Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Кербен жүрө берет


Гезиттер баягыдай эле саясий турмушка басым жасады.

“Учур” гезитине маек курган “Республика” фракциясынын депутаты Канат Исаев, Убактылуу өкмөт баштаган улутташтыруу иштерин азыркы өкмөт улантпаганын, убагында Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү болгон объекттер элге кайтарылып берилбей эле кайрадан тымызын сатылып жатканын, өкмөттүн кадр саясаты туура эмес экендигин, экономика өспөй ылдыйлап баратканын, карапайым калктын жашоосу кыйындыгын, ушуларды көрүп туруп партиялаш болсо дагы Бабановду колдобой тургандыгын айтты.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров соттор коррупциялашканын, соттордон адилет чечим чыгышы да кыйын болуп калганын, буга мисал катары улутташтырылган объекттердин бир нечесин ууруларга же мурунку эле ээлерине кайтарып беришкенин, бирок коррупцияга каршы күрөш башталганын, мындай кадамдар жасалбаса мамлекетин оңолушу кыйын болуп калганын, элдин ырыс-кешигин жеп келгендердин орду элдин арасында эмес, түрмөдө экендигин, эл бүгүн ушуну күтүп турганын, эгерде мыйзам бузса, жеп-ичсе мага демектен президент болсо да жоопко тартылышы керектигин айтты.

Памир Манас аттуу автордун ушул эле “Учур” гезитиндеги макаласы “Камчыбек Ташиев “Ата Журттун” лидери болду, бирок аны тилектештери колдогон жок” деп аталды.

“Пресс.kg” гезити “Келескоп” деген ат менен Фарид Ниязов, Икрам Илюмжинов, Молдакун Абдылдаев, Болот Сүйүнбаев жана Абдил Сегизбаев тууралуу чакан сүрөттөмөлөрдү басты.

Жакшылык Бердибек уулунун макаласы “Кыргызстанда динге аралаша турган саясий партия жаралды” деген ат менен жарык көрдү. Ал “Ыйман нуру” деп аталарын, максаты – ыймандуулук маселесин алдыга койорун баса белгиледи.
“Үч кайрык” деген рубриканын алдындагы чакан баяндамаларда президент Алмазбек Атамбаевдин, депутаттар Камчыбек Ташиевдин, Өмүрбек Текебаевдин ишмердиги кепке алынды.

Ушул эле гезит эгемен Кыргызстандын тарыхында жакында кызматын тапшырып берген Чубак ажы Жалилов бешинчи муфтий болгонун, буга дейре Садыкжан Камалов, Кимсанбай ажы Абдрахманов, Мураталы ажы Жуманов дин башчылыгын башкарганын эске салуу менен муфтийлик кызмат 20 жылдан бери эле чыр-чатаксыз чечилбей келатканын, серепчилер мунун себебин муфтиятка ажыдан жана башка булактардан түшкөн акча талаш экендигин, акча талаш динге көзөмөлдүк кылган бийлик тараптан дагы, башка күчтөр тараптан да болуп тургандыгы менен түшүндүрдү. Ар дайым адалдык жөнүндө сайрап, азан чакыргандар да арам оокатка же акчага келгенде Кудайды каратып туруп алсыздыгын көрсөтөрүн белгиледи.

“Арена.kg” гезити “Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсаловдун “Чалмакей чалып, кайра-кайра өкмөт түзгөнгө кыргыз эли макулдук бербейт” деген ат менен маегин тартуулады. Эдил мырза ушу тапта Бабановдун айланасында укмуштуудай кептер айтылып, күзүндө кызматтан алып түшүү аракети жүрүп жатканын, бирок өзү буга каршы экенин, себеби иштей элек өкмөттү кайрадан алып түшүү Жогорку Кеңештин өзүнө эки деген баа бергенге барабар болорун, анткени бул өкмөттү так ошол Жогорку Кеңештин 4 партиясы түзгөндүгүн айтты. Парламент кааласа кетирип, кааласа каалаганын коюп, 120 депутат Кыргызстанды каалагандай калчай бергенге кыргыз эли жол бербей тургандыгын, Кыргызстандын эли депутаттарга оюнчук эместигин, ошондуктан же өкмөткө иштегенге убакыт бериши керектигин же парламент өзү таркашы керектигин билдирди.

“Арена.kg” гезитинин бул санынан “Ата Журт” партиясы Камчыбек Ташиевдин менчигине кантип айланды же саясый ажырымдын пардасы шыпырылганда” деген жана партиянын болуп өткөн съезди тууралуу пикирлерди да окуйсуздар.

Булардан тышкары мурдагы депутат Бегалы Наргозуевдин “Канат Исаев Текебаев менен тымызын байланышка өтүп, ар түрдүү саясый интригаларды ишке ашырууга аракеттенген” деген маеги, “Сулаймановдун эки жылы” деген жана башка макалалар бар.

Жаркынай Бердалиеванын муфтийликтен кеткен Чубак Ажынын муфтийликке келгендеги алгачкы маеги бул санга кайрадан басылып чыкты.
XS
SM
MD
LG