Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Бумеранг


Гезиттер Ош коогалаңын эскерүүгө арналган макала, маектерге көңүл бурду.

“Күндаректин” бүгүнкү санына “Баатырларды мезгил жаратат” деген рубриканын алдында “Ата Журт” партиясынын башчысынын бири Камчыбек Ташиевдин “Менин тилегим” деген китеби жарык көргөнүн кабарлап, автордун ошол китебинен “Ош окуясы: тагдырымдын татаал күндөрү” деген ат менен үзүндү тартуулады.

“Убактылуу өкмөттүн күнөөсү жок дештин өзү кылмышка тете көрүнүш” деген ат менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Талант Мамытовдун журналист Папан Дүйшөнбаевге курган маеги жарыяланды.

Талант мырза сөзүндө: “Түштүктөгү трагедиялардын келип чыгуусунун негизги түрткүсү - Убактылуу өкмөттүн Кадыржан Батыровду өзбектердин лидери катары таанып, анын кызматынан пайдаланып, эрке балага айландырып жибергендиктеринде болуп саналат. Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү ага кайра-кайра телефон чалып, кагылышуулар башталганга чейин “сен электоратың менен бизди колдо, колдосоң өкмөттөн орун беребиз” деп соодалашып турушкан” деп айтты.

Талант Мамытов андан ары 7-апрелде бакиевчилер элди атканын, алар реваншисттер деп жарыяланганын, бирок Курманбек Бакиев менен коюн-колтук алышып жүргөндөрдүн баары эле азыр президенттин, премьер-министрдин айланасында отурганын, апрель окуясына күнөөлүү болуп качып жүргөндөрдүн бири да кармалбаганын, анткени качып жүргөндөр бул жерге келип сурак бере баштаса, биз билбеген жашыруун сырлардын көбү ачыкка чыгып кетээрин, ошондуктан азыркы бийликтегилерге алардын чет өлкөдө качып жүргөнү жакшы экендигин билдирди.

Депутат Исмаил Исаков “Азыркы бийликти арзыматтар курчап алды” деген ат менен маек курду.

Бүгүн жарыкка чыккан “Алиби” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Замандаш-Современник” саясий партиясынын теңтөрагасы Эмил Өмүракунов менен, Бабырбек Жээнбековдун Айтматов тууралуу академик Абдылдажан Акматалиев менен маектерин жарыялады. Ушул эле автордун мурдагы сандан бери жарыяланып келаткан эл акыны Өмүрканов тууралуу “Мен билген Анатай” деген баяны да бар.

Журналист Адылжан Жажановдун “Оорукананын жерин саткандар” деген, Канышай Мамыркулованын “Башы айланган сот, баарынан тажаган Аббасов” деген макалалары басылды.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров июнь коогалаңы тууралуу маегинде: “Сооронбай Жээнбеков, иниси Асылбек Жээнбеков экөө июнь окуясына чейин менден “ок-дарысы менен эч кимге айтпай бер деп, жыйырма чакты автомат сурашкан” деп айтып, дагы көп нерселердин башын чыгарды. Журналист Мундузбек Тентимишевдин эки беттен турган макаласы “Каныбек Иманалиев калпычыбы же “көзү ачыкпы?” деген ат менен тартууланды.

“Фабула” гезити бул санын “Д. Үсөнов кармалып келсе, кимдер качырганын бирден санап берет” деген баш тема менен ачты.

Баратбай Аракеевдин “Улуттук идеологияны тебелеп жүрөбүз” деген макаласында өлкөнүн жазалоо мыйзамында кемчиликтер өтө көп экенин, 20 жылдан бери темселеп таппай жүргөн идеология улуттун каада-салтында жатканын ишенимдүү жүйөлөр менен баяндап берди.

Депутат Чолпон Султанбекова “Баяман тирүү болгондо түштүк окуясы болмок эмес” деп айтуу менен, Бакиевди бийликке алып келген да Баяман болгонун айтты.

Журналист Абдувахаб Мониев маек куруп, улуттук накта баатырлар ушул кезде “кокту-колот баатырларынын” көлөкөсүндө калганын кыргыздын алгачкы генералы Ыскабек Мониевдин мисалында кеп салды.

“Күндарек” гезити “Өмүрбек Бабановдун үстүнөн тон бычылдыбы?”, “Аманкуловдун агы ийилип, бирок сынбайбы?”, “Кыргыз кыялы менен байыйт”, “Өкмөт күзүндө тынч кетет” деген майда макалаларын басты.

Жакында оппозициялык маанайдагы саясый партиялардын бир нечеси биригип “Адилет” аттуу кыймыл түзүп, төрагалыгына коммунист Исках Масалиев, орун басарлыгына мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев шайланганын кабарлады.
XS
SM
MD
LG