Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Бийлик деп жерден ажырабайлы


Кыргыз гезиттери бийликти жактаган, сындаган макалаларга басым жасады.

“Де-факто” гезити Бермет Акаеванын “Оорукчандыгы менен эсимде калган Мисир байкени кудайга койдум” деген, ”Сагызгандай сайраган оппозиция жана канкор Бакиев” деген баш темалар менен бүгүнкү жаңы санын ачып айрым саясатчылардын оюн укту.

Депутат Эркин Алымбеков: Оппозициянын июнь окуясына күнөөлүүлөрдү жазалоо талабына кошулам, анысын колдойм. Бирок булардын ичинде Бакиевди чындап колдоп, анын кызыл камчы бийлигин каалагандар бар.

Эмилбек Каптагаев: 2006-жылы “элди митингге чыгарган кыргыз элинин душманы” деп Мадумаров сайрап жүрчү. Анткени ал кезде вице-премьер болчу. Азыр ошол сөзүн эстесе карапайым элдин башын айлантып ыйманын жемек эмес. Каркыраны сатып жибергенин танып “Бакиевге каршы болчумун” деп жүзүкараланып жаткан кишиден эмне жаңылык күтсө болот. Булардын артында Бакиевдер турат деген чындыкка жакын. Апрель окуясынын каармандары ага кыжыры келип: “ким жырткыч экенин көрсөтөбүз. Мадумаров өз сөзүнө жооп берсин” деп жатышат. Азыр жарандык коом контрреволюция жасаганга жол бербейт.

Депутат Исмаил Исаков: 93-жылкы Конституцияга барышыбыз керек деп жатышат. Ага барсак чоң чатак чыгат. Акылы ордунда бар эч бир адам буга барбайт. Оппозиция бийликке келген күндө да Бакиевди алып келе албайт. Бакиев азыр ким бийликти, өкмөттү кетсин дегендерди колдоого алат.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: Азыркы Башмыйзамдын аркасы менен Ташиев да, Келдибеков да парламентте олтурат. Оппозиция бийликте турган соң конструктивдүү иш алып барышы керек. Иштеп аткан өкмөттү бир ай иштейлек жатса эле кетсин деп соодалаша бергендин түбү жакшылыкка алып барбайт. Ошол эле Мадумаров “Ак жолду” уюштуруп Бакиевдин бийлигин чыңдагандардын бири. Эгер Бакиевдин бандиттик бийлиги болбогондо мындай окуялар болмок эмес. 7-апрелге да, июнь окуясына да чекит коё албаганы азыркы бийликке аброй алып келген жок. Элди түндүк-түштүккө бөлүп атканы Бакиевдерге майдай жагат. Азыр митинг өткөрүп аткандын баары Бакиевдин мурдагы достору. Азыр Мадумаровдон өткөн бай жок. Убагында “байке пиво алып берчи?” деп жүргөн бала эле. Шайлоого жумшаган акчасын, олтурган офисин, минген машинасын карагыла? Аны ага Бакиевден башка ким берет? Бул ачык эле көрүнүп турбайбы,- деп жооп берди.

4-мартта “Манас” аэропортунан жеке менчик “Гольфстрим” деген самолет учуп келип, учуп кеткени, аны менен казак олигархы Булат Утемуртов деген келгени, баасы 470 миң евролук брондолгон бул самолетту 2010-жылкы шайлоодо Бабанов минип жүргөн деген сөздөр бары, Бабановдун аппарат башчысы Бековдун аэропорттун деректирине жазган каты, балким бул самолетту Акмат Бакиев тосуп алып өзү учуп кеткендир деген гезитттин бүшүркөөсү, бул кыңыр иште Бабановдун кулагы чыгып атканы... Айтор бул тууралуу макаланы “Кыргыздын байлыгын калпып, саясатына кийлигишкен казак олигархы” деген ат менен ушул эле “Де-фактодон” толук окуп алсаңыздар болот.

“Параграф” гезити “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот” деген Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, мамлекетик ишмер Исках Раззаковдун учкул сөзүн шилтеме кылуу менен бүгүнкү күндүн каарманы, депутат Исках Пирматовго арналган макаласында Исках Раззаков улуулуктун, тазалыктын күзгүсү катарында тарыхта калса, Исках Пирматов коррупциянын, алдамчылыктын, зордук-зомбулуктун “фигуранты” катары элдин эсинен кетпейт” деп жазды. Анын Кыргызстанга кандай зыян алып келгенин фактылар менен санап берди.

“Айат” гезити аркылуу Адахан Мадумаров “Мен Бабановдой болуп Максим менен, Айдар менен достошкон эмесмин, алар менен чогуу бизнес кылып, байлык чогулткан эмесмин. Биздин байлык бул - элдин чыныгы батасы” десе,

Депутат Камчыбек Ташиев: Эч ким коркпосун. Биз бийликти басып албайбыз. Бийликке биз мыйзамдуу жол менен келебиз. Буюрса ал күн да алыс эмес. Азыр коррупционерлер бийлик башында, биз элди ушул азаптан куткарышыбыз керек, - деп айтты.

“Айаттын” ушул эле санында Бабанов оппозиция лидерлери А. Мадумаровду, А. Келдибековду, К. Ташиевди теледебатка чакырганын кабарлады.

“Айгай пресс” гезити бүгүнкү санын депутат Акматбек Келдибековдун “2012-жылдын 21-апрелинен кийин мамлекетте чоң өзгөрүүлөр болот. Эгер коюлган талаптар аткарылбаса, анда президенттин оставкасын талап кылабыз” деген сөзү менен ачты.

Ушул эле санга журналист Күлчоро Кабыловдун “Бийлик деле “эл!” дейт, бийликке каршы адамдары деле “эл!” дейт, кимисине ишенебиз?” деген чакан макаласы басылды.
XS
SM
MD
LG