Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:23

Күттүргөн күз


Гезиттер өлкөнүн ички-тышкы турмушуна байланышкан ар кандай макалаларга кенен орун берди.

“Де-факто” гезити жарык көрүп, жамааты менен августтун тогузуна чейин эс алууга кетерин, окурмандары менен бир айдан кийин жолугарын кулактандырып, бүгүнкү санын Бүргөндүдөгү мунай кени боюнча ой-пикирлердин топтому менен ачты. Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев Акаев менен Бакиев мамлекеттин башына адашып келип алган адамдар болгондуктан далай маселе чечилбеген бойдон, чечилмек тургай тескерисинче мамлекеттин башын ооруткан маселе бойдон калганын кеп кылды.

“Кумтөр” алтын кени боюнча оюн “Центерра Голд Инк” компаниясынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Амангелди Муралиев билдирип, маегинде Канада тараптан эч кандай мыйзам бузуу жок экендигин айтты.

Экс-президент Роза Отунбаеванын кытайлык кыргыздарга барып, ал жерде өткөн “Манас” майрамына катышып келгенин, ошону менен бирге эле анын демилгеси менен ушул жылдын 2-3-августунда өткөрүлө турган “Мекендештер” форумуна 25 күн калганын, форум Кыргызстанды өнүктүрүүгө арналарын, биримдиктин күчүн сынарын, Мекен үчүн чындап күйгөндөрдүн ордосу болорун маалымдады.

“Де-факто” гезитиндеги маегинде депутат Өмурбек Текебаев, Бабановдун өкмөтүнө ишенимдин жоктугу кайдан, эмне үчүн чыгып жаткандыгынын себептерин түшүндурүп берди.

Ушул эле санда “Кумтөр” мафиясы кечээ жана бүгүн” деген макала бар.

“Учур” гезити бүгүнкү санын Азимбек Бекназаровдун “Күзгө чейин күтөм, бийлик оңолбосо, дагы революция жасайм” деген аталыштагы маеги менен ачты.

Бекназаров сот реформасы, бийлик менен эл, Бабановдун өкмөтү тууралуу ой бөлүштү. Түлеевдин камалышына токтолуп, “Тулеев жана ага окшогон Акаев менен Бакиевдин “шамдагай” балдары эртеби-кечпи мыйзам алдында жооп бериши керек. Андайлар көп. Аларда намыс да, ар да жок. Адегенде Акаевди “атам”, Айдарды “досум” дегендер кийинки бийлик келери менен Бакиевди “атам”, Максимди “досум”, Жанышты “акам” дешкен. Азыр алар ар кайсы партиянын улагасында жүрүшөт. Коррупцияга каршы бул күрөш токтоп калбай уланышы керек. Түлеев эле эмес, чет элдиктерге жеке менчикке берилген “Кумтөр”, КЦШКга окшогон объектилер артка кайтарылып, бир канчаларын камоо керек” деп айтты.

“Учурдун” ушул санына “Бакиевдин баласы” - бар бекен иште чаласы?” деген аталышта Түлеев тууралуу макала да жарыяланды.

Гезит жердин силкинерин алдын ала сезген аппаратты ойлоп тапкан ноокаттык Тимурлан Абдижалил уулу жөнундө чакан макала басып, “ХХI кылымдын интеллектуалдары” сынагында Орусия, Казакстан өңдүү коңшу өлкөлөрдөн келип кароого катышкандардын арасында Тимурландын эмгеги Гран-прини жеңип алганын, Тимурлан ошондой эле топурагы борпоң, нымга туруштук бере албаган, тоолуу аймактарда көп болуучу сел менен жер көчкү сыяктуу табият кырсыктарын алдын ала биле турган аппарат да ойлоп тапканын, бул аппарат 1 баллга жетпеген толкунду сезип дароо кабар берерин, адамдар кырсыкка кабылбай, документтерин сактап калганга үлгүрүп каларын жазып чыкты.

Буга удаа эле Түптүн Тасма деген айылында көлдүк аялдар биригип алып, элдик ыкма менен шыбактын бүрүнөн, ит мурундан, эрмен менен алабатадан, кыскасы ар кандай чөптөрдөн шакар самындын 13 түрүн жасап чыгарып келаткандыгын, мындай самындар жара дарттарына миңдин бири экендигин баяндап берди.

“Параграф” гезити Нариман Түлеевдин ишмердигин, анын камакка алынышын баяндаган депутат Өмурбек Абдырахмановдун макаласын окурмандарга тартуулады. Депутат Абдырахманов макаласынын аягын: “Нариман Түлеевге шарттуу түрдө өкүм чыгарылып, абактан бошотулат. Ага тагылган айыптар далилденбейт. Сурак, тергөө иштери аягына чыгарылбайт. Анткени анын камалып турушу Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өткүчө гана керек болууда. Айтты, койду дебегиле” деп бүтүргөн.

Журналист Азизбек Келдибеков “Параграф” гезитинин бул санына “көз жүгүртүп коюңуз?” деген рубриканын алдында “Көп күйөөгө тийип чыккандай, көп партияга кирип чыккандар” деген ат менен улам бир партиядан бир партияга мүчө болуп келаткан депутаттардын тизмесин шардана кылды.

Бул санга ошондой эле медицина илиминин доктору Абдулаат Кадыровдун “Күндө дүйнөдө 5 миң адам кургак учуктан каза болот” деген аталыштагы маеги басылды.

“Де-факто” гезити “Кумтөр” алтынынын тагдырын чечкен келишимдер. Кайсы чиновниктер кол койгон?” деген макала жарыялады. Кол койгондордун тизмесинде мурдагы юстиция министри, азыркы депутат Курманбек Осмонов, мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаев, “Кыргызалтындын” мурдагы деректири, маркум Кудайбергенов бар.
XS
SM
MD
LG