Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Ашаламан өлкөдө башаламан


“Дело №....” гезити бул санын күч органдарындагы окуяларды иликтөөгө арнады.

“Дело №...” гезити “Чалдовардагы бунт” деген рубриканын алдындагы макаласында ведомосттор аралык комиссия Панфилов раймилийсанын башчысы К. Кушчиев, анын орунбасары А. Оморов, кылмыш иликтөө боюнча жетекчиси Т. Турдукулов үчөө тең башаламандыктын түздөн-түз катышуучуларынан болушкан деп тапканын, ошондой эле райондун прокурору Э. Жаманкуловду, орунбасары К. Бурхановду кызматтарынан алуу тууралуу сунуш кылганын, мындан тышкары өздүк курамдагы милийсалардын баарын кайрадан карап чыгуу менен кызматкерлерин Чүй аймагына жана республиканын башка аймактарына аралаштырып иштетүү зарыл деген жыйынтыкка келгенин маалымдады.

Редакция алган маалыматтар боюнча, Чалдовардагы башаламандык боюнча тергөө иштери катуу тартип менен жүргүзүлүп жатканын, жакында күнөөлүүлөрдү камакка алуу башталарын, иликтөө иштеринин бардык материалы чукул аранын ичинде президент Алмазбек Атамбаевдин алдына келип түшөрүн кабарлады.

“Перспектива” аттуу аналитикалык консорциумдун башчысы Валентин Богатырев тегерек үстөлдөгү сөзүндө “Бүтүн Кыргызстан” менен “Ата Журт” партиялары башында турган республиканын бардык оппозициялык күчтөрүн сынга алды.

“Бүгүнкү оппозициябыз деген күчтөр – бул саясий жактан жолу болбой калгандар, саясий чайкоочулар жана саясий алып сатарлар, анткени алар карапайым калктын таламын талашуунун эсебинен эмес, эптеп эле бийликти сындоо менен жан багып келаткандар. Болбосо, башка жерди кой, Ахматбек Келдибеков Алайда катуу жут болгонун, малга чөп жетишпей кырылып жатканын кантип эле билбей калсын, “башы оорубагандын кудай менен иши жок” деген ушул, анткени ага баары жетиштүү. Оппозиция жадагалса кудайдын кырсыгын да өкмөттүн башына жугунду куюш үчүн пайдаланды, калың карды өкмөт жаадырып, жутту Бишкекте олтуруп алып Бабанов жасагансып” деп айтты.

Политолог Богатыревдун айтымында, Акаевден берки келаткан оппозициянын доору бүттү, өлкөгө жаңы көз караштагы, жаңы муундун оппозициясы керек, биринчи иретте ал оппозиция президент Атамбаевдин өзү үчүн керек. Кийинки оппозиция эски оппозицияга караганда алда канча билимдүү, акыл-эстүү болушу зарыл.

“Дело №....” жумалыгынын бул санына “Эл соттордун тазаланышын талап кылат” деген макала басылды. Макалада соттор боюнча президенттин айткандары шилтемеге алынган.

Гезит Бишкектин 1-СИЗОсунда болуп өткөн январь айындагы бунттун катышуучулары жазага тартылып жаткандыгы боюнча журналист Артур Исаевдин макаласын басты. Буга улай эле криминалдашкан милийсаларды тазалоо өлкөнүн түштүгүндө да башталганын, Оштогу 5-СИЗОнун эки кызматкери: Аскарбек Кадиров менен Максатбек Караевдер камакка алынганын кабарлады

“Шоу аяктады. Рыкунова утулду...” . Бишкектин Свердлов райондук соту 13-июнда өз өкүмү менен “Мегаком” компаниясынын акчаларын сыртты көздөй чыгарып кеткендиги үчүн Раушан Рыкунованы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратып, аялдардын түрмөсүнө кескенин сот жүрүшүн баяндаган ушундай аталыштагы макалада кенен кеп кылды. “Мегакомдун” ошол кездеги башчыларынын бири Андрей Силичтин көрсөтмөсү менен компаниянын кассасынан 30 млн. 344 миң сом беш компанияга таратылып берилген. Сот дагы бир фактыны аныктагандыгын, Азимбек Бекназаров жетектеген БЭК партиясына 2010-жылдын сентябрь айында Рыкунованын сиңдиси Айнура Сим Рыкуновалардын атынан 125 миң АКШ долларын взонс катары төккөнүн, бул акчалар аркылуу Раушан Рыкунова менен анын сиңдиси Жибек Качиева экөө БЭК партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коймок болгонун баяндады.

Гезит жакында эле жолдо бараткан кишини сүзүп өлтүрүп кеткен милициянын канынан спирт ичимдиги табылбаганын маалымдап, буга карата гезит окурмандарынын ойлорун ортого салды. Айрымдарын окуй кетели.

“Милиция, соттор, прокурорлор – баары биринин көчүгүн бири тазалап келаткандар. Бизде күнөөсү башынан ашып турса дагы чиновниктер эч качан жазаланбайт, алар адам өлтүргөнү аз келгенсип, анын сөөгүнө түкүрүп туруп басып кете беришет. Анысы аз келгенсип, кызмат ордунан жогорулап кеткеничи? Биздин мамлекет мына ушундай мамлекет. 20 жылдын ичинде киши өлтүргөн чымын өлтүргөн менен барабар деп түшүнгөн бүтүндөй бир муун арабызга келди. Мыйзам деген жогору жактагылардын жер менен басып жүргөн карапайым адамдар үчүн жазган эрежеси, ал эми өздөрү үчүн эч кандай мыйзам, эреже, тартип деген жок. Биз ушинтип жашап калган мамлекетке айландык”.

“Урматтуу президент! Эмне үчүн сиз ушундай бөтөнзордукка чыдап олтурасыз? Же 3-революцияны күтүп олтурабызбы? Кудай ошол үчүнчүдөн сактасын, кокус 3-революция болсо ал мурдагылардай милиция бөлүмдөрүн басып алуу менен башталбайт, андан башкача, андан жаман болот”.
XS
SM
MD
LG