Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Башаламан-ашаламан


Гезиттер коррупция, жасалма диплом, жасалма окутуучу, жасалма МАИ ж.б. тууралуу жазды.

“Фабула” гезити коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз деген күч органдарынын колунан эч нерсе келбей жатканын, эт менен челдин ортосунда жүргөн чоңдордун ордуна Өмүрбек Суваналиев керек болуп турганын, президент ортодогу таарынычын элдин иши үчүн унутушу керектигин кулак кагыш кылды.

Өзбек сеператисттеринин анабашы Кадыржан Батыровдун Арсланбаптагы үйү мамлекетке алынганын кабарлады.

Ушул эле “Фабула” гезити президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комиссиясынын жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиеваны ошол жерде иштеген кайсыл бирөөлөр иштен кетирем деп жатыптыр, бирок редакция Бүбүкан айым менен бул маалыматты тактаганда, ал кадимикдей эле иштеп атканын маалымдады деп жазды.

Гезит белгилүү журналист Баратбай Аракеевдин “Кылымдын жолу кылтылдап турат, кыз-уулун берсең ыйманын сакта!” деген аталыштагы макаласын басты. Анда тилекке каршы жаштардын көбү жалаң байлык, кызмат кууганга өтүп алганын, кызмат менен акчанын артынан түшкөн адамда ыйман, боорукердик деген болбой тургандыгын, кайсыл бир эксперт “азыркы жаштардын үчтөн бири кылмыш дүйнөсүнө аралашат” деп айтканын, жыйындарда Манастын тукумубуз деп төшүбүздү барабан кылганды коюп, келаткан муундун келечеги жөнүндө ойлоно турган иштер толтура экендигин элдин эсине салды.

Гезитте башпрокурор Аида Салянова менен президент Алмазбек Атамбаевди тоготпогон тергөөчү жөнүндө макала бар.

“Фабуланын” жаңы санына министр Темир Сариевдин маеги, депутат Эркингүл Иманкожоеванын “Акматбек Келдибековду мен кетиргенсип, ал мага каршы чыкты” деген ат менен маеги, депутат Нурлан Төрөбековдун “Жаныш Бакиевге алтын кылычты мен берген эмесмин” деген маеги жарык көрдү.

Журналист Жолдошбек Токоевдин “Алиби” гезитинин бүгүнкү санындагы “Мен айтпасам ким айтат?” деген рубриканын алдындагы макаласы “Элдик курултай дегенибиз бу Жогорку Кеңеш эмеспи...” деп аталды.

Автор президент “Азаттыкка” берген маегинде “Азыркы парламенттин таратууга негиз жок, тараткан күндө деле кайра ушулар келет” деп айтканын, ушундан көп өтпөй эле Атамбаев көлдөгү студенттер менен жолугушуусунда “Жаман үйдү коногу бийлейт” дегендей “азыркы кезде уурулар билип жатат” дегенин, президент мурунку айтканы сөзү аркылуу кийинки айтканына каршы чыкканын, анткени уурулардын бир тобу Атамбаев таратууга болбойт деген Жогорку Кеңеште олтурганын, “эл кайра шайласа кайра эле ушулар келе берсе, анда “уурдай бергиле” деш керекпи, Кыргызстанды мындан ары деле алдамчылар, “бизнесмен” болуп алышкан алып-сатар кызыл-кулактар, депутат терисин жамынып алып Акүйдө отурган криминалдар башкара берсинби?” деген суроо койду жана бийлик сересине Алмазбек Атамбаевди Кыргызстандын эли жеткизгенин, демек ким болсо дагы элден жогору тура албастыгын кулак кагыш кылды.

“Баары жасалма, профессор да, диплом да” деген макалада каякты карабагын баары чакчелекей түшүп жатканын, башканы коюп билим берүү тармагын алсак таптакыр талкаланып бүткөнүн, маселен 12 жылдан бери мамлекеттен айлык алып МАИ болуп жүргөн эки шылуун кармалганын, булардын дипломдору Арабаев жана Раззаков атындагы университеттерден жасалганын, ал эми Арабаевдин ректору Төлөбек Абдырахманов дипломго тиешебиз жок деп актанып атканын, адам оорусуна каршы күрөштү окуткан Медициналык академия да так ушундай дартты жугузуп алганын, бул окуу жайынан жасалма справка менен эле илимий даража алып жүргөн, алтургай профессор болуп алган окутуучуну таап чыкканын, анын аты Зиябидин Айдаров деген экенин, жогорку окуу жайлары “Дордой” базарынан айрымасы жок болуп калганын жазды.

“Алиби” гезити журналист Таалайбек Абдылдаевдин “Шералынын чокою эскиреби же Өмүрбек Текебаевге эс киреби?” деген макаласын тартуулады. Макала депутат Өмүрбек Текебаевдин саясаттагы ишмердигин жана адамдык сапаттарын сынга алды.

Канышай Мамыркулованын макаласы “Укугу тебеленген жетекчи, иши жок олтурган жумушчулар” деп аталып Торугарт - Бишкек - Нарын автожолунун жетекчиси Туратбек Макеевдин тегерегиндеги иштер тууралуу сөз кылды. Эки адамдын чатагынан катардагы жумушчулар жабыркап, ишсиз олтурганын жазды.

Болотбек Таштаналиевдин макаласы “Көзүн май баскан бийлик, депутаттарга үнү жетпеген жаштар” деген ат менен жарыкка чыкты. Анда шаар ичиндеги коомдук транспорттун жолкире акысын кымбаттатканга нааразы болгон жаштардын үнү Бишкек шаар кеңешинин депутаттарына жана шаардын чиновниктерине жетпей жаткандыгы тууралуу жазылды.
XS
SM
MD
LG