Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Кимдер?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары бүгүн Ошто өтө турган митинг тууралуу жазып чыгышты.

“Айат” гезити аркылуу журналист Балбак Түлөбаев бүгүн Ошто митинг өткөрүүчүлөрдүн башында тургандардын бири Камчыбек Ташиевге кайрылып: “Ташиевдин эл дегенине, даана кыргыздын жигити экенине күмөнүм жок, бирок сиз элди макоо көрбөңүз, сиз баарыңар чогулуп “Ата Журт” партиясы Жогорку Кеңештен кетип, мандатыңарды тапшыргыла, ошондо кайра шайлоо болот. Сиз ошондо өзүңүз “мокочо” көргөн Бабановдон кутуласыз. Ушуга саясий эркиңиз, кудуретиңиз жетеби? Жеткен күндө да муну фракцияңыз толук колдойбу? Сиз бүгүн улутка лидер болом деп турасыз. Мени угуп коюңуз? Азыр боло турган башаламандык элди даана экиге бөлөт, жарымы даяр эмес. Сиз тарыхта кыргызды экиге бөлгөн, кыргызды жок кылган адам катары калгыңыз келеби? Өкмөткө толугу менен күзүндө гана баа берүүгө мүмкүн. Ошондо кылган иши билинет. Азыр кыргыз үчүн чыр-чатактын эмес, биригүүнүн мезгили” деген сөздөр менен кулак кагыш кылды.

“Арена” гезити депутат Курманбек Осмоновдун маегин тартуулады. Маегинде “Ата-Журт” фракциясынын депутаты: “Бүгүн Ошто боло турган митинг тууралуу фракциянын же партиянын мүчөлөрүнө ырасмий түрдө билдирилген жок. Эмне кылышары жөнүндө кабарым жок.” деп айтты. Митингдин төркүнүнө баа берген Курманбек Осмонов бул жерде аймактык тирешүү болуп жатканы ачык байкалып турганын белгиледи.

Ушул эле гезитке маек курган укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: “Бул митинг саясий оюндун бир бутагы. Ошондой эле эки-үч лидердин түштүктөгү электорат үчүн күрөшүүсү. Сырткы күчтөр түштүктүк кландарды бириктирип, түндүктүк кландар менен тирешүүгө алып келип, мамлекетти экиге бөлүп-жаруу аракети башталды. Мындай күчтөр парламентте да бар экени айтылып келет. Конституцияны таш-талкан кылып, жок жерден чыр чыгарып, элди козутуп, тирешти күчөткүсү келүүдө. Эл элди жок кылгысы келгендердин тилине кирбесе экен, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келбесе экен деп Кудайдан тилейм” деп айтты.

“Де-факто” гезити жаңы санын журналист Дилбар Алимованын Ошто оппозициянын митингдери башталууда” деген аталыштагы макаласы менен ачты. Бүгүн Ош шарында өтө турган митингге 20 миң адам катышарын Камчыбек Ташиев айтып чыкканын, митингге “Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Улуттар биримдиги” катышарын, Исхак Масалиевдин компартиясы да колдоорун, демек “Улуттар биримдиги” партиясы Оштун мэри Мелис Мырзакматовду колдоп чыгарын, Айрымдар Азимбек Бекназаров да митингге чыгат деп жазышканын, бирок ал өзү митингди колдобостугун, ага кайрылганда: “Ошто өткөргөнүңөр туура эмес. Улуттук, аймактык маселени козутуп аласыңар” деп айтканын дагы бир жолу айтып бергенин жазды.

Ушул эле гезитке “Кылым көчү” деп аталган коомдук бирикменин мүчөсү Эрнис Абдыжапаровдун “Улуу урматтуу “каймактар”, Жайсаң манасчы силерге не жамандык кылды?” деген макаласын басты. Макаланын автору “Манаска” асылуунун тарыхын эске салып келип, аягында: Бүбү Мариямдын касиетине ишенбегендер эч качан Кыргыздын касиетине ишенбейт! Алар үчүн “Манас” кадыресе эле жомок. Советтик атеисттик доорго жуурулушуп калган агаларыбызды айкөлдүк кылып кечирип кой, Манас ата!” деп аяктайт макаласын.

Ушул эле санга Кыргыз улуттук университетинин доценти Аскар Медетовдун макаласы “Бүбү Мариямдын чаң баскан халтурасы кантип асмандан түштү же Каныбек Иманалиев баш болуп мистикага тизе бүккөндөр тууралуу” деген макаласы да жарык көрдү. Автор макаласында: “Бүбү Мариямды окуу куралына киргизип, ыгы келген жерде оозунан түшүрбөй мактап жүргөн депутат К. Иманалиевдин артында саясый же башка дагы кандай кызыкчылыктар бар экенин мезгил көрсөтөр, бирок профессор К. Исаев, филология илимдеринин кандидаты Ж. Орозобекова, Т. Бакичев фольклор менен жазма адабияттын айырмасын билишпейби, алардын кыргыз поэзиясына мүнөздүү эмес, он бир муун менен чүргөлгөн суррогатты улуу эпостун жаңы варинаты деп сунуштап жатышы - “Манастын” тегерегиндеги чайкоочулук эмей эмине? Ал эми Бүбү Мариямдын этегине намаз окуп жаткан депутат К. Иманалиев, профессор К. Исаев, манастаануучулар Ж. Орозобеков, Т. Бакчиевдер мистикага тизе бүгүп, илимди караманча тануусун интеллектуалдык ниглизм катары баалайм” деп жазып чыкты.

“Учур” гезити Зулпукар Сапановдун “Айкөл Манастын ата конушу-Сары-Кол!(Памир)“ деген эки беттен турган иликтөө макаласын окурмандарга тартуулады. Автор өз ойлорун тастыкташ үчүн Сагымбайдын “Манасындагы” сөздөр Мургабадагы жергиликтүү элдин арасында да ушул күнгө дейре колдонулуп келатканын далил катары мисалга тарткан.

“Учурдун” ушул эле санына айтылуу драматург, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин “Анекдотторду Ашым, Бексултан үчөөбүз чыгарчубуз” деген ат менен маеги жарык көрүп, кара сөз чебери. жазуучу курбусу Качкынбай Осмоналиевдин тегерегиндеги анекдотко айланып кеткен тамашалар кантип, кайдан чыкканын баяндап берди.

Аталган гезит “5-мартта жаңжал чыкпайбы?” деген чакан кабарында Ошто боло турган митинг тууралуу айтып келип: “Оштогу шайлоодон эптеп кыйкым таап, бийлик билермандары жаңжал чыгаруунун аргасын ойлоп жатканы чынбы? “Кудайым өзү эле сактасын” дейли. Бирок 5-март күнү кандайдыр бир окуя болору каңкууланып жатканы жакшы жышаан эмес. Бийлик да ошону сезип, Ошко ИИМ, УКМК аскелерин жөнөтүптүр. Эмнеси болсо да, эл ичи тынч болгой эле?” деп жазды.

“Коон эккенде дос элек” деген рубриканын алдында “Текебаев “Азия ньюсту” сотко берип, муунткан кербези!” деген макаласында: “Кечээ Свердлов райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен журналист Сабырбек Муканбетовдун соттошуу процессинин биринчи отуруму болуп өттү. Соттун кийинки жүрүшү 13-мартка дайындалды” деп кабарлады.

“Асман преss” гезити “Бир бүркүм” аттуу рубриканын алдында “Быйыл парламент тарайбы?” деген чакан кабар жарыялады. Анда ушундай сөз тарап жатканын, Ак үйдүн 7-кабатында отурган таасирдүү күчтөр жаздын акыркы айында же күзүндө парламентти таратып, жаңы шайлоо жарыяламакчы болуп жатканын, ал эми бүгүн Ошто өтө турган митингге Жумагулов, Сыйданов, Казакпаев, Суваналиев, Мадумаров, Байболов баштаган бир топ лөктөр кетишти деген сөз барын, бул митинг түштүктүк саясатчылардын регионалдык жыйыны эмес, бийликке ичи чыкпаган оппозициянын жыйыны боло турганын, маселе кабыргасынан коюлуп, 93-жылкы Конституцияны апкелүү, парламентти, президентти таркатып, кайра шайлоо өткөрүү болуп саналарын, Ош азыр кооптуу экендигин маалымдады.

Ушул эле “Асман преss” гезити “Жаз алды менен өлкөнү митинг каптайбы?” деген ат менен Ош шаарынан Закиров аттуу автордун макаласын тартуулады. Макалада Ошто шайлоо жакындаган сайын эл арасында “чыр-чатак чыгып кетүүсү мүмкүн” деген ушак-айыңдар жүрөк үшүн алып жүргөнүн, анткени шайлоого аттанган айрым партиялардын үгүт иштери ар кандай провокациялык маанай менен коштолуп жатканын, кайсы жол менен болсо да эптеп ээрге олтурууну көздөгөн кээ бир партиянын бөрк ал десе баш алуучулары азчылык улутка жан тартымыш болуп, чыр-чатактын чыгуусуна шарт түзүп жатканын белгиледи.

Автор андан ары СДПК партиясынан барган Таир Сарпашев шаар тургундарынын көкөйүнө тийгенин, ал ачык эле Мырзакматовдон кутуласыңар деген провокациялык сөздөрүн айтып атканын, “Кан жыттанган Ошту гүл жыттанткан мэр М. Мырзакматовду бардык шайлоочулар колдоорун билдирген.
XS
SM
MD
LG