Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Коррупциянын тамыры тереңде


Бүгүн жарык көргөн гезиттер президент Алмазбек Атамбаев тарабынан башталган коррупцияга чабуул тууралуу ар кыл багыттагы макалалар, маектер жарык көрдү.


“Жаңы агым” гезити “Кезек кимге жетти?” деген теманын алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 1-орун басары, УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы күрөшүүчү кызматтын деректири Бектен Сыдыгалиевдин маегин жарыялады.

Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан чоң талаптар коюлганын, коррупциянын кесепеттери менен гана күрөшпөй, аны алдын алып, кыска мөөнөттүн ичинде өлкөдөгү коррупциялык элементтерге бөгөт коюп, анын тамырын кыркуу башкы максат экендигин айтуу менен бирге "Мегаком" тууралуу түшүндүрмө берди.

Компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүүдө коррупциялык схемалар аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 140 миллион сомдон ашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө бул цифра дагы өсүшү толук ыктымал. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Альфа-Телекомдун” Азамат Мурзалиев баш болгон айрым жетекчилери, өздөрүнүн жакындары, атүгүл өздөрү ээлик кылган фирмалар аркылуу негизсиз жогорулатылган баалар менен техникалык жабдыктарды сатып алган. “Альфа-Телекомдон” өткөн жылдын 23-июнунан 22-июлуна чейин консультациялык тейлөө көрсөткөндүгү үчүн “NGN плюс” жоопкерчилиги чектелген коомуна 2 миллион сомдон ашуун акча которулган. Ошол эле учурда бул коомдун негиздөөчүсү дал ошол А. Мурзалиевдин кеңешчиси Абеков болуп жатпайбы.

Андан ары Бектен Сыдыгалиев коррупционерлерди кармап абакка отургузуу экинчи пландагы иш экенин, башкы максат - ар бир министрлик, ведомстволордун ишин анализдеп, коррупциялык көрүнүштөргө жол бере турган схемаларды жоюу болуп саналарын, аны таң калтырган дагы бир нерсе, Мурзалиев жаңы кызматка келгенде “Альфа-Телекомдун” мурдагы башкы деректири А. Силичти сынга алып, бирок андан кийин ал өзү дал ошол коррупциялык схемаларды колдонуп жаткандыгы болгонун, ал мындан тышкары өзүнө 700 миң сом же айына 15 миң доллар айлык коюп алса, кеңешчиси Абековдун маянасы айына 180 миң сомду түзгөнүн, мындан тышкары ар бир жетекчиге жылына 250 миң сомдой сыйлык бөлүнүп турганын айтып чыкты.

“Жаңы агымдын” бүгүнкү санына ошондой эле Жогорку Соттун судьясы Алмазбек Кудайбергенов журналист Мелис Совет уулунун суроолоруна берген жообу жарыяланды.

-Азыр соттор паракор, биз аларга ишенбейбиз деген сын-пикирлер көп. Эл ишенимин кайтаруу боюнча Жогорку Сот азыр кандай иш-чараларды жасап жатат?- деген суроого Жогорку Соттун судьясы А. Кудайбергенов азыр алар Соттор кеңешиндеги тартиптик комиссияга ар бир келип түшүп жаткан дооматтарды иликтеп, пара алган сотторду жазалагыла деген талапты койгонун, экинчиден, эл аралык уюмдар менен иштеп, соттук залдарга виедеокамераларды койдуртканы жатканын, үчүнчүдөн, мындан ары бардык массалык маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланышта иштешип, сот тармагында болгон бардык иш-чараларды ачык-айкын жеткирип турганы калганын айтып берди.

“Фабула” гезити чакан кабарларында Социал-демкораттардын башчысы, депутат Чыныбай Турсунбеков Америкага барган сапарында “Голос Америки” маалымат булагына маек куруп, “Кыргызстандын калкынын 78 проценти азыркы парламентти колдобойт. Кээ бирлери жаңы шайлоолордун өтүшүн талап кылууда” деп айтты, айтор өкмөттөн мурун парламент өзү таркап кетиши толук мүмкүн болуп турат” деп,

“Максимдин кайнагасы Бакыт Кененбаевди Курманбек Бакиевдин карачечекей жээни, азыркы Бабанов башкарган өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Беков Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин башчылыгына алып барды” деп,

“УКМКнын абагында отурган “Мегакомдун” жетекчиси Азамат Мурзалиевге мурдагы Жогорку Соттун төрагасы Акынбек Тилебалдиев адвокат болгону калганын, Тилебалдиев Мурзалиевдин бир тууган кайнагасы болорун, Тилебалдиев Жогорку Соттун төрагалыгынан Нурлан Ашымбеков деген жакын тууганы Акаев заманында Феликс Куловду актап жиберип, ошонун айынан экөө тең кызматынан кеткен болучу” деп,

“Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев кумарканалар ачылбай тургандыгын билдирди” деп маалымат таратты.

“Фабула” гезитине мындан тышкары Сокулук районунун акимдигине талапкер Адамкалый Чыныбаевдин “Уят-сыйытты жыйыштырсам андай акча менде деле бар болчу" деген ат менен маек берди. Талапкер учурдагы шайлоонун миң түркүн оюндарын, шайлоо өтө кир, ыплас өткөнүн 12 депутаттын 11и аны каратып туруп сатып кетишкенин, Мукаш Осмонкулов ар бир депутатка 3 миң доллардан 5 миңге чейин таратып жатканын айтып келишкенин сынга алды.

Кабарчынын: Роза Отунбаева кайын эжеңиз экен, президент Алмазбек Атамбаев менен да мамилеңиз жакшы экен. Алардан жардам сураган жоксузбу?, - деген суроосуна талапкер Чыныбаев, бирине да жардам сурап барбаганын айтып жооп берди.

Талапкер Чыныбаев андан ары Сокулукта 87 миң гектар айдоо аянты барын, мындай аянт бир дагы райондо жоктугун, чоң МТС курайын деген ойдо болгонун, ошондой эле Сокулукта 50 миң тонналык жашылча жыйылып жатканын, эл каякка алып барып сатаарын билбей турушканын, ошого байланыштуу Орусия менен Казакстандагы сатып алуучулар менен сүйлөшүп, бир чоң соода түйүнүн курдурсамбы деген ойлору болгонун кеп кылды.

“Кайран эл” партиясынын төрагасы Курманбек Турумбеков 13-февралда маркум Дооронбек Садырбаев 73 жашка чыкмагын эстетип, атайын макала арнады. Айтылуу саясатчынын арабыздан кеткенине 4 жылга аяк басканын, анын көзү өтүп кеткенден бери эл турмушун билгиси, көргүсү келбеген, жеке баюну гана ойлогон коррупционер чиновникти же оозуна келгенди оттогон ээн ооздорду жөнгө салган, түз сүйлөп, түз жүргөн, көпчүлүккө таандык ырыскыны жедирбей коргогон, эл таламын талашкан Дооронбек Садырбаевдей чыгаандын чыкпаганы да калкты үшүтүп жатканын жазды.

Чынында эле бүгүнкү парламенттин трибунасында Докебиздей чагылган жок болуп, бир ыптабыз кемип турганын, эгер ал тирүү болгондо кыргызынын ээрчимелигине, анча-мынча тыйын-тыпырга сатылып кетмелигине, намыс менен арынын жоктугуна дагы бир жолу сай сөөгүн сыздатмагын белгиледи.

Кыйдылардын, коррупционерлердин тамырына балта чабуу үчүн президент Алмазбек Атамбаев олуттуу аракеттерди жасап жатканын, кыргыз өнүксө экен, байыса экен, улут катары сакталып калса экен, жерди чет элдиктерге сатуу токтосо экен деген элдин тилегинин үмүтүн жандырды. Мына ушул үмүт оту алоолонсо экен. Элди алга жетелесе экен. Реформалар ишке ашса экен деп тилек кылды Садырбаев негиздеген “Кайран эл” партиясынын төрагасы Курманбек Турумбеков.

“Алиби” гезити бүгүнкү санында Нурайым Рысмамбетованын К.Үсөнбаев атындагы аскер институтунун өз жанын өзү кыйган курсантынын өлүмүнө байланышкан макаласын жарыялап, окуяны иликтөөгө алды. Болотбек уулу Таалайдын өлүмүнөн кийин анын жакшы көргөн кызы да жанын кыйган. Курсанттын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз бойдон калып жатканы баяндалган.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин “Чабактарын го кармайбыз, киттерин эмне кылабыз?” деген коррупцияга каршы ачылган күрөштү баяндаган макаласы окурмандарга тартууланды. Анда уулуу көмүр, анын эч кандай текшерүүсүз чек арадан койо берип жиберген бажы кызматы, ага тиешеси бар адамдар тууралуу кенен кеп болду.

Ушул эле санга журналист Тынчтык Алтымышевдин Эркингүл Иманкожоевадан алган маеги жарыкка чыкты. Маекте Кумтөр алтын кени иштетилип келаткандан бери жеке иликтөөлөрдү жүргүзүп келаткан адамдын айтып бергендери баяндалды.
XS
SM
MD
LG