Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Гезиттер: Акылдан адаштырган алтын


17-февралда жарык көргөн "Алиби”, “Жаңы агым", “Жаңы ордо”, “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “Фабула” жана башка гезиттер жарык көрдү.

“Жаңы Агым”

Гезит "Коррупцияны ооздуктоо саясий буйрутмага айланып баратабы?" деп суроо коюп, жооп издейт.

Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы коррупцияга каршы күрөшүүчү кызматынын таскагы катуулап баратканы, «Аю» компаниясынын он кампасын тинтүүгө алышканын, саламаттык сактоо министринин орун басары пара алды делип кылтакка илингени баяндалат.

Эркин гезиттердин биринде жарыяланган маалымат боюнча, жакынкы күндөрү коррупцияга каршы күрөшүүчү кызмат Исхак Пирматов, Нариман Түлеев, Алтынбек Сулайманов сыяктуу депутаттарды суракка чакырышы ыктымал экен. Бейрасмий маалыматтар боюнча, Исхак Пирматовдун “Кыргызнефтегаз” мекемесиндеги финансылык мыйзам бузуулары чууруп чыкса, Нариман Түлеев менен Алтынбек Сулаймановдун мамлекеттик “Темир” ишканасында эмгектенген мезгилиндеги былыгы табылыптыр.

"Эмки айдын башында 3-4 депутатты кол тийбестигинен ажыратуу маселеси парламентте каралышы мүмкүн экен. Буга Ак үйдүн 7-кабатындагы таасирдүү фигура да кызыкдар дейт. Эгер Жогорку Кеңеш депутаттарга кылмыш ишин козгоого уруксат бербесе, анда саясий тиреш күчөп, ал парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркатылышына алып келет дешет. Парламент өзүн өзү сактап калыш үчүн береги депутаттарды мандатынан ажыратышы ыктымал деген версия саясий чөйрөдө кызуу талкууланууда",- деп жазат кабарчы Нурканбек Керимбаев.

“Күйүттүү күйүүчү май” деген рубрика менен “Бензин өлкөнүн талуу жери, андан кармаса эле чөгөлөп беребиз” деген макалада Орусиядан ташылып келген күйүүчү-майлоочу май маселеси тез арада чечилбесе, Кыргызстанда кара май баасы 10-15 сомго кымбатташы мүмкүн экени айтылат.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин айтымында, буга чейин Орусиянын "Газпромнефть-Азиядан" башка заводдорунан кара майды дилерлер алып чыгып, Казакстандын чек арасынан кыргызстандык нефтетрейдерлерге өткөрүп кетишчү. Андан кийин Казакстан аркылуу өлкөгө киргизүү жана башка төлөмдөрдү жергиликтүү мунай ташуучулар төлөп, тиешелүү баасын коюп сатышчу. Эми Бажы кодексине толуктоолор киргизилип, бажы төлөмдөрүн кара майды Орусиядан алып чыккан дилерлер төлөсүн деген талап коюлууда. Эгер импорттук пошлина түрүндөгү бул төлөмдү жергиликтүү мунай ташуучулар төлөй турган болсо, баалар 10-15 сомго өсүшү мүмкүн, - дейт Жумкадыр Акенеев.

Мисалы, былтыр эгин оруп-жыйноо күчөп турган июль айында өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгы эң көйгөйлүү маселеге айланып, май куюучу станцияларда 10 литрден чектөө киргизилген. 92 үлгүсүндөгү бензин 45 сомго чыгып, ал кездеги премьер-министр Аламазбек Атамбаев Орусияга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көрүнөө да, көмүскө да ары-бери соодалашуулар болгон, деп тынчсызданат “Жаңы агым“ гезити.

"МАИ кызматкери абийир курмандыгы болдубу же ага жардам бериштиби?" деген макалада 13-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында асынып өлдү делген шаардык жол көзөмөлдөө инспекциясынын кызматкери Айбек Эшпаевдин кандай шартта өлгөндүгүн толук изилдөөнү анын жактоочусу Токтогул Абдыев жана анын туугандары талап кылып жатышканы баяндалат.

“Радиацияланган көмүр чатагы ушуну менен жабылып калабы?" деген макалада уу-дууга айланган ууланган көмүрдүн аягына чекит коюла электиги атылат. Биринчиден, бул иш боюнча дөө-шаа мамчиновниктердин бири да кызматынан кеткен жок. Экинчиден, ууланган көмүр толук жөнөтүлүп бүтө элек. Үчүнчүдөн, ал көмүрдүн Төмөнкү Серафимовкадагы карылар үйүнө жагылып кеткени боюнча эч ким моралдык да, материалдык да жоопкерчиликке тартыла элек, деп жазат “Жаңы агым” жумалыгы.

"Алиби”

Гезиттин бетинде Максим Бакиев менен Акмат Келдибековдун уюлдук телефон менен сүйлөшүп жатканын Кубат Байболов тыңшап турганын фотоколлаж кылып беришти.

Анда Максим Бакиев: “Акмат брат, 2 тонна алтын тапсаң, жарымы сага!” десе, Акматбек Келдибеков: "Кубат Байболов да билет, ошого биринчи бериш кере го…” деген фотоколлажы орун алган.

Депутат Акматбек Келдибеков парламент жыйынында 2010-жылдын 7-апрелинен кийин “Азия Универсал банктан” акча каражаттарын кимдер чыгарып кеткенин билээрин, Максим Бакиевдин жеке лабораториясынан да 2 тонна алтынды ким, кайда алып кеткенин билээрин билдирген. Анын айтымында, бул 2 тонна алтын Түркия аркылуу Малайзияга чыгарылып кеткен.

"Акматбек Келдибеков банктан алынган акчалар жана уурдалган алтынды ким өзүнө чыгарып алганы тууралуу толук кабардар экенин, жакын арада ачыкка чыгараарын убада кылды" деп жазат Алиби гезити.

“Фабула”

Гезитке жапондордун сумо күрөш ыкмасында Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков менен Камчыбек Ташиевдин “Ликерден” чыккан лидерлердин кармашы” деген фотоколлажы чыкты. Бул сүрөттүн сырын “Фабула” гезити ачып, "мурдагы күнү “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолорунан” эки фракциянын лидерлери арак заводу тууралуу акыйнек айтышкан. Анда бул окуяны Келдибеков башында турган комиссия иликтеп жатканын айтып актанган Ч. Турсунбеков Бишкек арак заводун сатып албаганын билдирген. Бирок өткөндө Бишкек арак заводунун акционери Кубатбек Базалиев аттуу адам “Чыныбай Турсунбеков арак заводду сатуу тууралуу кагазга кол койгондугу үчүн ошол учурдагы Мүлк министри Кенекеевге 300 миң доллар бергенин мойнуна алган. Заводдун баасы абдан төмөндөтүлүп сатылган. Анткени завод жайгашкан короо эле 3 миллион доллар турат” деди",- деп маалымдайт “Фабула” гезити.

“Жаңы ордо”

Гезит коомдук ишмер Рамазан Дырылдаевдин “Алмазбек Атамбаев Аскар Акаевге каршы сөз айтпай эле, анын тушунда 2-3 заводду менчиктештирип алган” деген аталыштагы маеги чыкты. Анда илимдүү, академик деген Акаев да үмүттү актабаганы, легендарлуу аталган парламент 2 тонна алтынды Бирштейндин учагына салып берген экс-президент Акаев, Кумтөр алтын кенинин ыр-чыры, 2-3 заводду Алмазбек Атамбаев кантип менчиктештирип алганы баяндалат.

Гезит аркылуу экс-депутат Кубанычбек Исабеков да Кумтөр алтын кенин иштетүүдө жалпысынан кыргызстандык 37 адам каза болгонун, алардын бирөөнө да жөлөк пул төлөп бербей коюшканын, мыйзам боюнча өлгөн адамдын эң кичүү баласы 18 жашка чыкканга чейин акча төлөп берүүсү зарыл экендиги айтылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG