Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Бабанов жашыруун жолугушууга барганбы?


"Кереге" гезити бүгүнкү санында Өмүрбек Бабанов "Манас" аба майданына келип конгон белгисиз учакка жашыруун жолугушууга барганы тууралуу сөз чыкканын жазып, өкмөт башчыга бир канча суроо узатты.

“Дело№”

15-февралдагы “Дело№” жумалыгы жарты нан үчүн кыргыздар мекенин таштап кетип жатканы,”Ата-Журт “ партиясынын лидери, депутат Камчыбек Ташиев улутчул ураанын көтөрүп чыкканы, коррупцияга каршы күрөш журналисттерге да багытталганы, асылып өлгөн МАИ кызматкери, улут аралык жаңжалга күнөөкөр делген Кадыржан Батыровду калкалаган орусиялык космонавт Салижан Шарипов тууралуу жана башка макалаларга орун берди.

“Жаңы бийлик коррупция менен күрөштү журналисттерден баштады” деген макалада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери ушул гезиттин жетекчисин да суракка алып жатканы баяндалат.
Көрсө, бир жыл мурда “Дело№” гезити менен “Альфа телеком” компаниясы “Мегаком” уюлдук ишканасынын ишмердүүлүгүн чагылдырган макалаларды жарыялоо үчүн келишим түзүшкөн экен. Келишимге ылайык, “Альфа телеком” редакцияга 1 миллион 80 миң сом акча которуп берген. Ал акчанын 916 миң сому гезит кагазы үчүн, 163 миң сому басмакананын кызматына, 133 миң сому салык үчүн төлөнгөн. Ай сайын гезит чыгарууга эле 800 миң сомдой каражат чыгымдалаарын, коротулган акча ачык көрсөтүлүп турса да УКМК кызматкерлери башкы редакторду суракка алып жатканын, коррупция мамлекеттик мекемелерде гүлдөп жатса, аны ачыктаган журналисттерге кысым башталганын “Дело№” гезитинин башкы редактору Светлана Красильникова жазып чыкты.

Жумалык “Ата-Журт” партиясынын лидери, депутат Камчыбек Ташиевдин “Де-факто” гезитине берген маегине каяша пикирлерди да бир бет кылып берди. Анда укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова, теолог Кадыр Маликов, саясат таануучу Токтогул Какчекеев, генерал Абдыгул Чотбаев, ЖК депутаты Ширин Айтматова Камчыбек Ташиевди улутчул, шовинист катары “төө бастыга” алышкан.

Журналист Артур Исаевдин макаласы “Кадыржан Батыровдун “космостук” калканчы” деп аталат. Анда улуттар аралык жаңжалга күнөөкөр атыгып, чет өлкөдө качып жүргөн Кадыржан Батыровду калкалаган Кыргыз эл баатыры, орусиялык космонавт Салижан Шарипов тууралуу кеп болот.

"Кадыржан Батыровдун “Дустлик” ачык акционердик коомунун акцияларынын көзөмөлдөөчү бөлүгүн Карамат Батырова Салижан Шариповго 2010-жылдын 15-июлунда саткан. Бул окуя Батыровго кылмыш иши козголоордон бир күн мурда болгон. Бул көрүнүш атактуу инсандын атына жамынуу, калканч кылуу аракети" ,- деп жазат А. Исаев.

“Кереге”

15-февралда жарык көргөн “Кереге” гезити биринчи бетине баш бакан Өмүрбек Бабановдун бакыйган сүрөтүн берип, “Өмүрбек мырза, жашыруун учактын ичинде кимге жолуккансыз жана белгисиз коногуңуз менен эмне маселе боюнча узак сүйлөшүү жүргүздүңүз? - деген суроо коюп, ага жооп издейт:

"9-февраль күнү “Манас” эл аралык аэропортуна белгисиз учак келип конгон. Учак конгону менен андан жан адам сыртка чыккан эмес. Бирок ага кыргыз тараптан барандуу адам белегин көтөрүп барып, учактын ичинде узакка сүйлөшүп чыккан. Ал учактын ичинде Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун ишенимдүү кишиси, оң колу болуп жүргөн Адам аттуу инсан болгон. Анын бул жакка келишинин башкы максаты - абакта отурган Азиз Батукаевди батыраак Чеченстанга алып кетүү экендиги аныкталган. Ал эми аны менен узак убакыт маектешкен учурдагы бакыйган баш бакан Өмүрбек Бабанов болгон дешет.

Кыргыздын кыйла кыраан жигиттерин тындым кылган Азиз Батукаевди Чеченстанга аман-эсен өткөрүп берүү үчүн Бабановго бир нече миллиондогон “жашылбайлар” сунушталганы айтылууда. Айтылган маалыматтардын чын-төгүнүн биздин улуу урматтуу премьер-министрибиз Өмүрбек Токтогуловичтин өзүнөн сурап турам. Албетте, гезит аркылуу. Сиз мамлекеттеги экинчи адам болгон соң, сизде “жеке кызыкчылык” же “жашыруун” деген иштер болбошу керек. Сиздин ар бир кадамыңыз элдин, коомчулуктун көз алдында ачык болушу шарт. Андыктан, менин сурооолорума түз жооп бересиз деп ойлойм",- деп гезиттин башкы редактору Кубаныч Зайнидинов баш баканга беш суроо узаткан.

“Биринчиден, ал учак эмнеге жашыруун келген? Экинчиден, ал учактын ичинде кимге жолуккансыз? Үчүнчүдөн, эмне үчүн иш бөлмөңүздө эмес, белгисиз учактын ичинде сүйлөшүү жүргүздүңүз? Төртүнчүдөн, ал белгисиз учактагы белгисиз коногуңуз менен эмне маселе боюнча узак сүйлөшүү - талкуу болду? Бешинчиден, Азиз Батукаев менен кандайча байланышыңыз бар жана аны Чеченстанга өткөрүп берүүдөгү эмгегиңиз канча миллиондорго бааланды?" - деп суроо берет гезит редактору.

Автор ушундай эле маанайдагы суроолорду УКМКнын башчысы Шамил Атахановго да жөнөтүп, “Сиздер билбей калгыдай учак катардагы учуп жүргөн чымын эмес да... Сиздерде кандай маалыматтар бар? Сиз мамлекеттин коопсуздугун жетектеген соң мамлекеттин экинчи адамынын ар бир кадамы тууралуу маалыматта болуп турушуңуз шарт",- деп бул кептин чын-төгүнүн аныктагысы келет.

Гезиттеги “Жаз келатат, Кыргызстан!” деген макалада журналист Элизат Турсунова экономикадагы, саясаттагы, кадр саясатындагы көйгөйлөр тууралуу кеп козгойт.

“Айкын саясат”

15-февралда жарык көргөн “Айкын саясат” гезити “Жер-жерлерде митингдер күч алды, жазыбыз жакшы болоор бекен? “ деген пикетчилерди чагылдырган сүрөт менен жүзүн ачты. Анда учурдагы кырдаал, экономикалык көйгөйлөр, акимдерди шайлоодогу оош-кыйыштар тууралуу кеп болот.

Гезит “Кыргыз өкмөтү 100 күндүк программасын аткара албаса отставкага кетеби?” деп суроо коюп, ага карата коомдук ишмерлер Кемел Ашыралиев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучулар Марс Сариев менен Токтогул Какчекеевдин пикирлерин берди. Алар "өкмөт кыйын сыноодон өтүшү күмөн, 100 күндүк программасын аткаруу кыйынчылыктарды жаратат, кылдын учунда турат, саясый оюндарга алагды болууда", - деген ойлорун айтышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG