Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Ич күптүлөрдүн өчү


Бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити жаңы санын депутат Туратбек Мадылбековдун “Бабановду парламенттин 1-жыйынын 1-саатында кетиребиз!” деген сөзү менен ачты.

Ушул эле санга Акынбек Капаров аттуу автордун “Өкмөткө чабуул күчөдү. Дирижерлук “пультта” Надель, Елисеев, Ширшов, Максимчик...” деген макаласы тартууланып, андан “Кыргызстандын жаңы күчтөрү” деген ат менен чыккан партия Максим Бакиевдин каражаты менен түзүлгөнүн, азыркы өкмөттү алып түшөбүз дегендердин башында дале ушул Елисеев, Ширшов, Максимдер турганын жазып чыкты.

Депутат Туратбек Мадылбеков Бабановду кетирүүнүн төрт себебин айтып берди. Бакыт Эргешбаевдин каты “Бакиевдердин байрагын көтөргөн судья...” деп аталып, анда Ленин райондук сотунун судьясы Таалайгүл Кадыркулова тууралуу сөз болот.
Канышай Мамыркулованын макаласы “Өкмөт башчы өзү баш болуп мыйзам бузуп жатат” деп аталып, МАИ тармагындагы реформа талдоого алынды.

Акылбек Жапаровдун пенсия тууралуу жар салган жаңылыгы жакшы кабыл алынбай калды окшойт. "Фабула" гезити бүгүнкү санына: “Эгер бул Жапаров дегениң пенсионерлердин турмушун терең анализге алса, анда 10 миңдин тегерегинде айлык алгандар өз эмгеги менен өмүр бою тер төгүп келгендер. Алардын пенсиясын эч кимдин кыскартууга акысы жок. Жапаровго нандын, сүттүн, ундун, эттин, казы-картанын, чучуктун, арактын ж.б. кымбаттаганы сокур тыйынчалык да таасир бербейт. Эгер пенсияны кыскартам десе 40-50 миң сом пенсия алган генералдар, мамлекеттик чиновниктер бар ошолорду кыскартсын” деп жаны кашайды.

Ушул эле “Фабула” гезити аркылуу депутат Чыныбай Турсунбеков өкмөттүн тагдыры августта эмес, сентябрда чечилерин, бирок өкмөттүн 70 пайызы жакшы иштеп жатканын, алмашса 30 пайызы алмашарын айтты.

“Жаңы агым” гезити “Өкмөттү мөөнөтүнөн мурда кетирүү демилгеси көтөрүлгөнү туурабы?” деген суроого айрым жарандардын берген жообун басты.

Депутат Өмүрбек Абдырахманов: Бул бийликке гана жетүүнүн максаты. Өкмөттү кетирем дегендердин баары эле менин кишимди кызматка койбой койдуң деген ич күптүлөрү бар үчүн ушундай кадамга барып жатышат. Бул кадамды биринчилерден болуп “Ата Мекен” баштады. Депутат Асия Сасыкбаеванын колу менен “Кыргызнефтегазга” Каныбек Масировду жетекчи кылып дайындап берүүсүн өтүнгөн кат өкмөткө жиберилген. Бирок өкмөт бул сунушту четке каккан. Коалицияга кирип алып өкмөттү кетирем деп кыйкыруу бул шантаж, өтө уят кадам.

Журналист Нурканбек Керимбаевдин “Жаңы агымдагы” макаласы “Бардакка айланган Ош бажыканасы же акчанын, билектин күчүнө салгандарды тыйчулар барбы?” деген ат менен жарык көрүп, анда Ош облустук бажы кызматынын башчысы Раим Матраимов мамлекеттик бул тармакты өз менчик компаниясындай башкарып калганын автоташуучулар бирикмесинин теңтөрагасы Мырзамат Чынгараев кабарчыга баяндап берди.

Бул санга муфтий Рахматулло ажы Эгембердиевдин “Чубак ажынын жакшы реформалары да, кемчиликтери да болду” деген аталыштагы маеги окурмандарга тартууланды. Муфтий азыр бир катар кооптуу диний агымдар бар экенин, бирок муфтият байыртан бери ата-бабалардан бери келаткан Орто Азиянын идеологиясын кармаган салттуу исламды туу тутарын, ошол динди гана карманып иш кыларын айтып өттү.
XS
SM
MD
LG