Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Басма сөз: Отко салса күйбөгөн...


16-февралда “Де-факто”, “Учур”, “Айат”, “Айгай-пресс”, “Асман-пресс”, “Параграф” жана башка гезиттер жарык көрдү.

“Де-факто”

Гезит канадалыктар “ Кумтөрдүн" алтынын жана лицензиясын чет элдик банктарга күрөөгө коюп, насыя алышканын, жакында күйүүчү майлар 10-15 сомго кымбатташы мүмкүн экенин, учурда “Аю” компаниясынын ал-абалы оорлоп турганын, базарды Казакстандын уну басып, кыргыз тегирмендери иштебей турганын жазып, талдоого алышкан.

Кумтөр алтын кени кыргыз эмес, канадалыктар үчүн гана иштеп келатканын, алар тоолорду атайын заттары менен ачык жардырып, мөңгүлөр эрип жок болуп баратканын, цианид, күйүүчү майлар сакталуучу кампалары коркунуч жаратып турганын, ал жерде өрт, техникалык коопсуздук сакталбаганын журналист Мирлан Дүйшөнбаев иликтөөгө алган.

Учурда Казакстандан күнүгө 200 тоннадан ашуун ун келип жатканын, өлкө базарынын 80ден ашуун пайызын алар ээлеп алышканын, казак унунун курамын текшерген бир да жан, мекеме жоктунун “Де-факто” гезити жазды. Ушундай көрүнүш уланса, ун өндүргөн 12 миңдей адам ишсиз калаарын, айдоо аянттар айдалбай, эгин эгилбей, күздүк себилбей калганын, азык-түлүк дагы кымбаттарын кабарчы Санжи Тутунова жазды.

“Де-факто” гезитине Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков маек курган. Анда АКШга барып келген сапары, Атамбаев менен Бабанов тирешип, экөөнүн ортосунда бийлик талашуу башталганын, өзү Казакстандан келген уулуу көмүргө тиешеси жоктугу, аны алып келгендер жоопко тартылуусу керектигин, коррупциянын анык уюгу Каржы полиция менен коррупцияга каршы кызматы болуп турганын, Камчыбек Ташиев менен достугу дале бекемдигин кеңири айтып берген. Ал маек “Саясатчы катары Алмазбек Атамбаевдин келечеги жок” деп аталат.

“Учур”

16-февралдагы “Учур” гезити биринчи бетинде эле президент Алмазбек Атамбаевдин балта кармап, өз колун чапканы турган сүрөтүн фото коллаж кылып берди. Ал сүрөттүн чоо-жайы Сабыр Мукамбетовдун “Атамбаев өз колун балта менен чабабы?" деген макаласында ачыкталган. Анда Казакстандан келген уулуу көмүрдүн Кыргызстанга киришине ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин буйругу себепкер болгону, учурда президент Атамбаев болсо, эч нерсе укпаган-билбеген киши өңдөнүп, уулуу көмүр боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып жатканы айтылган. “Атамбаев "коррупционерлердин колун балта менен кертем” деген, эми кайсы колун, буйрукка кол койгон оң колун кертсин” дегендер бар экенин Сабыр Муканбетов жазды.

“Айат”

16-февралдагы «Айат» гезити “Арстанбектин арааны жана карааны, же Бакиевдин досу кайра башкара баштады" деген макала жарыялады.

“Арстанбек Давлеткелдиев Бакиев такка тураары менен экология, токой, аңчылыкты өзүнүн менчигиндей башкарып келди. Бул адам Бакиевдердин үй-бүлөсүнө баш оту менен кирген, баласы Максимдин досу, өзү Курманбеги менен да, раматылык Жусупбеги менен да дос болгон. Арстанбек беш жылдын ичинде токойду талкалап, коррупцияга батырып, тактай карагайды семичкедей эле сатты. Экологияга зыяндуу тоо-кен комбинаттарга, май куйган станцияга уруксат берген. Эмне үчүн тиешелүү күч органдары ушуга колдору тийбейт? Аңчылык квотаны берүүдө ал кызылдай гана жашыл долларга марыды. Бакиев менен достугунан пайдаланып Арстанбек абдан эле жакшы байыды, шапар тепти.

Эмесе ошол адам кайда барды дебейсиңерби? Жаңы ачылган Техникалык инспекцияга барды. Осмонбек Артыкбаев акебиздин орун басарыбы же кеңешчисиби, айтор, жаны мекеменин башчысынын башкы идеологу болуп турат.

Мына ушинтип Бакиев убагында ичип-жеп, коррупцияга белчесинен баткандар кайрадан бийлик короосуна келди. Минтип отурсак жакында Бакиевдин деле алып келебиз го" деп жазды
Жылдыз Аманбек.

“Айат” гезити паспорт системасындагы куулук-шумдук, коррупция тууралуу сын макалага орун берди.

Ал макала “Интел Линкстен” “Регистрге”, “Регистрден” De la Rueга күйөөгө тийген кыргыз паспорту” деп аталат.

Паспорт системасындагы баш аламандык, мамлекет тарабынан ирээтке келтирилбегендиги, чакан адамдардын жемсөөсүн толтуруп, нака коррупция ушул жакта. Карапайым шордууга аба менен суудай зарыл паспорт небак майлуу бизнеске айланган. Паспорт берүүдө корупцияга батып, салык жашырган “Интел Линкс” жана “Регистрден” кийинки тагдыры британиялык De la Rue компаниясынын колуна түштү. Ушул ишканалардын куулук-шумдугун гезит фактылар менен талдоого алган.

Учурда паспорт берүүчү фирмаларды "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов колдоп турганын, бул тармакты анын ишенимдүү адамдары Эмил Алиев, Таалайбек Жумадылов, Акаевдин учурунда генерал болгон Калык Иманкулов, анын жанында Мурат Малабаев, отко салса күйбөгөн, бардык бийликтин тилин тапкан Дмитрий Цой турганын кабарчы Айдин Асманов ачыкка чыгарды.

"Томсоргон тоонун сыры жана ыйы" деген макалада Ош шаарындагы ыйык Сулайман тоо тууралуу кеп болот.

"Сулайман тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен чыгуу коркунучунда… Себеби ал жерге бизнесмендер мейманкана, чайкана куруп, Кара-Суу району өлүктөрдү жашырууда. Ыйык жайды сыйлабаганы, алар үчүн акчадан башка ыйык нерсе жок" дейт Сулайман тоону ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Курбаналы Азимов.

“Асман-пресс”

Акматбек Келдибековдун “Жогорку Кенештин депутаттары аз келгенсип, райондук депутаттар акчага сатылып жатат” деген аталыштагы маеги чыкты.

“Асман-пресс” гезитине Жогорку Кенештин депутаты Садыр Жапаровдун да “Кумтөр кыргызга 10 жылдан кийин орду толгус кайгы алып келет” деген маеги жарыяланды.

Буга чейин 30дан ашуун комиссия Кумтөрдү текшергени менен натыйжа болбогонун, Ысык-Көлдүн экологиясы жабыркап, Кыргызстанга, бүтүндөй Борбор Азияга коркунуч туулганын, уулуу заттар, калдыктар сакталуучу жай жылып кеткенин, тоо башындагы Петровка көлү ташыса, ааламат болуп, калкка кайгы алып келээрин Садыр Жапаров айтып, кабатыр болот.

“Агай-пресс”

16-февралда жарык көргөн “Айгай-пресс” жумалыгы "Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратпаса өлкө оңолбойбу?" деген суроого жооп издейт.

"Эгерде Жогорку Кенеш өзүн-өзү таратпаса, бул маселени 2010-жылкы революциячыл эл жакында президенттен чындап талап кылат. Азыр да алдын ала айтыла баштады", - деп жазат журналист Жолдошбек Токоев.

Бул гезит коррупция менен күрөш “бууранын көбүгүндөй” болуп, майда чабактары кармалып, ири коррупционерлер мамлекеттик мекемелерди башкарып отурганын да талдоого алган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG