Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Кыңырак


Гезиттер коррупция менен күрөшүү оңойго турбаган оор иш болорун талдоого алышты.

“Фабула” гезитинин бүгүн жарык көргөн санына журналист Үсөн Касыбековдун "Антикоррупциялык стратегия” деген макаласы окурмандарга тартууланды.

Коррупцияны жоюу боюнча президент Алмазбек Атамбаев жрыялаган мамлекеттик стратегияны айрым бир саясый шылуундар өз кызыкчылыктары үчүн эпчилдик менен пайдаланып кетүүнү көздөп жатышканын, жалганды чындай көрсөткөнгө машташкан, жалакор көө жапкыч адистер менен криминалдашкан саясый топтун чырагына май тамыза баштаганын, буга ушакчы гезиттер кошулганын, ушундай активдүүлүктү оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев көрсөтүп жатканын белгиледи.

Президент коррупцияга каршы күрөштү акыр аягына чыгууга катуу киришти. Алтургай башын канжыгага байлады. Ошон үчүн Алмазбек Атамбаев Коргонуу Кеңешинде: “Бийлик эл мененби же жокпу? Алдым-жуттумдардын барар жери түрмө” деп түз эле айтты.

Талдоочу журналист Үсөн Касыбеков андан ары коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө болорун ырастаган эл аралык тажырыйба бар экенин айтуу менен ага каршы күрөштө өлкөсүн алдым-жуттумдуктун, каракчылыктын сазынан сууруп чыккан Сингапурдун бийлигин мисалга тартты.

“Де-факто” гезити “Бузулган замандын обону” деген рубриканын алдында Назима Жумаева аттуу автордун “Мураталы ажыны уурдап, ээн талаага таштаган кылмыштуу топ СИЗОдо жатып алып саясый оюнду баштап атабы?” деген макаласын басты.

“Акыркы кездери гезиттер менен интернет-сайттарда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Райкан Төлөгөновдордун дарегине акылга сыйгыс жарлыктар тагыла баштады” деп жазган “Де-факто” басылмасы бул чуунун башы 1-2 ай мурда Ахматбек Келдибековдун ишиндеги каталары каралып жаткан маалда башталганын, дал ошондо спикер А. Келдибековго Бишкектин 1-СИЗОсунда камакта жаткан Абдуллажан Юсупов, Дастан Оморов, Азамат Шергазиев деген жарандардан кат келгенин, катта 2010-жылдын 7-апрель күнү алар Райкан Төлөгөнов менен Болот Шерниязовдун көрсөтмөсү менен Бакиевдердин 30 чакты объектисин басып алганы, Төлөгөнов андагы мүлктөрдү өкмөткө тапшырам деп коюп жүктөтүп кеткени, ал андан кийин Юсуповду Жалал-Абадка барып Бакиевдердин үйүн өрттөп кел деп тапшырма бергени, кыскасы түрмөдө жаткан кат ээлери ушундай фактыларды билгендиги үчүн, саясый оюндардын курмандыгына айланып, ак жерден торго илинип калганы баяндалат.

Гезит андан ары булардын катын окугандар чын эле бечералар ак жеринен күйүп аткан турбайбы деп ойлошу мүмкүндүгүн, бирок иш такыр башкача экенин, дал ошол А.Юсупов, А. Шергазиев, Д. Оморов дегендер убагында Кыргызстандын диний башкармалыгынын башчысы, муфтий Мураталы ажы Жумановду уурдап кетип, уруп-согуп, коркутуп, чоң көлөмдөгү акча талап кылышканын, акыры алар ушундай кылмышка шектүү деп өткөн жылдын 8-августунда кармалышканын, мусулман баласынын үрөйүн учурган бул кылмыштын бетинин ачылышын убагында орус тилдүү “Дело №...” гезити да жазып чыкканын кеп кылды.

Бул кылмыштын башында Ички иштенр министрлигинин 10-башкармалыгынын ал кездеги начальниги Абдибали Акжолов деген турган. Ал ушундай жол менен акча таап, байлыкка туйтунуу максатында курамына жанагыл адамдар кирген атайын кылмыштуу топ түзгөн. Полковникти камакка алууга санкция да берилген. Бирок ал азыр ден соолугун шылтоолоп үй камагында олтурган кези. Демек терең акыл калчаган адам бул атайылап эле “атамекенчилерге” багытталган провокация экендигин түшүнөт.

Андан ары ушул жылдын 1-февралында Айсулуу Дүйшөнкулова, Нариса Табалдиева, Раногүл Жоробаева деген айымдар маалымат жыйынын өткөрүп: “7-апрель күнү саат 10до Бакиевдин кеңсесинде Р. Төлөгөнов, Б. Шерниязов, Ө. Текебаев болгон көп киши жүрдү деп айтып чыгышкан. Бул айымдардын минтип айткандарынын баары карандай калп. Анткени так ошол 7-апрелдин саат 10дорунда Райкан Төлөгөнов агылган эл менен аянтка келе жатса, Болот Шерниязов менен Өмүрбек Текебаев Бакиев бийлиги тарабынан камакка алынып, Улуттук Коопсуздук кызматынын абагында жаткан. Ал учурда алардын ал жактан чыгар, чыкпасы да белгисиз болуп турган деп жазды “Де-факто” гезити.

Гезит макаласынын аягында түрмөдөн кат жазган Абдулла Юсупов деген жаран Бакиевдин убагында анын бийлигин төшүн тосуп коргогондордун ана башында туруп, алып баруучусу болуп жүргөнүн эске салып, эми бул адамды кайрадан баш көтөрө баштаган бакиевчил күчтөр пайдалана баштаганын эске салды.

Макалада мурдагы спикер Ахматбек Келдибековдун да аты аталды. Анткени түрмөдөгүлөрдүн каты дал ошол убакта, ал кызматтан четтетилип жаткан учурда анын дарегине келген.
XS
SM
MD
LG