Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Эмне кеп?


Гезиттер өлкөдөгү ички-тышкы окуяларды чагылдырган материалдарга орун берди.

“Алиби” гезитинин бүгүнкү санын журналисттер Канышай Мамыркулованын “Кедейдин эс алганы - көң чапканы”, Адилет Айтикеевдин “Жагалданган КТР, жаргак шымчан кыз”, “Болотбек Таштаналиевдин “Наглыйлардын” арасында “наглый” болбой жашоо мүмкүн эмес” деген макалалары менен ачты.

“Ак-Турпактагы кичинекей Өзбекстан” деп аталган макала Кадамжайдагы мына ушул айыл округунун аймагындагы 1 жарым млрд. куб газ сыя турган газ сактоочу жайдын тагдыры 20 жылдан бери чечилбеген бойдон, СССР кезинде коңшу өлкөгө каратылган бойдон келатканы тууралуу кенен кеп козгоду. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчыбай Төралиевдин айтымында, 90-жылдары бул жерден суткасына 80 тоннадан нефти чыгып турган. Өткөн жылы эле бул аймакта жайгашкан 20 чакты мунай кудуктарынын 10го жакыны иштеп, күнүнө 20 тоннага чейин нефть алынган. Айыл башчысынын кебин тыңшасак, нефтинин запасы аябагандай эле көп. Бирок бардык маселе чек араны демаркациялоо ишине барып такалып, өзүбүздүн жерибиздеги нефти өзүбүздүкү боло албай токтоп турганы баяндалат макалада.

Ушул эле санга дарыгер Оморбай Нарбековдун “Саламаттык сактоо тармагындагы коррупциянын чекеси оюла элек” деген аталыштагы маеги басылды.

Филолог окумуштуу Муңдук Мамыровдун “Кыргыздын байыркы Гомери” деген макаласы жарык көрдү. Макаласында окумуштуу “Жайсаң ким болгон?” деген суроону чечмелөөгө аракет кылган. Ушул эле макаланын катарына филолог окумуштуу Садык Алахандын “Арбактан алынган “Айкөл Манас” же азыркынын Коңурбайлары” деген баяндамасы жарыяланууда.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Адыраңдап кетпейли, аярлап басалы...” деген макаласына окурман көңүлүн буруп, президент Алмазбек Атамбаевдин Кытай сапарын кеп кылды. Кытай тарап экспорттук-импорттук “Эксимбанк” аркылуу “Датка-Кемин” электр станциясын жана “Кемин” подстанциясын курмай болгонун, Кытайдын “Чайна петрол компани” компаниясы Кара-Балтада курулуп жаткан мунайзат иштетүүчү заводдун курулушуна 250 млн. доллар жеңилдетилген кредит берип, завод жылына 800 миң тонна мунайзатты кайра иштетүүгө күчү жетерин жазып, өлкөнүн тышкы саясаттагы кадамы азырынча жаман болбой жатканын баяндады.

“Фабула” гезити ушул эле санына экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевди сотко бергенин, анткени депутат Ташиев аны “Мегаком” компаниясынан уурдалган акчага Садыбакосовдун тиешеси бар, 2 млн. АКШ доллары анын европалык мамлекеттердин бириндеги эсебинде сакталып турат деп айтканын, ошондон кийин анын бул айтканы жалган экендигин өзү дагы, Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызмат дагы жокко чыгарганын, бирок буга болбойле Ташиев жалган жалаасын уланта бергенин, ошондон улам, адамдык ар-намысын коргоо үчүн сотко бергенге мажбур болгонун билдирди.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов маегин “Коррупция менен коррупционерлер күрөшүп жатса, кантип жыйынтык чыксын...” деп атады.

Айтылуу куудул Күмөндөр Абыловдун “Айлаң кеткенде алтын балык кармап алгың келет” деген маеги да ушул санда.

“Фабула” гезити ошону менен бирге эле он жаштагы Эрбол Атабаев аттуу жердешибиз атактуу “Барселона” командасынын футболдук академиясында окумай болгонун, эки жыл окуй турган бул окууга кыргыздын таланттуу футболчу баласы дүйнө жүзүнөн сынакка катышкан 300 баланын ичинен жеңип чыккан 15 баланын ичинде болгонун сүйүнчүлөдү.

Гезит андан ары “Республика” фракциясынын лидери Канатбек Исаев “Мегакомдун” мүлкүн улутташтыруу менен бир топ маселе чечилерин, ошондо анын артында “Республика” партиясы турат деген сөздөр жокко чыгаарын билдиргенин жазып чыкты.

Бул гезит ошондой эле “Камволдук-нооту комбинаты” Максим Бакиевдин менчиги экендигин, убагында мамлекетке салык төлөй албай калгандыгы үчүн Свердлов райондук салык инспекциясы алып койгонун, эми болсо соттошу аркылуу Бакиевдин башка бир уулу Марат Бакиев кайра алганы жатканын, Марат Бакиевдин Бишкек шаарында эле 5 үйү барын, Бакиевдин учурунда азыркы президент Атамбаеге каршы “аңчылык” кылып келген адамды Улуттук Коопсуздук комитетинин төрагасы Шамил Атаханов өзүнүн орун басарлыгына алып барганын уккан Акүйдөгүлөрдүн өзү уу-дуу болуп атканын жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG