Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Гезиттер: Айлангөчөк


Бүгүн жарык көргөн гезиттер оппозициянын кыңыр иштери, коррупцияга каршы күрөштүн иш-аркеттери, алардын дурусу менен бурушу тууралуу сөз кылды.

Бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити “Контрабанда по Ташиевски?!" деген алакандай кабарында “Мыйзмасыз ташылып келаткан жер семирткичтерге Камчыбек Ташиевдин тиешеси барбы?” деген шектүү суроо койду.

“Коррупцияга каршы “согуш” ачылды, оппозициянын корккону не?” деген кабарында “оппозициямын дегендердин деле жакынкы мезгилде ишмердүүлүктөрүнүн кыңыр иштери оркоюп чыгат. Ушул тапта уулуу көмүргө байланыштуу Аскарбек Шадиев жана анын орун басарына кылмыш иши козголду. Аскарбек мырза парламенттин бир жыйынында “Казакстандын Кулан кенинен тендерге катыштыруу өтүнүчү менен ал кездеги спикер Ахматбек Келдибеков кайрылган” деп айткан. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Башкы прокуратура Шадиевдин бул билдиргенин тыкыр иликтеп, жакын арада Келдибековду суракка чакырганы жаткан имиш. Буга улай Акматбек мырзанын жубайы Аида Токтоматованын финансылык мыйзам бузганы боюнча фактылар күч органдарынын куржунуна түшкөнү кабарланууда” деп маалымат таратты.

Ушул эле “Алибинин” жаңы санына мындан 3 күн мурда маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовдун кызматтык машинасын МАИ кызматкерлери токтотуп, алардын жанында Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармасынын кызматкерлери болгонун, алар: "Бизге оперативдүү маалыматтар түштү. Машинада курал бар экен” деп текшерүүгө алышып, бирок эч нерсе табалбай уят болушканын, журналисттер бул ишке өздөрү күбө болушканын, текшергендер “мында тапкан жокпуз, эмикиде сөзсүз табабыз” деп кекенгендерин, демек коррупцияга каршы күрөшүүчү күчтөр тууралуу калк арасында айтыла баштаган терс көрүнүштөрдүн чындыгы бар сыяктуудай, болбосо ушул акыйкат орноду деген заманда килейген министрге жалган жалаа жабылып кала жаздаганы эмне шумдук?” деп жазып чыкты “Министрге багытталган “курал гейт” операциясы ийгиликсиз аяктады...бы?” деген макаласында.

“Жаңы агым” гезити бүгүнкү санын “Оппозициянын көмүскө акыл кошчусу Үсөн Сыдыковбу?” деген чакан кабар менен ачып, анысында: “Апрель окуясынан кийин контрреволюция жасай койом деп аз жерден түрмөгө кесилип кете жаздаган кадимки Үсөн Сыдыков кайрадан саясат “сахнасына” кайтып келгенин эшиттик. Бизге жеткен маалыматка карасак “карт бөрү” Ош мэри Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясын, Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстанын”, Камчыбек Ташиевдин “Ата Журтун”, Исках Масалиевдин компартиясын жана саясатчы Алманбет Матубраимовдун башын кошуп чоң кыймыл түзгөн атыптыр, сыягы Үсөн Сыдыков 2010-жылы Исках Масалиевдин тагдырына балта чаба жаздаган эле, деги эле Үсөн акенин мындай иштеринен майнап чыгары арсар” деп жазды.

Акматбек Келдибековдун Орусиядагы сапары майнапсыз аяктап, аны орус бийлигинин бирөө да кабыл албаганын, Ахмат мырза Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улугбек Чыналиев менен Бакиевдин кадры саналган Раимкул Аттокуровду ортого салса да эч нерсе чыкпаганын, анан ал Кремлди айланып жүрүп аянтта эстеликке сүрөткө түшүп кайтканын, Азимбек Бекназаров оппозицияга кошулбай турганын билдиргенин, анткени жакында кызматка бара турганын кыйытканын, Кыргызстандын энергетика тармагын мыкты билген эксперт Николай Кравцов кылмыш иши козголгон Аскарбек Шадиевдин Кулан көмүрүнө такыр тиешеси жоктугун Москванын “Эхо Москвы” радиосуна курган маегинде бир эмес үч ирет айтканын, 2010-жылдагы Бакиевдин Курултайында төрдө отургандардын бири да ооз ачпай “курултай дүжүр” болуп турган кезде персоналдык пенсионер, атбашылык аксакал Калыбек Арабаев топ жарып, президент Бакиевдин кемчиликтерин бетине айтып чыкканын, бул үн 7-апрелдеги революциянын башталышы болгонун белгилеген маалыматтарды таратты.

“Фабула” гезити “Атамбаев - мамлекет кызыкчылыгын көздөгөн жетекчи” деген макала менен жаңы санын ачып, анысында Атамбаевдин тышкы саясаттагы алгачкы кадамдары ишенимдүү болуп жатканын, ал кудуреттүү өлкөлөрдүн президенттери менен тең ата сүйлөшүп, мамлекеттер ортосундагы достук, саясый-экономикалык, маданий карым-катышты чыңдоого салабаттуу аркет жасап жатканын, мунусу жемишин бере баштаганын белгиледи.

Гезиттин бул санынан саясый илимдеридин доктору Аликбек Жекшенкуловдун “Президенттин коррупция менен күрөшкөнүн коомчулук колдошу керек” деген маегин тартуулады.

“Фабула” гезитинин баяндамачысы Үсөн Касыбековдун “Коолап-чайлап кеткен коррупция” деген макаласында, чоң кызматтагы аткаминерлерге кылмыш иши ачылары менен артынан жабалактап, аны коргоп чыккан депутаты болобу, башкасы болобу, ушундай ызы-чуу жаман адатка айланып калганын, ошондуктан коррупцияга каршы дүйнөлүк практика колдонуп келаткан ыкмаларды колдонуу зарылдыгын, дүйнөлүк практикада керек болсо коррупционерлерге репрессиялык чаралар көрүлөрүн, антпесе коорупцияны ооздуктоого болбой тургандыгын кеп кылды.

Журналист Үсөн Касыбеков Аскарбек Шадиевди колдоп чыккандардын башында турган депутаттар Бакыт Төрөбаев менен Талиеваны мисалга тартты. Маселен Талиева баштаган депутаттар баш прокурор Аида Саляновага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп, аны иштен айдаш керек дегенге чейин барышканын, кызуу кандуулукка алдырып жиберишкенин, анткени баш прокурорду кызматка коюу, алуу деген президенттин ишине кирерин, депутаттар бүгүн түздөн түз өз иштери болгон мыйзам иши менен алектенбей эле күч органдарын чайкап калганын жөн койсо дурус болор эле жеп жазды.

Автор макаласынын аягында азыркыдай сот системасы турганда коррупцияга каршы күрөштөн майнап чыгаруу кыйын болорун, ал тургай мүмкүн да эместигин, ошондуктан сот корпусун түп тамыры менен тазалап чыгуудан башка арга жоктугун, сотторго антикоррупциялык сынактын негизинде жаңы кадрларды алмайынча эскилерди оң жолго салууга болбостугун жазды.

“Фабула” гезитинин бүгүнкү санына “Манас” каалаган кишинин оюнчугуна айланып баратат” деген аталыш менен өткөн айдын аягында Улуттук университетте өткөн тегерек үстөлдүн материалдары жарык көрдү.

Белгилүү окумуштуу Садык Алахандын “Бүгүнкүнүн Коңурбайлары” деген макаласынын уландысы “Алиби” гезитинин бүгүнкү саны аркылуу окурмандарга тартууланды. Автор макаласында Шарыпкул Эсенгулов менен мурдагы аты Майрамбүбү Сармалдакова болуп жүрүп, кийин Бүбү Мариям деген атка конгон авторлор биргелешип жазган “Айкөл Манас” китеби катуу сынга кабылган. Анда Дамардаха дегендин кызы Парвати дегенди алып келип Кыргыз элинин Умай Энеси кылып көрсөткөн фактыларын мисалга тартат. Окумуштуу макаласында көптөгөн фактыларды келтирет. Сагымбай менен Саякбайдан, ал экөөнөн мурдагылардан мурас кылып сактап келаткан Манаска кол салууга, бурмалоого эч кимдин акысы жок экендигин айтуу менен жыйнтыктайт.

Ушул эле ойду белгилүү сынчы Кадыркул Даутов, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов, белгилүү окумуштуу омор Сооронов “Фабула” гезиттериндеги ойлорунда да ортого салды.
XS
SM
MD
LG