Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

“Манаска" жортуул


Бүгүн баяндама жасай турган гезиттер Манаска байланыштуу макалаларды басып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити жаңы санын “Манасчылар менен жайсаңчылар” деген баш тема менен ачса, “Жаңы агым” гезити “Миң жылдан ашык жашап келаткан Манасты каралоо кайра башталдыбы?” деген баш тема менен жаңы санын ачты. “Фабула” гезити Кыргыз Улуттук университетинин доценти Курманбек Абакировдун “Манаска” каршы чоң казат” деген уландысы кийинки санга калтырылган макаласын жарыялады.

“Алиби” гезитиндеги журналист Тынчтык Алтымышевдин макаласы мындан эки күн мурда Бишкектин тарых музейинде дал ушул “Манас” боюнча өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциянын жүрүшүн кенен чагылдырып берди. Макалада конференциянын катышуучуларынун көбү “жайсаңчылар” кайсы бир диний секта өңдүү ишмердик менен алектенерин, анткени булардын башын бириктирген “Кылым көчү” деген уюм “элдин башын” айланткан “сандырак китеп” чыгарып, алар Жайсаң Ата дегенге ант берип, чыпалагынан кан чыгарып убадалашарын, анттын текстин адегенде жумгалдык жайсаңчы Шакин Эсенгулов жазып, бирок аны Жайсаңдын арбагы жаратпай коюп, жаңы вариантын Бүбү Мариям аркылуу берип жибергенин, бирок мүчөлөрдүн ичинен азырынча жалгыз гана чыпалагынан кан чыгарган кинорежиссер Эрнис Абдыжапров болгонун, бирок Жайсаң тигил жакта туруп алып капа болуп: “Жалгыз гана Эрнест кан берди, калганың качан бересиң” деп сурап атканын окумуштуу Садык Аллахан докладында айтканын жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезити илимий-конференцияны алып баргын Кыргыз республикасынын баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев учурда “Манасты” түшүнгөндөрү да, түшүнбөгөндөрү да беттерине кармап алып, каалагандай булгап атканын, “Манас” эпосуна чабуул мындан мурун 52-жылы болуп, анда Болот Юнусалиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мухтар Ауэзов жана башка атактуу окумуштуулар, жазуучулар сактап калса, азыр да Сагымбай менен Саякбайдын “Манасын” бурмалоо кайра башталганын белгилеп, Бексултан Жакиев муну менен бирге эле Бүбү Мариямды колдогон 21 киши конференцияга чакырылганын, жарыш сөзгө да жазылганын, бирок Темирбек Токтогазиев баш болгон айрым жайсаңчылар залдан чыгып кеткенин кабарлады.

Маданият министри Ибрагим Жунусов:Мен Бүбү Мариям эжени көргөн эмесмин. Бирок чыгармачыл киши катары таң калып турам. Эртең болбогон бир обондорун чыгаралбай жүргөндөр: “Бул деген Рыспайдын жаңы ыры, бул Атайдын жаңы ыры, мага алардын арбактары аян берип жазып алдым деп ырдап чыкса эмне болобуз? Менимче, азыр ар кандай секталар, атын чыгаргысы келген саясатчылар Манасты жамынып алып ар кандай иштерди жасап атышат” деп айтты.

“Бийиктик” басмасынын деректири Жумадин Кадыров Бүбү Мариямды окумуштуу адабиятчылар тоготпой келишкенин, аны окумуштуу Раиса Кыдырбаева айткандай терең изилдөө керектигин, кайсыл китепти окуш керек, кайсыл китепти окубаш керектигин окурман өзү чечиши керектигин, баарын мезгил өзү аныктарын билдирди.

Жумгалдан келген жазуучу Канболот Бердикеев “Жайсаң” китебинин кайсы каражаттардын эсебинен чыгып, кандай финансыланганын, кимдер артында турарын шардана кылды. Ал ошондой эле “жайсаңчылардын бул уюму Шакин Эсенгулов атайын уюштурган диний-экстремисттик секта" экендигин белгиледи.

Ошентип кыргыздын Улуу сөзү болгон “Манаска” арналган илимий-конференция бул боюнча жакын арада атайын кабыл алган резолюциясын маалымат каражаттарында жарыяларын кошумчалады.

“Фабула” гезити журналист Эртабылды Аттокуровдун “Мегаком” сатылбашы керек” деген, Айбек Шамшыкеевдин улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгына байланыштуу даярдаган баянын басты.

“Алиби” гезити депутат Туратбек Мадылбековдун “Мегакомдогу” коррупциянын гүлдөшүнө Убактылуу өкмөттүн үч мүчөсү күнөөлүү” деген маегин, атактуу ортопед-травматолог, академик Сабыр Жумабеков тууралуу сүрөттүү макаланы тартуулады.

“Жаңы агым” гезити Алым Токтомушевдин “Кайда?” деген макаласын окурмандардын ой элегине салды. Макалада президент Атамбаевдин, жалпы эле мамлекеттин тышкы саясаттагы шилтеген кадамдары жиликтөөгө алынды, автор азыркы коомдук-саясый кырдаал Бакиевди бийликке алып келгенден кийинки 2-3 жыл менен коендой окшош болуп аткандыгын далилдер менен мисалга тартты.

Гезиттен булардан тышкары Нурканбек Керимбаевдин “Бабанов жыттанган "Мегаком". Абеков деген желмогузбу же периштеби?” деген макаласын окуууга болот.

“Жүз долларлык билеттер, келбеген Севани жана Бишкекти бийлеткендер” деген макалада Атай Өмүрзаков уюштурган дүйнөлүк бийчилердин Бишкектин Спартак стадионунда өткөн чоң бийи тууралуу баяндалды.
XS
SM
MD
LG