Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Бандитсиз коом


Гезиттер казино, коррупция, укук коргоо маселелерин талкууга алган материалдарды жарыялашты.

“Алиби” гезити Казакстандан алынып келген Кулан көмүрүнүн чуусу тууралуу макала менен жаңы санын ачып, эми ошол ууланган көмүрүн Казакстан кайра алабы, албайбы кеп ошондо турганын, албай койсо кайда алпарып көмүш керек деген маселе чыгарын, ансыз деле Кыргызстан Ак-Түз, Майлы-Суу, Миң-Куш өңдүү аймактарда ар дайым элинин үшүн алып келаткан уулуу заттар көмүлгөн “көрүстөндөргө” жанаша жашарын эске салды.

Гезит ошондой эле казинолор кадимкисиндей эле иштеп жатканын, казино ээлери айрым өкмөт мүчөлөрүнө казино боюнча мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн 5 млн. доллардан сунуш кылган деген маалымат барын депутат Алтынбек Сулайманов айтып чыкты деп,

дагы бир депутат Өмүрбек Абдырахманов "Мегаком" боюнча чатактын артындагы ызы-чуу акчанын айынан чыгып жатканын, депутаттык комиссия анын 100 процент акциясын мамлекетке алуу боюнча чечим чыгарса да 51 процент акциясы эмдигиче Максим Бакиевдин колунда жүргөнүн, ошону менен бирге эле мамлекеттин колунда турган 49 процент акцияны да сатууга болбостугун, антсе эле Максим Бакиев ал акцияны да сатып алып, кайрадан Кыргызстандын элинин мойнуна мине тургандыгын айтты деп маалымдады.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Урматтуу Жоомарт Оторбаев мырза, казино Ысык-Көлгө барса, жумуртка менен жайланат!” деген макаласын тартуулады. Автор казинолорду жабуунун деилгечиси болгон депутат Бактыбек Жетигенов “Кумарканалар боюнча парламентти сатып алабыз дегендер жаңылат, булардын арам ойлоруна жол бербейли” деп айтканын шилтеме кылды. Чын эле өкмөт жыландын башын чыгарып, казинолорду Көлгө ачабыз деп кеп чыгарып коюп, эми эл эмне дээр экен деп карап турганын, ушинтип бир бийлик бутагы жабалы десе, экинчиси ага каршы болуп турганы бийликтин жакшылыгы эместигин, ошол эле депутат Жетигенов “Кумар оюндарын токтотуу жөнүндө” мыйзамдын аткарылышына Каржы полициясына жол бербей, кайсы жерде Бабановдун кызыкчылыгы болсо, ошол жерге Каржы полициясын жолотпой жатат” деп айтты деп жазды.

“Өкмөт тараптын депутат Жетигенов айткан жагы чын эле ушундай болсо анда мындай өкмөттү бүгүн эмес, азыр таратыш керек, таратып гана тим болбостон териштирип туруп кылмыш ишин козгош керек, эмне үчүн Башкы прокуратура үргүлөп отурат? Эгер казинолорду Көлгө алып барчу болсоңор көлдүктөр казино-пазиносу менен көлгө салып жибериши мүмкүн” деп жазды журналист Баратбай Аракеев.

“Асман преss” гезити Бакиевдердин үйүн тоногондордун башында турган деп айтып жаткан депутат Райкан Төлөгөновдун маегин басты.

Ага карата айтылгандардын баары башынан аягына чейин жалган жалаа экендигин, Бакиевдердин үйүндөгү Кыргызстандын желегин өрттөдү дегендер Бакиевдин жугундукорлору, видеотасмадагыларды уюштургандар да, андагы коңшу-колоңдору бүт баары Бакиевдин тарапкерлери, бул жерде болгону эки күчтүн күрөшү жүрүп жатат, таза күчтөрдү жок кылуу менен, эски күчтөрдү кайрадан алып келүүгө аракеттер болууда деп айтты Райкан Төлөгөнов.

Кабарчы маектешине кайрылып, кайрадан баягы “Чөөнүн сааты” деген китеп таратылып жатканын, Камчыбек Ташиев “3-революция болсо да мурдагыдай болбойт” деп айтып атканын, булардын артында кандай күчтөр турарын сураганда, депутат мырза, бүгүн, тынч турган элди козутуп, жалган маалымат таратуу жолу менен элди тескери жакка айландыргысы келгендерди катуу жазага тартып, провокаторлорду отура турган жерине отургузуу керектигин, эл дагы баягыдай көрүнгөндү ээрчибей өз акылы менен жашашы керектигин, кыргызстандыктар мындан ары бандиттери жок өлкөдө, мурдагыдай паракорчулугу жок өлкөдө жашасын деп чакырык таштап жатканын кеп кылды.

“Жаңы агым” гезити парламенттин ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор арбый баштаганын, атүгүл коомчулукта парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу керек дегендер бар экенин эске салуу менен “буга сиз кандай ойдосуз?” деген суроо менен айрым жарандарга суроо салды.

“Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов:- Парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү кырдаалды курчутууга алып келиши мүмкүн,-деп,

КСДП фракциясынын депутат Мамат Орозбаев:- Парламентти таратуу процедурасы өтө татаал. Анын үстүнө өлкөбүздө туруктуулук орной баштады. Мындай кырдаалда биригип, ынтымакта гана иштешибиз керек,-деп,

Мурдагы депутат Бегалы Наргозуев:- Парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу демилгесин Азимбек Бекназаров президентке жолдогон катында көтөрдү. Ал Атамбаевге айтып атпайбы "парламентти таратыңыз, антпесе революция болот" деп, эмне Бекназаровго жумуш тийбей калса эле революция жасап ийиш керекпи? Парламентти таркатуунун башкы себеби катары сот реформасын шылтоолоп жатпайбы. Апрель төңкөрүшүнөн кийин Бекназаров өзү ошол системаны башкарып отурбады беле? Ошондо кайсы сотту кызматтан алып, кайсы сотту кызматка коюп жатканын эл өзү көрүп турду го. Албетте парламентке элдин дооматы көп, бирок бул дооматтар Бекназаровдун оозунан чыкканы күлкүнү келтирет,-деп жооп берди.

Андан ары ушул эле “Жаңы агым” гезитине маек курган укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова саясат таануучу Токтогул Какчекеев бейөкмөт уюмдар чет өлкөдөн алган гранттарына отчет бериш үчүн эле абактагыларды жактап жатышат дегенин четке кагып, “Какчекеев мырза адам укуктарынын баалуулугун анча түшүнө бербейт экен, эгер анын койгон айыптары объективдүү болсо сотко берсин, сот аркылуу чечишебиз” деп айтты.

Ал эми Токтогул Какчекеев, ушул кезге дейре колонияларда болуп өткөн ызы-чууларга мүнөздөмө берип, мындай бунттун 1-си депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу болсо, 2-си Ахматбек Келдибеков спикерликтен кеткенден кийин болгонун, Америкада кезинде мамлекеттүүлүктүн түбүнө жетиш үчүн ууру-кескилерди, өлкөсүн сүйбөгөн адамдарды бийликке тартуу аракети күчөгөнүн, анын башкы максаты өлкөнү жоготууга багытталганын, бизде акыркы 20 жыл ичинде дал ушул сценарий жасалып келатканын, демократиянын атына жамынган бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын келечегине балта чаап жатканын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүн, биринчилерден болуп “Мегакомдун” жетекчилеринин камакка алынышын кеп кылган гезит: “Эгер жаңы бийлик ишеним артып, “Мегакомдун” ишин илгерилетет деген кадрлардын кылганы ушул болсо, анда акаевчи, бакиевчи деген карт бөрүлөрдөн кайсы жакшылыкты күтсө болот?” деп суроо койду.

“Жаңы агым” басылмасы муну менен бирге эле эми бул камалгандардын күнөөсү канчалык экендигин сот аныктаарын, ошентсе да бийлик коррупциянын кокосун жулуп, Кыргызстанды чыныгы таза өлкөгө айланткысы келсе, баштаган ишинин аягына чыгуусу керектигин, буга толук мүмкүнчүлүк барын, маселен парламентте, өкмөттө отурган берендердин өткөнүн тереңирээк казса миллион эмес, миллиарддаган сомду таап чыкса болорун жазды.
XS
SM
MD
LG