Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Атамбаевдин эрки жетеби?


Бүгүн жарык көргөн гезиттер саясат, эл турмушу, маданий окуялар тууралуу жазды.

“Де-факто” гезити Кытай сапарында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Датка-Кемин электр линиясы менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тагдырын чечкенин, Токтогул шаарчасында баптист болуп кеткен адамдын үйү өрттөлүп, өрттөгөн 4 адам колго түшүрүлгөнүн, кыз ала качкандар мындан ары 5 жылга түрмөгө кесилерин, Мелис Эшимканов атындагы фонд ачылганын, экс-президент Роза Отунбаева ушул жылдын 2-3-августунда кыргызстандыктарды алгачкы жолу уюштурулуп жаткан “Мекендештер” форумуна чакырып жатканын кабарлады.

“Де-факто” гезити ошону менен бирге эле “Атамбаев премьерди тандоодо жаңылганбы?” деген баштеманын алдында айрым депутаттардын, саясатчылардын ой-пикирлерине орун берди эле жооп бергендердин дээрлик бири калбай Бабановдун иши жакшы болбой калгандыгын, минтип олтурса жыл аягына жетпей кызматтан кетерин айтышты.

Башкы прокурор Аида Салянованын түз байланыштагы эки беттен турган маеги “Мурзалиев менен Абеков чабак эмес” деген аталыш менен жарык көрдү.

“Айат” гезити журналист журту ишемби күнү “Хаят” мейманкансында Мелис Эшимкановду эскерерин, Ташиев жана анын командасы кечирим сураганына болбостон “Айат” гезитин сотко берип жатканын, АКШ өкмөтү эгер Американын авиабазасын калтырсаңар Катар мамлекети аркылуу бир жарым млрд. долларды жардам катары беребиз деп убада бергенин, Атамбаевдин жаштар түгөп калгансып эски коммунист Улугбек Чыналиевди Украинага элчи кылып дайындаганына түшүнө албай тургандар көп экенин, Оштун мэри Мелис Мырзакматов жакшы иштеп жатканын маалымдады.

Гезит мындан сырткары “Ош шейиттер биримдиги” коомунун төрайымы Тургунай Айтиеванын “Бакиев бийлиги келе электе эле Ош окуясы, өзбек-кыргыз согушу башталган” деген аталыштагы маегин окурмандарга тартуулады.

“Учур” гезити Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдун “Президенттин коррупцияга каршы күрөшүн Бабанов колдогон жок” деген ат менен маегине орун берди. Депутат Кожобек Рыспаевдин “Максим Бакиевдин системасы кайра орноду” деген, депутат Абдрахман Маматалиевдин “Темир жол курулушуна каршы чыккандар кыргыздын душманы” деген маектери бар.

Журналист Зулпукар Сапановдун макаласы “Алмаш Шаршенович, коррупциянын колун керте алабадыңыз го!” деп аталса, саясый коньюктура борборунун деректири Сергей Михеевдин интервьюсу: “Кыргызстанда феодалдар өз максаттарына жетүүнүн жолун үйрөнүп алышты, бирдеке болсо эле элди көчөгө чыгарып, жолду бөгөйт. Атамбаев катуу режимди орното алабы, албайбы, аны айтуу кыйын. Көп ката кетирген Бакиевден айырмаланып, анын ишмердүүлүгү кыйла ийгиликтүү болот деп үмүттөнөбүз. Анын үстүнө жаңы лидердин кандайдыр бир харизмасы бар” деп аяктаган.

“Асман press” гезити түштүктөгү коогалаңды иликтөө боюнча комиссиянын эксперти, тарыхчы Табылды Акеровдун “Кадыржан Батыров Бакиевге барбай койгон” деген ат менен, мурдагы Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиевдин “Аида Салянова менен мамилем жок” деген аталыштагы маектерин басты.

Гезит вице-премьер “Гүлнара Асымбекованын өрдөктөрү”, “Бабановдун балитикасын Ташиев шардана кылды” деп кабар таратты. Акыркы кабарында “Ак үй ичинде Бабанов кызматтан кеткени калды, эптеп кызмат абалынан пайдаланып, өз бизнесин өркүндөтүү үчүн чет өлкөлөргө чабагандап жүрөт” деп жазды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маеги “Министрликтин өнүгүшүнө Ташиевдин салымы бар” деп аталса, депутат Жылдызкан Жолдошеванын маеги “Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн аброю 7-апрелде эле төгүлгөн” деп аталды.

“Параграф” гезити журналист Жума Мамбетовдун “Эл аралык мамиледе өтө этияттык керек” деген макаласына орун берди. “Үч кайрык” деген теманын алдындагы үч суроого коомдук ишмерлер Мирослав Ниязов менен Орозбек Дүйшеевдин жооптору басылды.

Мирослав Ниязов авиабаза тууралуу маселеге токтолуп, “Америкалыктар Кыргызстанда калганга албетте кызыктар, бул маселе боюнча ачык сүйлөшүүлөр жүрүп, биздин мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн туура чечим кабыл алынат деп ишенем” деп жооп берсе,

Орозбек Дүйшеев, “Америкалыктар ар бир өлкөгө мамлекеттик уюмдарды ачып коюп өз кызыкчылыгын гана көздөп жатат. Мындай уюмдардын көбү адам укугун коргоо менен алектенип жүрөт. Андан көрө экономикалык багытта иш алып барышса жакшы болмок. Бизге жалпы элдин кызыкчылыгын колдогон уюмдар керек”, - деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG