Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргызстан дин полигонуна айландыбы?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин айрымдары кыргызды ичинен жеп келаткандар тууралуу коңгуроо какты.

“Де-факто” гезити бүгүнкү санын депутат Каныбек Осмоналиевдин маеги менен ачты. Ал: “муфтияттагы өтө чечен бир азамат бар, “кепиндин чөнтөгү жок” деп көп сүйлөйт, бирок өзүнүн 40 чөнтөгү, жеке өзүнө тиешелүү 10 мерседеси бар. Араб өлкөлөрүнөн акчаларды алып турат. Муфтияттагылар сөз жүзүндө бирди, иш жүзүндө такыр башканы кылганга өтүп алышты.

Кыргызстан дин полигонуна айланып баратат. Диний секта, уюмдардын арасында саясатчы, чиновник, министр, депутат, окумуштуулар бар. Ар биринин артында сырттан финансылаган, моралдык, материалдык жактан колдогон кожолору турат. Мисалы азыр 60тан ашык медресенин кээ бирин пакистандык таблиги жамаат, башкаларын Түркиянын, Сауд Арабиянын пансиондору, дагы бирин ирандыктар финансылоодо. Кыскасы Кыргызстан алар үчүн каалаганын жасай бере турган бейиштин төрүндөй жер. Кыргыз бир силкинбесе болбой калды. Кыргыз эч качан диндин фанаты болгон эмес”, - деп айтты.

“Учур” гезити “Бүбүлөр ойрондогондо” деген рубриканын алдында филология илимдеринин доктору, адабиятчы Кубан Мамбеталиевдин “Кайыптан да “Манас” жазылчу беле?” деген аталыштагы маегин жана ушул эле ат менен ага түшүндүрмө берген макаласын жарыялады.

Кубан Мамбеталиев “кайыпчы” Бүбү Мариямдын китеби Сагынбай менен Саякбайдын классикалык үлгүлүү варианттарынын тизмесине кирбестигин, ага кирүүгө негизи да жоктугун, “Бийиктик” басмасынын деректири Жумадин Кадыров “кайыпчы” Бүбү Мариямды Карлос Кастанеда менен Рон Хаббардга теңегенин, салыштыруунун логикасы жоголгондо ушинтип кум менен алтын бирдей болуп көрүнүп каларын айтып: “Мен Жайсаңдын командасына кошулбайм, кайыптарга сыйынбайм, материалисттик көз карашым мистикалык чыгармаларга таасирленбейт”, - деп буга карата китептеги жайсаңчылар кеп кылган адам аттарынын тарых тургай кыргыздын санжыраларында да изи жок экендигин далилдер менен көрсөттү.

“Учур” гезити ошондой эле "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго сөз берди. Адахан мырза маегин “Ачкөздүк менен бийликке жеткендер жеке кызыкчылыктын кулуна айланды” деп атап: “Саясат чөнтөктүн же, же билектин күрөшү. Бүгүн бийликти алмаштыруу абдан оңой. Облус, райондорду басып алуу эки сааттык жумуш. Бирок биз үчүн Кыргызстан деген өлкөнүн кызыкчылыгы жогору. Бүгүн мен басып алсам, беш айдан кийин сен басып ал, маскарабыз чыкпайбы! Азыркы бийликтегилер бийликке жетпегенде дал ушундай жолго бармак, буларда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон сезим жок, ач көздүк менен гана бийликке жетип, жеке кызыкчылыктын кулуна айланып калган”, - деп айтты.

“Параграф” гезити депутат Бакытбек Жетигенов менен маектешти.

- Жогорку Кеңеште “казинолордон акча жасагандар же ошол кумарканаларды кайрадан ачтырууга кызыкдар болуп чуркап жүрүшөт” деген кабарлар маалымат каражаттарында айтылып жатат. Атын айталасызбы, алар кимдер?-деген кабарчынын суроосуна депутат: “Ата-Журт”фракциясындагы Абдимиталип Кочкорбаев деген депутат ушул маселени көтөрүп, “казинолорду кайрадан иштетсек” деп комитетрде чуркап жүрөт. Минтип кайрадан казино маселесин көтөрүп чыккандар кумарканадан акча жасап жаткандар. Азырынча бир эле Кочкорбаев чуркап жатат. Эгер аны кайсы депутат колдосо, аны акчага сатылгандар деп билсек болот, - деп жооп берди.

“Айат” гезити “Өзгөрбөсөң элдин шору же Атамбаев биздин жазганды окуйбу?” деген ат менен журналист Балбак Түлөбаевдин макаласын тартуулады. Макалада казак-кыргыз чек ара бекетинин илгеркидей эле жол менен иштеп жатканын, же буларга бийликтин алы жетпей, чек арачылар бийлик башындагыларга “саботаж” кылып жатканын биле албай башы катканын жазып, чек ара бекетинде кезек күтүп турса бир жигит: “тез өткүң келсе 1000 сом дегенин, анан соодалашып жатып 500 сомго макул болгонун, анан аркы шлагбаум кармаган чекарачыга 200 сом берип ары жакка тез өткөнүн, бекет ызы-чууга, акыр-чикирге, кир-таштандыга толуп, кебетеси кетишинче кеткенин, кире беришиндеги МАИ, чекара, бажы, баарынын ставкалары” бар экенин шардана кылуу менен: Урматтуу президент! Чек ара, бажы сиздин түз көзөмөлүңүздөгү жакын адамдарыңыз. Аларга айтпайсызбы? “Таза коом” курам” деген убадаңыз кана? Же антикоррупциялык кызмат бул короого кирбейби?

Убагында Бакиев керек болсо шаарды жөө кыдырып болсо да бир сыйра карап чыкчу. Депутат Карамушкина адамды сүзүп өлтүргөн шоопурун кат жазып атып СИЗОдон чыгартып алды. Адилетттүүлүк кайда? Оппозициянын айласы кетип, элди чогулта албай жатканы чынын айтканда Чүй, Нарын, Талас анан Ысык-Көл эли тарабынан колдоо болбой жаткандыгында болууда. Бирок бул темп менен кете берсеңер эл күзүндө ой-пикирин өзгөртүүсү мүмкүн. Дүйнөдө бийлигин курал менен, криминал менен, акча менен коргоп калса Бакиев коргоп калмак”, - деп ачуу кебин айтты.

Ушул жылдын 26-майында Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылы менен Чолпон-Ата шаарынын ортосунда өтө турган эл аралык марафондун маанисин чечмелеген, дагы башка суроолорго жооп берген депутат Карганбек Самаковдун маеги жарык көрдү.

“Манас айтылып, комуз күүсүнө термелип, кол өнөрчүлүктүн кереметине баткан таланттарга бай Теңир-Тоо” деген ат менен жарык көргөн сүрөттүү баянда “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти Гүлмира Мамбаталиеванын теңиртоолук жаш таланттар менен өткөргөн кароо-сынагы тууралуу кеп болду.
XS
SM
MD
LG