Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Эл кайда?


Гезиттер “оппозициямын” деген жарандардын аракеттерин сынга алган макалаларга көбүрөөк басым жасады.

“Алиби” гезити жаңы санын гезиттин башкы редакторлугуна кайра кайтып келген журналист Бабырбек Жээнбековдун ойлору менен ачты.

Аталган гезит Келдибеков өткөндө Москвага барганда Бакиевдин режимин орнотконго чоң салым кошкон Данияр Үсөновго жолукту деген имишкептер бар экенин кабарлап, Данияр оппозиция башчысына: “Силер менин Кыргызстандагы бизнесимди коргоп берсеңер мен силерди финансылык жактан колдойм” деп айтканын маалымдап, “7-апрелде дал ошол режимден окко учкан 90 жигиттин өлүмүнө түздөн түз тиешеси бар Данияр Үсөновдон колдоо күткөн оппозицияга кантип ишеним артууга болот?” деп суроо койду.

“Азат” деп аталган гезит дарыгер-нарколог Шайлообек Өмүралиевдин президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу катын басты. Катта 2 жолу үй-бүлөлүк башкаруу режимин тактан кулаткан Кыргызстандын калкы митингдерден тажап бүткөнүн, эл жаңыча, тынч жашоону каалап турганын айтуу менен президенттин көңүлүн эл менен чогуу чече турган 5 маселеге бурду. Муну аталган гезиттен толук окуп алсаңыздар болот.

“Фабула” гезити журналист Үсөн Касыбековдун “Үчүнчү революция?” деген макаласына орун берди. “Кыргызстанда эми 3-революция болот” деп төлгө тарткан көзү ачыктар көбөйгөнүн, оппозиция өкүлдөрү жаздын кыйынчылыгын бетке кармап жатканын сынга алып, революция деген өлкөгө туруксуздукту, азыркы жараталыш алып келген кыйынчылыктан дагы алда канча кырсыкты көп алып келерин, эл деген бүгүн тынч турмушту, бузуп-талкалай турган “турмушту” эмес куруп, түзөй турган турмушту көбүрөөк самап турганын, ошон үчүн улутчул “Ата-Журт” фракциясы менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан турган реваншисттерди колдогон саясый күчтөрдүн катары күн сайын сейректеп бартканы бекеринен эместигин белгиледи.

Журналист Баратбай Аракеевдин макаласы “Акаев менен жегендер “ак” экен...” деген ат менен жарык көрдү. Автор: “Мени Атамбаевди эле мактай берет деп айткандар чыгып жатат. Алтургай өзүмө келип айткандар да бар, анда кимди макташым керек? Эки айбанды - Акаев менен Бакиевди макташым керекпи?” - деп суроо коюп, Бакиевдердин бул жерде калган куйруктары Бакиев качканда өздөрү да коңулга кире качып көпкө дымып жатканын, анан азыркы бийлик демократия деп унчукпай койсо, коңулдан чыгып алып, бүгүн өз билген намазын окуп, чалмакейди чала баштаганын, Атамбаеди алып түшөбүз деп жатканын, Атамбаев деген Акаев да, Бакиев да эместигин билип туруп ушинтип жатышканын, мурдагы согуштар дагы, азыркы согуштар дагы байлык менен бийлик талаштан чыкканын, анын кайгы-муңун дайыма элди башаламандыкка үндөп, элди дүрбөлөң түшүрүп көчөгө алып чыккандар тартпастан, карапайым калк тартканын дагы бир жолу айтып чыкты.

Депутат “Пирматовдун кол тийбестигине ким каршы? Ким макул?” деген теманын алдындагы маалыматта: “Максим Бакиевдин жигиттеринин бири делген, мамлекетке олчойгон финансылык зыян келтирген деп айыпталып жаткан Пирматовдун депутаттык кол тийбестигин алып салууда аны колдоп жана каршы добуш берген депутаттардын толук тизмеси жарыяланды.

Белгилүү журналист Бөкөнбай Боркеевдин “Байкалбаган байкоочу кеңеш” деген макаласы жарык көрүп, ал коомдук 1-каналды сынга алды.


Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Айыпты оппозицияга өтүп жашырышабы?” деп аталып, анысында бүгүн оппозициямын деген жарандардын баары Курманбек Бакиевдин учурунда, кээ бирлери 20 жыл бою май талкан кызматтарда жүргөнүн белгилеп, мурдагы эки бийлик 20 жылда кыйраталбаган өлкөнү жаңы өкмөт 100 күндө калыбына келтире албастыгын, 20 жылдан бери Орусияга, Казакстанга жумуш издеп кеткен кыргыздарга азыркы өкмөт эмес, дал ошол азыр оппозициябыз деп жүргөндөрдүн өздөрүнүн да чоң салымы барын, булар коюп жаткан маселелер Бакиевдин тушунда да болгонун, бирок анда алар бүгүнкүдөй бакырып чыгышпаганын, унчукпай келишкенин дагы бир жолу эске салуу менен, өкмөттүн иш-аракетине Исках Масалиев, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров эмес, жалпы журт өзү баа бериши керектигин кеп кылды.
XS
SM
MD
LG