуу түрдө өткөрүп берди. Көптөгөн талаш-тартыштарды эске албаганда өлкөдө негизинен туруктуулук орноду. Бул да чоң жетишкендик. Ал эми кемчиликтер - партиялар элдин кызыкчылыгын ойлоп куралбастан өз кызыкчылыгын ойлоп куралып жатат. 20-30 адам биригип партия түзө калып, алардын акчасына сатылган көпчүлүктүн аркасы менен бийликке келгендери өкүнтөт. Баарынан да коррупция, анын аягы менен баягы эле өлкөнү аздырып-тоздуруп, ушул абалга алып келген адамдардын жаңы өкмөт курамы менен бийликке келгени жан кейитет.

“Жаштар кеңеши” коомдук уюмунун төрагасы Мавлян Аскаров: Парламент туура эмес, жыйынтыксыз иш алып барды. Бир жыл ичинде элдин оозуна алынарлык иш жасай алган жок. Апрель, июнь окуяларынын соту дале жыйынтыктала элек. Күнөөлүүлөр жазага тартылбады. Эң негизгиси сот реформасы токтоп калды. Сот бийлигин тазалабай туруп, өлкөгө акыйкаттык орнотуу кыйын.

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиева: Борбор Азиянын тарыхына биринчи болуп президенттердин мыйзам чегинде, тынч жол менен алмашуусуна из салынды. Мамлекетти башкаруу ишине коомчулуктун басымы бар экени даана билинип, айрым учурларда “байкабай калган” парламент төрагасын теске салды. Кемчилиги - элдин пейилинин төмөндөшү. Байлык, бийлик деген баарынан улук деген көз карашты дагы эле ээрчип жатканы. Биз жаңырган жылы так ушундай жаман илдеттерден арылып, тазаланышыбыз керек. Ар бир адам өз абийринен коркушу керек. Анткени адам өз абийринен эч кайда качып кутула албайт.

“Айкын саясат” гезити жаңы өкмөт курамы да эл каалагандай нукта түзүлбөгөнүн, ошондуктан коомчулуктун арасында кызуу талкууга түшүп жатканын, анткен менен эл мурдагыдай болбойт деген үмүт менен күтүп турганын, эгер чындап эле жаңы өкмөт элдин үмүтүн актай албаса анда элдик толкундоолор жарым жылга жетпей кайрадан башталарын, муну Президент да, ал ишенген жаңы өкмөт курамы жакшы түшүнөрүн дагы бир жолу Акүйгө кулак кагыш кылды.

Гезит ошону менен бирге аттуу-баштуу адамдарыбыздын жаңы жыл алдындагы ойлоруна орун берди.

Коомдук ишмер Бейшебек Акунов: Бардык эл жаңы түзүлгөн бийликке үмүт артып турат.

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев: Менин жеке көз карашым боюнча, келаткан жыл катаал болгону турат. Бирок биз ошондой болот турбайбы дебей алдын ала кам көрөлү. Кыргыз эли кайраттуу, ынтымактуу, айкөл, маданияттуу эл экенин даңазалай турган кез келди. Баарыбыз пейлибизди оңдойлу. Акүйдүн айланасы ар кандай митингдерден алыс болсун. Жер жүзүндө табият кырсыгы болбосун.

Белгилүү саясый серепчи Орозбек Молдалиев: Элибизге келаткан жылы Кудай ыйман берсин. Жерибиз берекелүү. Элибиз да жакшы. Бир гана ыйман жагынан аксап жатабыз. Мамлекеттин кайсыл органы болбосун, акыйкаттык болбой атат. Сотторубуз каратып туруп эле кара башыл адамдын тагдырына балта чаап коюуда. Акскалдарыбыз “дүжүр чал” деген керексиз “наамынан” ажырай албай жатат. Ар бирибиз пейлибизди тазартып, ыймандуу болсок, өлкө да ошондой болот.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: Биз дале башыбыздан өткөргөн 20 жыл ичинде болуп өткөн оош-кыйыштарды кайрадан электен өткөрүп, жакшылап баам сала элекпиз. Улам бир саясый шоуларга алаксый берип, өлкөнү унутуп койдук. Биз 20 жыл ичинде кетирген катабызды аныктап, андан сабак алалы. Алакандай элбиз. Өнүгөлү. Дүйнөдөгү мен деген мамлекеттер менен тең тайлашалы. Акыркы убактарда маданияттуулугубуз, адеп-каадабыз төмөн түшүп барат. Саясатчылар элдин купулуна толбой барат. Эл багаар азаматтар мындан ары терең ойлонуп, күнүмдүк жыргал эмес, мамлекеттин кең келечеги үчүн кызмат кылсын. Мыйзамдуулук күчөсүн. Өлкөбүздө мурда болуп көрбөгөндөй тартип орносун. Кыргыз элинин келечеги кең, өнүккөн мамлекет болсун! - деп тилек кылышты.
XS
SM
MD
LG