Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Сурай турган кез келет


Жарык көргөн гезиттер баягы эле коррупция маселесин кеп кылды.

Бүгүн жарыкка чыккан “Фабула” гезити Бишкектеги Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Ала-Тоо жаңы конуштарын бириктирген аймактык-муниципалдык башкармалыктын башчысы болуп 20га жакын талапкер катышкан сынактан жеңип чыккан “Айат” гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабекова дайындалып, аталган кызматка ырасмий киришкенин, депутат Карганбек Самаков Нарын жергесин кыдырып чыгып, карапайым калкка жардам бергенин, райондун аймагындагы сел алып кеткен 13 көпүрөнү кайрадан оңдоп бермекчи болгонун, мындан тышкары айылдын мектептерине 30 компьютер белек кылмакчы болгонун кабарлады.

Ушул эле “Фабула” гезитине кайрадан коррупция тууралуу кеп кылган журналист Баратбай Аракеев: “Башкы прокуратура Исках Пирматовдун бир топ иштерин казып туруп Жогорку Кеңештен анын кол тийбестигин алып салууну суранса, депутаттар ага “тийүүгө болбойт” деп так кесе айтышпадыбы. Анын себебин билбеген адам жок. Эгерде Пирматовдун кол тийбестигин алып салса, анда ал жерден калган коррупционерлердин да кол тийбестигин алып салууга туура келет болчу. Мына маселе деген кай жерде жатат?” деп суроо койду коомчулукка.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков макаласын “Мурдунун учунан алысты көралбаган өкмөт” деп атап, өкмөттүн өнөкөт оорусуна айланган энергетикалык кризис жагдайын талдоого алды. Кадрдык түзүлүшкө токтолуп, коалициялык делген өкмөт бүгүн өрт өчүрүүчүлөрдүн гана ролун аткарып калганын, аткаруу бийлигинин курамы профессионалдардан түзүлдү деп айтууга да ооз барбай калганын, анткени министрлердин көбү популисттерден турарын убакыт далилдей баштаганын белгилеп, өкмөт айрым министрликтерди жоюп, чиновниктердин санын кыскартуу сыяктанган 100 күндүк программасын ала чуркап парламенттен аман-эсен өткөрүп кеткендигин ишинин жетишкендиги катары көрсөтүп жатканын сынга алды.

“Алиби” гезити жаңы санын журналист Болотбек Таштаналиевдин “Таштандыдан бизнес жасагандар башкасынан бизнес кыла албайт бекен?” деген макаласы менен ачты. Автор коррупция деген сойлоп олтуруп, эми таштанды төккөн аймакты да жыландай ороп алганын, таштанды төккөн жерди илгери эле шаардык кеңештин депутаты Павел Десятников ижарга алып койгондуктан, “бул аймакка таштандыны иштеткен завод курабыз” деп келгендерди жакын жолотпой жатканын, анткени ушул эле жерден Десятников олчойгон киреше табарын баяндады.

Болотбек мырза муну менен бирге эле Максим Бакиевдин тизмеси менен шайланган Бишкек шаарынын депутаттарынын көбүнүн шаар жүргүнчүлөрүн тейлөө кызматына тешеси бар экендигин, ошондуктан жакында кымбаттаган жол кире акысынын тамыры дал ушул кызыкчылыкта жаткандыгын, азыркы депутаттардын "итке минип калды" дегенинде эле эки-үчтөн рестораны, жок эле дегенде фирмалары барын, ошол эле Павел Десятников “Дос.ЛТД” деген фирманын кожоюну болорун, ушул фирмада иштеп жүрүп жаракат алган кызды сыздатып, майып кылганы аз келгенсип чыгымын төлөбөй, кыздын ата-энесин ыйлатып келатканын кеп кылды. Жолкире кымбаттаганы менен тейлөө мурдагы бойдон эле калганын, экономика жана монополияга каршы министр Темир Сариев каякты карап олтурганы белгисиздигин кулак кагыш кылды.

Журналист Мирлан Кулбаевдин “Алибинин” бүгүнкү санындагы макаласы “Кармалгандын баары “ОПГбы?” деген ат менен жарык көрдү. Автор аталган макаласында кылмышка шектүү делген адамдарды кыйноо ыкмасы менен зордоп мойнуна алдырган күч органдарынын кызматкерлери жазаларын албастан кайра эле өз орундарында кылы кыйшайбай иштеп келатканын жазып чыкты.

Мейизкан Мамырбекова аттуу окурмандын “Жулунган аял... Журт бөлгөн Молдобаев” деген ат менен маеги жарыяланды. Маекте Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаевдин жосунсуз жоругу тууралуу баяндалган.

Журналист Тынчтык Алтымышев макаласын “Бишкегибиз-Кыргызстан борбору, оңолобу “бомба түшкөн” жолдору” деп атап, Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарын бириктирип, аягы барып автобазардан бүтүүчү долбоордун ушу тапта былк этпей жатканын, жолдордун бомба түшкөндөй абалын фактылар менен окурмандарга тартуулады.

Философия илимдеринин доктору Чолпонбек Нусуповдун “Байыркы кырк уруу кыргыздар” деген уландысы бар макаласынын башы да бүгүнкү “Алиби” гезитине жарыяланды.

Профессор Абдылда Мусаевдин “Миң жашаган” Түгөлбай Сыдыкбеков” аттуу макаласынын кезектеги баяны да ушул санда.
XS
SM
MD
LG