Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Митингдин “доору” бүттүбү?


Жарык көргөн гезиттер өлкө турмушундагы окуяларды жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Кереге” гезити оппозиция лидерлери Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибековго ичи чыкпаган Үсөн Сыдыков, буларың курулай кыйкыргандан башкага жарабагандар экен, ошондуктан “Адилеттүү келечек” кыймылы маанисин жоготту деп өкүнгөнүн,

“Замандаш-Современник” партиясынын атынан Ош шаардык кеңешине депутат болору менен өз партиясын сатып баса берген Нурадил Жолдошев партиянын катарынан чыгарылганын, эми партия анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн БШКга кайрылганын,

айрым басылмалар Ахматбек Келдибеков Кадыржан Батыровго Швейцариядан жолугуп, финансылык колдоо сураганын имиш кылып жазып чыгышканын, оппозициянын финансы маселесин чечүү үчүн 18-апрелде Москвага учуп кеткенин маалымдады.

“Кереге” гезити муну менен бирге эле “Оппозициянын мындан ары митингдерге чыкпайбыз” дегени канчалык реалдуу” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Депутат Эгемберди Эрматов: Чындыгында эл ар кандай ызы-чуудан тажап бүттү. Жөн эле митингге чыга бербейт,-деп,

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: Менин билишимче түштүктөн чыккан аксакал интеллигенция Бишкекте оппозиция лидерлери менен 3-4 жолу чогулуш өткөрүшкөн. Алар азыркы оппозицияны “Бакиевдин куйруктары” деп жек көрүү сезимине алып келгенин айтышкан. Мыйзамдуу жол менен келген бийликке каршы болбой, ага иштөөгө мүмкүндүк берүү жагы айтылган. Түштүк эли эмгекчил, тунук элди көрүнгөнү көрүнгөндөй пайдаланып жатканын эми түшүндү. Оппозиция саясий карьерасын сактап калыш үчүн ушундай кадамдарга барууга аргасыз болду,-деп,

Депутат Максат Сабыров: Азыр оппозициясы болобу же позициясы болобу, биригип иштешүүгө убакыт келди,-деп,

ЭлТРдин деректири Шайырбек Абдырахманов: Оппозициянын жүрүшү, саясий багыты ушундай болуп калды окшойт,-деп,

Саясат иликтөөчү Марс Сариев: Себеби азыр элди митингге чогултуш кыйын болуп калды. Оппозиция болом деген күчтөр башка стратегиялык, альтернативалык программа иштеп чыкпаса, мындан ары митинг ыкмалары таптакыр иштебестиги билинди. Мына бүгүн Кара-Балта шаарында митинг болот деп жатат. Таластагы митингди да көрдүк. Андыктан оппозиция өкүлдөрү конструктивдүү, эл чындап артынан ээрчий турган программаны иштеп чыкпаса, стратегиялык тактикасын өзгөртпөсө, эч ким митингге чыкпайт,-деп жооп берди.

Журналист Элизат Турсунова өкмөт башчысы Бабановдун ишмердигин сынга алган “Кыргызстан кантип бабандашууда?” деген макаласын жарыялады.

“Дело №...” гезити парламенттик комитеттин кеңешмесинде депутат Дастан Бекешов Кыргызстанда өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшү Дон Кихоттун жел тегирмендер менен күрөшүнө окшоп келатканын, салык, бажы, күч органдарынын кызматкерлери мурда кандай пара алып келсе так ошондой эле пара алып жатат деп айтканын шилтеме кылды.

Аталган гезит андан ары Президенттин алдындагы башкаруу Академиясынын ректорлугуна Чынгыз Шашиев дайындалганын, өкмөттүн аппаратынан атын атабай эле коюуну өтүнгөн бир кызматкеринин айтымында, буга чейин Чыңгыз Шамшиев өкмөттөгү Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун деректири кызматында иштеп турганын, бирок Бабанов менен анын ортосунда пикир келишпестик чыккандыгына байланыштуу кызматынан жылдырылганын айтып бергенин маалымдады.

“Дело №...” жумалыгынын ушул эле санында журналист Лейла Саралаеванын “Эмне үчүн Кыргызстан маалымат кармашынан утулууда?” деген, журналист Егор Орловдун “Карамушкинанын шоопурунун соту, депутат каякты карап жүрөт” деген макалаларын жарыялады.
XS
SM
MD
LG