Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Манас чуу


Гезиттер президенттин Орусияга жасаган иш сапары, “Манас” эпосу жана жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн шайлоолор тууралуу жазышты.

“Де-факто” гезити бүгүнкү санын Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин “Өзөктөгү өрт” аттуу көлөмдүү макаласы менен ачты. “Эмки кыргыздардын арасында теңирден тетири ой жоруп, тыңсынган кокуйгүндөр пайда болду. Мындайлардын баары билгизбей Манаска каршылыгын билдирип келди. Айрымдар Манасты бандитке теңей салып, калктын каарынан араң кутулду. Эми андан өткөн шумдук! Кадимки Сагынбай, Саякбай айтып келаткан “Манасыбыздан” өөдөсүнтүп, башка нерсени даңазалоо аракети болуп жатканына төбө чачыбыз тик турду. Төркүнүндө кыргыз улутун, кыргыз руханий өзөгүн кемирип жоготчу мите жатат” деп жазган эл баатыры Бексултан Жакиев Бүбү Мариямдын таап келген Жайсаңы тууралуу кеп кылып, “аны менен чыныгы “Манасты” алмаштыруу “Манасты” жок кылуу дегендик” деген ойду айтты.

“Де-фактонун” ушул эле санына белгилүү журналист Эсенбай Нурушевдин “Манас” жана анын кайбатчылары” деген экинчи макаласы да жарык көрдү. Макалада Манастын туусу кызыл болгондугу далилдер менен кеп болду.

Гезитте “Орусия Кыргызстанда жайгашкан аскер объектилерине төрт жылдык карызын берди” деген баштеманын алдындагы макалада президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын алдына канча жылдан бери ижара акысын төлөбөй келаткандыгы жөнүндө маселени койгондон кийин дароо 15 млн. доллар которуп бергенин кабарлады.

Журналист Дүйшөн Керимовдун макаласы “Митинг маңкуртчулугу же сороктогон, “калбырлуу”, популист, провокатор саясатчы сөрөйлөр тууралуу” деген макаласы жарык көрүп, анда “Адахан, Акмат, Камчы мырзалар Ошко олтуруп алып кечээ өздөрү боткосун чалышкан, эми “тазаланалы!” деп, далалаттанып атканына эки айча болгон жаңы бийликке ультиматум коюп, омуроолоп турганы, башкасын айталбайм, мага жагат... Атамбаев, Бабанов, Жээнбеков башкарган бийлик тез, чечкиндүү, акыйкат аткаруусу керек” деп жазды. Дүйшөн Керимов андан ары ошол митингди уюштуруучулардын катарында жүргөн Бекболот Талгарбековду “Акаев бүлгүнүнүн итий реформатору” деп сынга алды.

“Алиби” гезити жаңы санын журналист Болотбек Таштаналиевдин “БШК кайрадан “тырмоону” басты деген баш макаласы менен ачып, жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн шайлоону талдоого алды.

Темирбек Алымбеков макаласын “Шашпаган өкмөт, шайы оогон дыйкан” деп атап, баягы эле жазында жер сабап калчу үрөн маселесин кеп кылды.

Ушул эле дыйкандардын көйгөйү тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мамытбай Салымбеков “Алиби” гезитине курган маегинде айтып чыкты. Депутат мырза ушу тапта базарларда картөшкө, сабиздин баасы 6 сомго чейин арзандап, дыйкандар үзүрүн көрөбүз деп жертөлөгө сактап жүргөн жүздөгөн тонна жашылчалардын тагдыры күн жылып кетсе кандай болору белгисиздигин, азыр дыйкандар эмне кыларын билбей ыйлап олтурганын, өкмөт насыя берүүдөн мурда ички жана тышкы рынокту кылдат иликтеп, “мынча тонна картошка керектелет, мынча тоннасы өзүбүзгө, калганы сыртка” деп анализ жүргүзүшү керек эле деген маселени койду. Кыргызстандын экологиялык жактан таза азык-түлүгүнө таңсык өлкөлөр көп экенин, кеп айылчарба министрлиги мыкты менеджер боло албай жаткандыгын жүйөлүү сынга алды.

Мирлан Кулбаевдин макаласы “Жал-Артиске” жашайбыз дегендердин жалыны өчөбү?” деген макаласында, ушу тапта бул үйдү кургандар менен үйдүн келечекте жашоочу тургундарынын ортосунда чыр башталганын, кезинде бул жерге көп үй курулат деген менен азырынча 4 үй тургузулганын, анын курулуш материалдары шектүү делген кептер тарап жатканын, үйдү курган “Артис Глобал Ко ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коомуна мамлекеттен ири салыкты жашырып келгендиги үчүн финансы полициясы тарабынан 2008-жылы кылмыш иши козголгонун, эми үй чатагы боюнча териштирүү соту жакында Ленин райондук сотунда каралмай болгонун маалымдады.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын “Сүйүн Өмүрзаков Ташиевди калчылдатып, кечирим суратты” деген баштема менен ачып, бул тууралуу чакан кабарында Ташиев митингде Ош шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковго каршы туура эмес сүйлөп алып, кийин андан кечирим сураганын маалымдады.

Үсөн Касыбеков президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга жасаган үч күндүк иш сапары коомчулукта чоң кызыгууну жаратканын белгилеп, ошол эле убакта кай бирлери бул сапардын ийгилигин сиркеси суу көтөрбөй кабыл алып жатканына токтолду. Айрыкча Россиянын айрым басылмалары Атамбаевдин орус президентинин алдына чындыкты айтып, маселени түз койгондугун жактырбай, кербезденип, орус министрлери болсо орус прессаларын Атамбаевга каршы “агытып” жиберишкенин, алтургай “Атамбаев Москвадагы визитинде Орусиянын Канттагы 999-авиабазасын чыгаруу боюнча билдирүү жасады” деп карандай калпты шыпырылтып жазып жатса, ал калпты угары менен “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев эртең мунум калп болуп калбасын дебей туруп эле “Канттагы авиабаза Кыргызстанда бейпилдик менен тартипти камсыз кылып турат. Биз Орусия менен гана мамлекеттүүлүгүбүздү сактап, мындан ары өнүгө алабыз. Азыр көптөгөн саясатчылар Канттагы авиабазанын турушун максатка ылайык келбейт деген маселени көтөрүп жатышат. Бул база калыш керек” деп билдиргенче шашты. Ташиев айтып чыккан “көптөгөн саясатчылардын” эч кимиси Канттагы орусиялык авиабазаны кубалап чыгуу маселесин көтөрбөгөнүн эске алсак анда Камычбек Ташиевдин айткан-дегендеринин баары курулай жалаа болуп чыгат. Бул бар болгону иштин чоо-жайына тереңдей албаган саясатчынын кылдан кыйкым издегени” деп жазды.

Президент Атамбаев 2-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бир катар орусиялык министрлер ага каршы чабуулду баштаганга даярданып жатканын жергиликтүү журналисттерге да кулак кагыш кылды.

Ушул эле “Фабула” гезитинин бүгүнкү санына “Улуу “Манас” эпосун бурмалап, Бүбү Мариямдын вариантын элге жарыялап жатканы туура эмес” деген теманын алдында айрым адабиятчылардын ойлору басылып чыкты.

Гезит “Оппозициянын 1-мартта Ошто өткөн митингинде коюлган талаптарды бийлик менен соодалашуу сыпатында баалагандар бар. Сиз буга кошуласызбы?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Саясат талдоочу Марс Сариев: Кыргызстанда башаламандык болуп туруусун көздөгөн сырткы күчтөр бар. Андыктан бийлик менен оппозиция Европанын тили менен эмес, маселени дасторкондо олтуруп кыргызча чечиши керек. Мелис Мырзакматовдун Ошто кадыр-баркы өтө чоң. Анын ошондой кадыр-баркынан сырткы күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. Андыктан бийлик оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барышы керек.

Мурдагы депутат Шамшыбек Медетбеков: 93-жылкы Конституцияны кайрадан алып келүү талабына кошула албайм. Андан көрө коомчулукка жага турган Курултай институтун Конституцияга киргизүү сунушу менен чыгышса эл колдомок. Алар болсо 20 жыл мурда менчиктештирилип кеткен нерсени кайра алабыз, Кытай менен чек араны кайрадан такташабыз деп атышат. Булардын бардыгы ишке ашпай турган маселелелр.

ЭлТРдин башкы деректири Шайырбек Абдрахманов: Бул өңдүү митингдер болуп жүргөн эле көрүнүштөр. Акаев, Бакиев заманынан бери эле келе жаткандай. Багыдай эле кыйкырмай. Ошол эле учурда оппозициясынын кыйкырганына позициясы мукактанып жооп бере албай келет. Андыктан мен биздин муундарга, бизден кийинки муунга бири-бириңерди төө бастыга алган, бири-бириңерди жамандаган гезит-сайттарды ачканга күчүңөрдү коротпогула, андан көрө күч-аракетибиздин баарын Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө жумшайлы деп айтмакчымын.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов: Шайлоону акыйкат өткөрүш керек дегени туура. Ал эми өкмөттүн отставкага кетишин талап кылгандары боюнча бир аз эртерээк дээр элем. Өкмөттүн иштөөсүнө убакыт бериш керек. 93-жылкы Конституция боюнча ой-пикрилер бүгүн эле чыга калган жок. Ал мурдатан эле көтөрүлүп келген. Бирок ага кайтып келүү үчүн аны ошол боюнча кабыл албай, бүгүнкү күндүн талабына ылайык оңдоп-түзөө менен алып келишибиз керек,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG