Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Кадрга муктаждык


Гезиттер өлкө кадр маселесинен аксап келатканына окурмандардын көңүлүн дагы бир жолу бурду.

Бүгүн жарык көргөн “Кереге” гезити баягы Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин телефондон сүйлөшүп атып, Максим Василий Иванович деген ысымды бир нече жолу атап, “ал бийликти басып алып, контрреволюция жасоодо чечүүчү ролду ойнойт” деп айтканын эске салып, ошентип Максим менен Жаныш сөз кылган Василий Иванович деген орус улутундагы адам эмес, кадимки эле өзүбүздүн генерал Артур Медетбеков экени элге кырк жылдан кийин эмес кырк күндөн кийин дайын болгонун, ошол Артур мырза азыркы оппозициянын көмүскөдөгү “администратору” болгондугу тууралуу кеп тарай баштаганын, оппозицияга болсо Адахан Мадумаров демөөрчүлүк кыларын “Василий Ивановичтин карааны” деген кабарында жазып чыкты.

Ушул эле санга ошол эле Артур Медетбековдун “Июнь окуясына азыркы бийликтегилер күнөөлүү” деген аталыш менен маегин жарыялады. Маегинде ал Ош калабасы саясый-укуктук жактан баасын ала электигин, күнөөлүүлөрдүн бири дагы азыркыга чейин жазалана электигин, башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештеги билдирүүсүндө эч нерсени айтпаганын сынга алды. Артур Медетбеков ошону менен бирге эле азыр өлкө саясатында аймактык башкарууга жарака кеткенин, өлкөнү адистер башкарбай эле кайсыл партия бийликке келсе ошол партиянын өкүлдөрү башкарып калганын, бул акыры жакшылыкка алып келбей тургандыгын белгиледи.

Журналист Элизат Турсунованын макаласы “Өзөктү өрттөгөн кырдаалдар жана өкмөттүн “өлүк” убадасы” деп аталып, селди, кар көчкүнү, жол кырсыгын баяндап келип, Бабанов башкарган өкмөттүн ишмердигин сынга алды.

“Дело №...” гезити бүгүнкү санын журналист Лейла Саралаеванын “Мүлк фонд деректиринин отставкасынын артында эмне катылып жатат? Премьер Бабановдун мамлекетке каршы демилгеси” деген макаласы менен ачып, сыягы премьер-министрге өз оюнда бекем турган принципиалдуу кызматчылар анча жага бербестигин, анткени мүлк фонд деректири Марат Аманкуловду кызматтан алганга чейин Бабанов Стратегиялык изилдөө институтунун деректири, дүйнөлүк экономика жаатындагы окумуштуулар тарабынан таанылган, профессионал Чыңгыз Шамшиевди кызматынан айдаганын, ушул кезде коомчулук өкмөт башчысы Бабановдун мына ушул өңдүү демилгесинин арты кандай болорун тап жылдырбай байкап турганын баяндады.

“Позор!” деген аталыш менен чакан кабар тартууланды. Анда Транспорт министрлигинин чиновниктери бекер билет талап кылгандыктары үчүн жаңыдан ачмай болгон Стамбул-Бишкек-Улан-Батор авиакаттамын ачуудан түрктөр баш тартканын, муну угары менен вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “бул өңдүү адамдарды кызматынан айдап гана тим болбостон жоопко тартуу керек” деп жини келгенин кабарлады.

Гезит муну менен бирге эле Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жумада парламенттик беш фракциянын өкүлдөрү менен жолукканда ызы-чуу болуп аткан “Мегаком” жөнүндө да сөз кылып, “Алтын жумуртка тууп берип аткан тоокту да сатчу беле? Эгер “Мегаком” өзүнүн чыныгы баасы болгон 500 млн. долларга сатылбай турган болсо, анда ал мамлекетте калат. Ал эми “Мегакомдун” айланасындагы коррупциялык иштери менен күнөөлөнүп жаткандардын баары кадыр-баркына карабастан татыктуу жазаларын алат” деп айтканын “24.Kg” маалымат агенттигинин маалыматына таянуу менен кабарлады.

Мамлекеттин акчасын жеген коррупционерлерди кеминде 15-20 жылга түрмөгө тыгыш керек. “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев демилгечи болгон Кылмыш кодексине мына ушундай кошумчаларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун фракция жактырганын маалымдады. “Дело №...” гезити андан ары Текебаевдин жакында депутаттардын тобу менен Кытайга барып келгенде коррупцияга аралашкандыгы үчүн Бээжин менен Шанхайдын мэрлери, Кытайдын футбол боюнча курама командасынын экс-президенти атууга кеткенин айтып бергенин шилтеме кылды.

Оппозиционер Камчыбек Ташиев премьер-министр Бабановду жакында темир тордун артында отургузууга убада бергенин да ушул гезиттен окуйсуздар.

Депутат Өмүрбек Абдрахмановдун айтуусу боюнча, парламенттин аппаратында 120 депутатты тейлеш үчүн ушул кезде 834 адам иштейт.

Ушул эле санга “Раушан Рыкунованын сот залындагы билдирүүсү” деген ат менен макала басылып чыкты.

АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфолл 2009-жылы Американын “Манастагы” аскер базасынан баш тартыш үчүн Бакиевге орус бийлиги чоң суммадагы пара бергендигин Москвадагы Жогорку экономикалык окуу жайынын окутуучулары менен студенттеринин жолугушуусунда айтып орустардын оозун Ошту каратканы тууралуу Вадим Ночевкиндин макаласында кеп болду.
XS
SM
MD
LG