Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Оюндан от чыгат


Бүгүн жарык көргөн гезиттер негизинен өкмөттүн тегерегиндеги “окуяларга” арналды.

Бүгүн жарык көргөн гезиттер негизинен Бабановдун өкмөтүн мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө байланыштуу маалыматтар, макалалар жана маектер менен жарыкка чыкты.

“Фабула” гезити менен маек курган саясат талдоочу Табылды Акеров Бабановго түрк туугандар берген күлүк парага берилгенин аныктап чыгуу керектигин, анткени Батышта чоңдорго күлүктөр парага берилерин айтса, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков Бабановдун орду Кыргызстанда эмес түрмөдө экендигин, жакында “Ата Мекен” партиясы Бабановдун Кыргызстандын кен байлыктарын жең ичинен кантип сатып атканын ачыкка чыгарып, эки күндөн кийин Бабанов тууралуу дагы толгон-токой маалыматтарды шардана кыларын, мунун бир эле чети Бабанов бензин ташып жүргөн кезинде 723 миллион сом салыкты казынага төлөбөй жашырып, бул иш сотко өтө турган болгондо токтотуп калганын айтты.

Ушул эле гезит чоңдордун ден соолугу жөнүндө баяндап, кылмыш иши козголору менен экс-генпрокурор Кубатбек Байболовдун ден соолугу начарлаганын, камалары менен Нариман Түлеев аты жаман оору менен ооруйт деп чыгышканын, “Мегакомдун” чуусу менен айыпталып аткан Азамат Мурзалиевдин өпкөсүнө суук тийип, кулагы ириңдеп кеткенин, Бакиевдин тушундагы коргоо министри Бакыт Калиевдин бутун кеспесе болбойт деп атып үй камагына чыгартып алышканын, Бакиевдин аппарат жетекчиси Каныбек Жороев камалса болбой тургандыгын, анткени жүрөгү оорулуу экендигин бетке кармап үй камагында жатканын, Суталинов камалары менен бөйрөгүнө операция жасоо керек деп чыгышканын, Акмат Бакиев камалары менен рак менен ооруйт, бечаранын бул жашоодо саналуу гана күндөрү калды деп улам бир жерге которуп олтуруп качырып жиберишкенин, бул ойлоно турган маселе экендигин, балким Кыргызстанды жалаң ооруп жүргөндөр башкаргандан улам өлкөнүн өзү да оорукчан өлкөгө айланып жаткан чыгар деген ойду айтты.

Журналист Эрнис Балбаков “Иттики ай, барбай койсок эмине?” деген макаласында экономиканы бетке кармайын десек, бизден да начар турган Африканын Эфиопиясы 1 алтын, 3 коло, Кения деген өлкө 2 алтын, 4 күмүш, 5 коло медал алганын, демек эч кандай шылтоо жарашпасын, андыктан Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Мурат Саралиновду, Дене тарбия жана спорт агенттигинин төрагасы Байгазы Кенжебаевди, Олимпиадалык даярдоо борборунун деректири Насирдин Акылбековду жана башка спорт чиновниктерин токтоосуз иштен шыпыруу керектигин белгилеп, бирок көпчүлүк медалга жетпей калдык деп күйүнүп жүрсө, финансы министри Акылбек Жапаров “ырас, бере турган акча ордунда калды” деп сүйүнүп жүрөт деп жазды.

“Алиби” гезити да бул санын “Өмүрбек Бабановдун түбүнө түрк күлүгү жетеби?” деген баштема менен ачып, ал боюнча “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаевдин айткандарын тартуулады.

Гезит ошондой эле редакцияга түшкөн маалымат боюнча, кечээ чыр-чатакты сүйгөн саясатчылар тарабынан атайын Өмүрбек Бабановду кетирүү боюнча штаб түзүлгөнүн, баарынан кызыгы Бабановдун өкмөтүндө чогуу иштеп аткан айрым министрлер штабга тынбай каттап, шефи тууралуу “баалуу маалыматтарды” ташып келип жатканын,
Депутат Турсунбай Бакир уулунун прокуратуранын тергөөчүсү болуп иштеген баласы Каныбек Бакиров милийсалар тарабынан сабалып, акчасы тонолгонун кабарлады.

“Алиби” гезити “32 талапкер тандалды, 34ү жайланды” деген макаласында сотторду тандап алуу кеңеши кандай өткөндүгүн жазып чыкты. Сунуш кылынган талапкерлер менен өтпөй калган талапкерлердин тизмеси, кимдерге кандай добуш берилгендиги толугу менен жарыяланды.

Бул санда “Республика” фракциясынын мурдагы башчысы Канат Исаев тууралу журналист Болотбек Таштаналиев “Канатбек Исаевге каршы добуш бергендер кимдер?” деген макаласында анын фракция жетекчилигинен кандайча кеткендигин баяндады.

Журналист Адилет Айтикеев кыргыздын даңктуу уулдарынын бири, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун өмүр жолун, өрнөктүү иштерин баяндап, баатырдын өзү менен аңгемелешти.

Асан Абыкеев аттуу автордун макаласы “Төрт фракциядан колдоо тапкан өкмөт сакталып калабы?” деп аталды. Макалада элдин, парламенттин өкмөткө болгон ишеними дале күчүндө турганын, андыктан аны кетиребиз деп аткандар элдин эмес, жеке кызыкчылыктарын көздөп аткандар экендигин сөз кылды.
XS
SM
MD
LG