Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Дагы бир ок


Саясатчы Бекболот Талгарбеков Азимбек Бекназаровго ок даярдап койгонун “Алиби” гезити аркылуу жар салды.

Жаңы санын “Бабанов орноткон байрак” деген баштема менен ачкан “Алиби” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Атамбаев жоопкер болушу керек!” деген макаласын тартуулады. “21 жылдан бери далай жетим балдар жетилип, чоң турмушка аралашып кетти. А биздин мамлекет болсо итирейгенден итирейип, кичирейгенден кичирейип, барган сайын кедерине кетип барат. Албетте Кыргызстандын итирейишине, кичирейишине 21 жылдан бери анын жонунан түшпөй, чапкенедей жабышып, күнү-түнү канын соруп келаткан саясый элита күнөлүү” деп жазган Алтымышев: “Жантөрө мырзанын келиши менен Атамбаев өзүн бир эле убакта президент, бир эле убакта премьер-министр кылып тынды” деп айтты.

Автор макаласын аяктап баратып: “Чындыкты убагында айтып калыш керек, муну менен Кыргызстандын эли ишенип келген Алмазбек Атамбаев катуу ката кетирди. Анткени өкмөт башына келчү талапкерлердин эркин атаандаштыгына жол берилген жок. Эми мындан ары өкмөттүн ишине да президент өзү жооп бериши керек” деп белгиледи.

“Алибинин” кабарчысы Болотбек Таштаналиев гезиттин 31-августтагы санына саясатчы Азимбек Бекназаров Акаевдин убагындагы коррупциялык схемалардын тизмесин жарыя кылганын, андагы коррупционерлердин арасында ошол кездеги министр Бекболот Талгарбеков бар экенин эске салып, Талгарбековдун өзүнө кайрылганда ал буларды айтты:

– Мамлекеттин бүгүнкү оор абалына Бекназаровдун салымы зор экенин элдин баары билет. Ал соратниктери менен өлкөнү казиного айландырган. Бекназаров кооз ураандар менен тополоң салуунун устаты. Дайыма эл утулат, Бекназаров болсо утуп чыгат. Бекназаров жакында Атамбаев менен жолугуп жашыруун макулдашкан. Өлкөнүн оор абалынан элди алаксытуу максатында Бекназаров бийликке оппозиция болумуш этип, парламентти башкы күнөөкөр катары айыптап, аны сындырып берүүгө президентке убада берген. Бекназаров адам тагдыры менен чүкөдөй ойноп, “карма ууруну” деп айгай салып, өзү жооп бербей сыртка чыга бергенди жакшы өздөштүрүп алган. Эми ошол макулдашуу боюнча депутаттар кубаланат, анан референдум өткөрүлөт. Президенттин укуктары кеңейтилет. Анан чакан парламент келип, Атамбаев, Отунбаева, Бекназаровдун өз адамдары көпчүлүк добушка ээ болот. Ошол шайлоодо негизги атаандаш болчуларды Бекназаров жатып алып, өзү түзүп алган схемасына “коррупционер” катары киргизе берет. Мен адагенде Болот Шердин Бабановго берген огун эмоцияга алдыргандай кабылдагам. Бирок аны эми түшүндүм. Эмки кезек Талгарбеков менен Бекназаровдуку. Мен да эки ок даярдап койдум. Бекназаров менин коррупцияга катышымды, миллиондогон доллар жегенимди далилдесин, соттосун. Анда окту өзүмө жумшайм. Далилдей албайбы, анда экинчи окту Бекназаровго жөнөтөм. Ал ошого даярдансын, – деп жооп берди.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезитиндеги макаласында журналист Баратбай Аракеев эркиндик келгенден берки жаңы мамлекетибиздин 21 жылдык өмүрүн талдоого алып: “Эркиндик келгенден бери эч нерсе өндүрбөй эле мурунку байлыктын баарын сатып бүттүк, донор өлкөлөргө тизе бүгүп жан багып келдик. Бирок дагы эле оңоло турган кейпибиз жок” деп жазуу менен эркиндик бизге жакшылыгы менен жамандыгын арбын алып келгенин санап берди.

Баратбай Аракеев андан ары: “Эл оозунда мурун жеп-ичти деген адмдар кызматтан кызматка секирип жүрө берет. “Жантөрө Сатыбалдиев жолдон тигинче жеген, үй куруудан мынча жеген” деп эсеби менен айтып жатышса, аны президент аппарат башчысы кылып алганын билесиңер, эми мына ошол киши премьер-министр болгону туру! Э айланайындар, андан көрө Бабанов бир топ иш аткарбайт беле! Эгерде эле премьерди түштүктөн коёбуз деген чечим болсо, ал тараптан андан мыкты азаматтар толуп жатпады беле?” деп жаны кашая жазды.

Ушул эле санга “Башкалар бийлик талашса, Бабанов мамлекеттик тууну көтөрдү” деген макала чыкты.

Гезитке Аламдүн райкеңешинин депутаты Анара Кыдыралиеванын каты жарык көрүп, анда азыр өкмөт башына келет деп аткан Жантөрө Сатыбалдиев убагында өкмөт мүчөсү болуп туруп “Кумтөр” боюнча келишим түзүүгө катышып, бирок элдин кызыкчылыгын жактабай койгонун, жыйынтыгында Канада тарап 70, кыргыз тарап 30 процент ээ болгонун мисалга тартты. Ошол талашта Жоомарт Оторбаев кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн катуу турганын, бирок ал жалгыз болуп калганын, ошондуктан өкмөт башына мына ушул Жоомарт Оторбаевдей жигиттер келгенде жакшы болмогун кечигип болсо да айтып өттү.
XS
SM
MD
LG