Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Басма сөз: Коррупцияны жалпылап жайлайлы!


Жарык көргөн гезиттер “Мегакомдун” айланасындагы окуяларга карата түрдүү көз караштагы ой-пикрилерди жарыялады.

“Айат” гезити журналисттер Жылдыз Мусабекованын карапайым калктын арман-муңу, көр оокатка байланыштуу азаптуу турмушу, Балбак Түлөбаевдин азыркы бийликтин коррупция жана кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүгө саясий эрки жетери, андыктан аны туш тараптан колдоо керектиги тууралуу макалаларын, тоо-кен өнөр жайы боюнча белгилүү адистер Орозбек Дүйшеев менен легендарлуу парламенттин депутаты болгон профессор Шергазы Мамбетовдун, “Кыргызалтындын” деректирлер кеңешинин мүчөсү Сагынбек Абдрахмановдун, тоо-кен инженери Дүйшөнбек Камчыбековдун тегерек үстөлдөгү маегин басты.

Аталган гезит ушул санынан баштап “Атамбаевге ачык кат” аттуу рубрика ачканын, бул рубрика алдында ар бир жаран өзү иштеген министрлик, мекеме, мектеп же айыл өкмөтү болобу, туура эмес иштерди жасап аткан жетекчилер болсо, пара сураса же мыйзамсыз иштен бошотуп жиберсе баарын кат аркылуу “Айат” гезитине жазып турса болорун кабарлап, алгачкы катты жарыялады. Президентке кат жазгандардын бири окумуштуу Кусейин Исаев Атамбаевге 5 беренеден турган сунуш менен кайрылды.

Ушул эле гезит жыл аягында “Баталарга байге” берерин жар салып, атбашылык аксакал, 79 жаштагы Абдыразак Шермамбетовдун батасын басты. Анда мындай деген тилектер бар:

“Ниеттин битирөөсүнөн, жердин титирөөсүнөн, ташкындаган суудан, атайылап берген уудан, амалкөй куудан, зыяны тийчү буюмдан, алып учкан куюндан сакта!

Күндүн тутулуусунан, мыйзамдын бузулуусунан, бийликтин кутуруусунан, элиңдин шоктугунан, пейилдин жоктугунан сакта!”


“Де-факто” гезити интернет-сайттарда “Атамбаев менен Бабановдун тиреши башталды! “Мегакомго” жасалган чабуулдун учу Бабановго барып такалат” деп жазып жатышканын шилтеме кылуу менен бул боюнча айрым саясый серепчилердин пикирин сурады.

Марс Сариев: Менин оюмча президент менен премьердин ортосунда эч кандай тиреш жок. Мурзалиевдин камалышын Атамбаев билген да эмес. Бул маселе Коопсуздук кеңешинин жыйынында ачыкка чыкты. Бул коррупция менен күрөштүн башталганы. Бир караганда “Мегаком” боюнча суралып жаткандар Бабановго жакын кадрлар болгондуктан Бабановго карата жасалган чабуулдай көрүнүшү мүмкүн. Бирок коррупция менен күрөштө “бул сенин кадрың, бул меники” деген болбош керек. Эгер күнөөсү бар болсо ким экенине карабай жоопко тартылууга тийиш. Эгер өзүмдүн кадрым деп Мурзалиевге жан тартса, Бабанов аны калкалап калууга деле күчү жетмек, бирок премьер анткен жок, демек коррупцияга аралашкан кишилер өз жазаларын алышы зарыл,-деп айтты.

Бул суроого Токтогул Какчекеев: Президент менен премьердин ортосунда жарака башталды дегенди “жыгылган күрөшкө тойбойт” болгондордун, шайлоодон өтпөй калгандар менен кызмат албай калгандардын чыгарган сөзү. Саясатчылар аткезчилик, бензин, свет, көмүр маселеси боюнча Бабановду айыпташкан эле, анын баары жокко чыгып, айыптуулар табылып жатат. Эми “Мегаком” боюнча сөз жылжытып, аны чоң чатакка айлантканы турушат. Бүгүн бийликке сугун арткандар көбөйүп, түндүк-түштүк маселеси алоолонуп барат. Кеп Атамбаев менен Бабановдо эмес, кеп түндүк-түштүк маселесинде. Миң жерден актансак да, ал тымызын жашап келет. “Бийлик башына эки түндүктүк отуруп алды” деген эле сөз. Бабанов кызматтан кетсе куурабайт, анткени ал билимдүү. Билимдүү адам эч жерде кор болбойт,-деп айтты.

“Учур” гезитине Азимбек Бекназаровдун “Парламент менен кошо президент да куулуп кетет” деген, “Текебаев “Азия ньюс” гезитин сотко берди” деген, “Баш прокурор Салянова түрмөгө түшөбү?” деген, депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “Текебаев акча менен кошоматты гана баалайт” деген, депутат Камчыбек Ташиевдин “Бабанов отставкага кетпесе жакында эл кетирет” деген макалалар, маектер жарык көрдү.

Азимбек Бекназаров президент Атамбаевге кирип, эгер парламент Конституциялык реформаларды алдыга жылдырбаса, анда аны таратуу керектигин, кокус цивилизациялуу жол менен тарагысы келбесе, анда эл көтөрүлүп, Конституциялык эмес жол менен таратарын эскерткенин, мындай жолдордун бири – митинг, экинчиси - революциялык жол экенин, ушуга жол бербе деп айтканын, 100гө жакын адам шейит кетти, арбак кечирбейт, Конституциялык реформаны улант деп кеңеш бергенин айтып чыкты.

Ал эми Салянова тууралуу кайрылууда ал айрым мурда туура эмес иштери менен таанылган прокурорлорду кызматка дайындап жаткандыгы сынга алынган. Депутат Өмүрбек Абдрахманов өз маегинде партиялашы Текебаевдин кош стандарттуу кылык-жоруктарын ачыкка чыгарды. Текебаев көп нерсе жасаганын, Конституцияны жазганын моюнга алуу менен бирок анын баарын өзүнүн жеке маселесин чечүү үчүн жасарын айтып сынга алды. Грузия президенти Саакашвилинин чакыруусу боюнча 15 депутат Тбилисиге кетип жатканын, либералдуу көз караштагы депутаттардын баары ушул жакка сапарга аттанганын кошумчалады.

Депутат Камчыбек Ташиев ушул тапта “Ата Журт” партиясы менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын биригүү процесси жүрүп жатканын, жакын арада айланасына бардык оппозициялык күчтөрдү чогултарын, ушул күнгө чейин 90 баланын өлүмү үчүн бир адам түрмөгө отурбаганын, Бабановдун биринчи күнөөсү - радиоактивдүү көмүрдү тендери жок сатып алууга буйрук бергендиги экендигин, дагы башка нерселерин кеп салды.

“Айгай” гезити 2010-жылы ал кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин “Ата Бейиттеги” “Шейит кеткен баатырлардын максат-тилектерин аткара албасак, бизди Бакиевдердикинен да жаман тагдыр күтөт” деп айткан сөзүн “кайран сөздөр ай...” деген рубриканын алдында окурмандардын эсине кайрадан салды.

Журналист Жолдошбек Токоевдин “Ордодо эки топтун кармашы башталды же кабылан качырып кирдиби?” деген аталыштагы макаласы басылып чыкты.

Президент менен премьер-министрдин кадамдарын таразага салып келип, аягында: “Алмазбек Шаршенович! Бийлик бутактарында өз кызыкчылыгы үчүн элдин келечеги, мамлекеттин тагдырына түкүрүп ойнобогон адамдар сойлоп жүргөнүн жакшы билесиз. Булар менен ууга чыгыш мүмкүн эмес. Маселен энерготармактагы жоголбой келаткан “ширшовдук” схемалар, казино, “Мегаком” боюнча иштердин өзү эле эмнеге турат. Жаңы жыл алдында сиз “президент, министр, депутат, сот, прокурор, аким же башкасы болобу ууру кылса түрмөдө отурушу керек” деп айттыңыз эле. Эгер ошол сөзүңүз чын дилден айтылган болсо, анда коррупцияга каршы шилтенген кылычты токтотпой шилтей бериңиз. Ошондо сиздин тегерегиңизге эл аскар-тоо, бекем чеп болуп туруп берет. Эгер анте албай тайсалдасаңыз, эртедир-кечтир эл кылычты өзү шилтейт. Деги эле жашоонун, анын ичинен кыргыздын табияты ушундай!” деп жазды.

“Айгай” гезити ушул эле санына президент Алмазбек Атамбаевдин Коргоо кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүн “Уурулардын орду түрмөдө” деген ат менен жарыялады.
XS
SM
MD
LG