Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Миң түркүн адамдар


“Алиби” гезити жаңы санын журналист Адилет Айтикеевдин кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макаласы менен ачты.

“Фабула” гезити жаңы санын майда кабарлар менен ачты. “Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Ак үйдөн акча алып чыккан дегенди танып келген эле, эми ошол “ушак” тузакка айланып, Элмурзанын эки жансакчысы 7-апрель күнү эки мүшөккө салынган 3 млн. 300 миңдей долларды эки ай бою бир орустун үйүндө кайтарып жатканын тергөө органдарына айтып бериптир, эми Башкы прокуратуранын башы катып жатат дейт, кайсы берене менен иш козгойбуз” деп,

“Президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиев башында турган комиссия Жогорку Кеңештин 80 депутатына генерал чинин берип, 1000 доллар айлык төлөгөнгө сунуш киргизген. Сатыбалдиевдин мындай “берешендиги” ансыз да жарылганча тоюнуп жүргөн немелерге 1000 доллардан айлык чектеп берүү ансыз да араң турган элдин кыжырына тийбес бекен?” деп,

“Бабановдун кол алдындагыларга миң сөгүш берсе да майнап чыкпайт” деп, ал арада Бабановдун “Республика” партиясы ичтен ирий баштады. Вице-спикер Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү партиясын түзүп өзүнчө кетиши “Республиканын” ич ара ирип бүткөнүнөн кабар берет” деп,

“Юстиция министрлиги жумушунан абийири төгүлүп айдалган кызматчыларды мындан ары мамлекеттик кызматка жакын жолотпоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты” деп,

“Депутат Нурлан Сулайманов изин жашырып, чет өлкөлөрдүн биринде качып жүрөт. Баса бул ишке Ак үйдүн аттуу-баштуу бир адамы киришип, ишти кыскартканга аябай аракет жасап жатканын уктук, анын атын атай турган болсок коомчулук козголуп кетиши мүмкүн. Эл өкүлдөрү эс алууга чыкканча күтө туралы” деп кабар таратты.

“Жаңы агым” гезити “Акматбек Келдибеков “Ата Журттан” чыгып, өзүнчө партия түзгөнү жатат деген имиш тарады” деп,

“Борбордук офиси Вена шаарында жайгашкан Эл аралык журналисттер союзуна кыргыз журналисттери Кубан Мамбеталиев, Асланбек Сартбаев, Акмат Алагушев, Марат Токоев жана Балбак Түлөбаев мүчө болушту. Жакында Бишкекте филиалы ачылып, аны Кубан Мамбеталиев жетектемей болду” деп,

“Республика” фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаевдин Токмок шаарын башкарган кезиндеги финансылык мыйзам бузуу фактылары тастыкталып, кылмыш иши козголот экен деген имиш тар чөйрөдө талкууга айланууда” деп,
“Күттүргөн күздө Бабанов өкмөтү отставкага кетери жашыруун сыр деле болбой калды. Жаңы өкмөттүн башына келчү негизги талапкер катары президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиев, Ош губернатору Сооронбай Жээнбеков, 1-вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин ысымдары аталууда. Булар менен бирге эле тизмеге баягылардан Амангелди Муралиев менен Эсенгул Өмүралиев кошулду” деп,

“Алиби” гезити “Парламенттин акыркы жыйынында өкмөттүн дарегине өкүртө сын айткан Камчыбек Ташиев фойеге чыккан премьер-министр Өмурбек Бабановду кучактап: -Өмүке, бул ирет катуурак кыйкырып койдум, оң алба. Мени билесиң, сага оюмдун түз экенин,-десе, кеп жебеген Бабанов: -Камчыке, сен бүгүн образга катуу берилдиң. Актердук мастерствоң күчтүү да, - деп тамалашканын көргөндөр буларды карап туруп өңү же түшү экенин билбей калышыптыр дейт” деп кабар таратты.

Аталган гезит “Жогорку Сотко талапкерлер тандалууда” деген макала жарыялады.

Макалада: “Бирок учурунда Бакиевдердин дүжүр судьясына айланган, ал кездеги 1-Май райондук сотунун судьясы, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеген Мадина Давлетбаевага окшогондор тандоо кеңешинен такалбай өткөн соң айла жок жакаңды карманат экенсиң” деп белгилеп, “эгер эртеңки тагдырыбыз, акыйкаттык деген кымбат болсо, анда Жогорку Сотко “жолдомо” алган ушул талапкерлер тууралуу далилдүү фактыларды “Алиби” гезитине жөнөткүлө. Биз аларды гезит бетине жарыялап, чыныгы орду кайсыл жерде экенин эсине салып турамакчыбыз” деп жазуу менен 2-турга өткөн судьялардын тизмесин кошо басты.

Журналист Канышай Мамыркулованын “Балээнин баары “Баш коргоо чарасы” дегенден башталат тура” деген аталыштагы иликтөө макаласы жарык көрдү.
Анда Чүйдүн Орок айыл өкмөтүнө караштуу Селекция айылынын тургуну Исмаил Токобаевдин президентке, башкы прокурорго, ИИМ министрине кайрылуу каты жарык көргөнүн, анда сыздаган ата кызын кордогондорго чара көрүлбөй келатканы баяндалды.
XS
SM
MD
LG