Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Эмне жалган, эмне чын?


Гезиттер саясый, социалдык маселелерге басым жасады.

“Алиби” гезити Адилет Айтикеевдин “Тышкы иштер министрлигиндеги үй-бүлөлүк саясат”, Тынчтык Алтымышевдин “Шаарыңар ушубу?”, Болотбек Таштаналиевдин “Жогорку Кеңштин жолубуз болбоду” деген аталыштагы макалалары менен бүгүнкү санын ачты.

Аталган гезит Таалайбек Абдылдаевдин “Сатып кетүүнүн” устасы” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Макалада Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев тууралуу сөз болот.

Москва райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Рамис Ибраимовдун маеги “Пара алсам мен жооп берейин, кызматты кыянат пайдаланса алар жооп берсин” деген аталыш менен жарык көрдү. Гезит окурмандарга өткөн сандарынын биринде Рамис Ибраимовду ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармасынын кызматкерлери “пара алуу учурунда” кармалды деп, кабинетинен кармап кеткенин, ал ИИМдин кызматкерлери тарабынан оор жаракат алып, ооруканага жаткырылганы маектин башында эскертти

Ал эми гезит кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып Ибраимов пара албаганын, милийсалар аркылуу катуу сабалганын, азыр суракка жооп бергидей абалда эместигин, кайтарууга алып коюшканын, бирок “кыргызча бүтүрөлү, келишели” деп элчилери келип жатканын, ким колу менен жасаса мыйзам түрүндө мойну менен тартышы керектигин, учурда райондук ички иштер бөлүмүндө жетекчи болуп иштеп аткан инисин “кызматың керек болсо агаңдын оозун бас” деп жатышканын, мындай аракеттерден Ибраимов коркпой тургандыгын айтып берген.

“Коррупцияга каршы жарандык кыймылынын” төрагасы Б. Досалиевдин Таластан жөнөткөн каты “Жалган “баатырлар” өлгөндөрдү гана эмес, тирүүлөрдү да кордоп жатат” деген ат менен жарыяланды.

“Фабула” гезитинин бүгүнкү санындагы макаласында журналист Баратбай Аракеев бийлик тууралуу сөз кылып, парламентте отурган 5 партия жалпы шайлоочулардын 37 процент добушу менен гана шайлангандар экенин, шайлоочулардын жарымынын добушун алалбай калган мына ушул парламенттин кейпин эми Бишкек шаардык кеңеши да кийгени жатканын, азыр Кыргызстандагы бардык бийлик бутактарында Бабановдун “Республика” партияларынын мүчөлөрү көптүгүн, эми ал жергиликтүү кеңештерди колго алуунун түрдүү жолдорун ойлоп жатканын, Бабанов премьерликтен кетсе мэр болууну көздөп жатат окшойт деп жазды.

Эл арасында “Ушул өкмөт бат эле кетсе экен” деген сөздөр жок эместигин, негизинен Бабановдун автопортрети тартылып бүткөнүн, Карашевдин активдүүлүгү жетпей жатканын, Оторбаев чет өлкөдөн келүүчү инвесторлорду мактап атып тили тешилгенин, бирок инвестиция алып келчүлөрдүн дайыны жоктугун, Асымбекованын мамлекеттик ишине өзүнүн жеке бизнеси тоскоолдук кылып атканын, транспорт министри жол эмес, килейген үй куруу менен убара болуп атканын белгиледи.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Фабула” гезитине “Айлыгы 20 миң сом болсо, бирок өзү 10 миң доллар айлык алгандай жашаса ал таза сот эмес” деген ат менен маек курду.

Текебаев сот реформасы тууралуу кеңири баяндады. Көптөгөн суроолорго түшүндүрмө берди.

Гезитке журналист Эрнис Асек уулунун бир тууган агасы, маркум Мелис Эшимканов тууралуу маеги, Мелистин дүйнөдөн кайталек кезиндеги ой-максаттары тууралуу кеп кылды.

Фабуланын" ушул эле санына “Үч адамды өлтүрткөн Рахматулло Турановду эркиндикке чыгарууга ким кызыктар?” деген макала жарык көрдү. Макалада мындан 9 жыл мурун Аламүдүн районунда адамдын чачын тик тургузган оор кылмыш катталып, 56-жылы туулган Бажанова Дина, анын досу Гүлнара Мурадилова жана Бажанованын 9 жаштагы жээни Бекежаеваны кылмышкерлер балта менен чаап өлтүрүшкөнүн, күч органдары тарабынан кылмышты жасаган Свиятенко Маргарита, Валиахметов жана Коратких деген үч адам кармалып, жогорудагы үчөөн өлтүргөнгө 58-жылы туулган Рахматулло Туранов аттуу адам буйрук бергени аныкталганын, кылмышкерлердин баары жазаларын алганын, Туранов өмүр бою түрмөгө кесилгенин, бирок бул адам 2007-жылдан бери эле арызданып, 9 жыл түрмөдө жаткан адам эми эркиндикке чыгуунун аракетин көрүп келатканын, анын ишин жакында Свердлов райондук соту карагын жатканын, жабырланган тарап мурдагы өкүмдү күчүндө калтыруу боюнча Жогорку сот менен Башкы прокуратурга арыз жолдогонун маалымдады.
XS
SM
MD
LG