Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Коломтодогу күкүрт


Гезиттер өлкөнүн ар кыл турмушундагы окуяларды талдоого алды.

Гезиттердин катарын бүгүн “Айат” гезити толуктады. Гезит жакында Бишкек шаардык кеңешине шайлоо болорун, баягы эле колунда бар жулкунбайлардын балдары жулкунуп КСДПнын штабындагы тизменин алдыңкы сабында жүргөнүн, аталары Жогорку Кеңешти, мамлекеттик чоң-чоң кызматтарды ээлеп, элдин байлыгын соруп бүтүрүп, эми өздөрү аз келгенсип арам оокат табуунун жолуна балдарын түртүп жатканын жазды.

Бабанов бийликтен кетери менен Исхак Пирматовдун абалы күн санап оордой баштаганын, жакында Жогорку Кеңештеги депутаттардын бир тобу камала тургандыгын да ушул “Айат” кабарлады.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Конституцияны Текебаев, Нарынбаев, Кадырбеков, Салянова төртөө отуруп алып талкандай чалганын сынга алган маек курду.

Дефолт маселесине кайрылган “Де-факто” гезитине ойлорун билдирген Каржы министрлигинин коомдук байкоочулар кеңешинин төрагасы Азамат Акелеев:

Кыргызстандын дефолтко кептелүү коркунучу бар. Дүйнөлүк банк 30 млн. долларды бербей коюшу мүмкүн деп жатат. Өлкө дефолт болсо өкмөт айлык, пенсияларды бере албай калат,–деп,

Эксперт Бакыт Бакетаев: Дефолт болбойт. Сырткы карыздарды төлөөгө толук мүмкүнчүлүк бар,–деп,

Эксперт Жумакадыр Акенеев: Бүгүн чынында эле абал оор, өлкө дефолтко жакындап тургансыйт. Дефолт деген мамлекет жашай албай банкрот болду деген кеп. Азыр бизге сырттан финансылык колдоо болбой калды. Ички экономикалык ресурстардын эсебин таап жашаш колубуздан келбей жатат. Болбосо 5 жылда Казакстан менен Орусияны кууп жеткенге мүмкүнчүлүк бар эле,–деп айтты.

“Березовский Максим Бакиевден 867 миң доллар карыз алганын, фракция лидерлери өздөрүн кудай сезип жатканын, Жантөрө Сатыбалдиев эми баягы “моңолдорду кыйнаса коломтодон күкүрт табат” болуп, караңгыдан жол таап кетиши керектигин, антпесе болбой калгандыгын, оппозиция лидерлери революцияга чейин кызматташкан гезиттерди кантип сатып кеткенин да ушул “Де-фактодон” окуйсуздар.

“Параграф” гезити илгерки аткаминерлердин арасында жаш жигиттей басыгы, жакшынакай кеби менен элдин эсинен түшпөй келаткан мамлекеттик, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев бүгүн жашы боюнча аксакалдардын катарын толуктаганы менен жүргөн-турганы, ырдаганы, ат чапканы, өңү менен жаштарды толуктап, кыргыздын чыныгы мырзаларына сергек жашоо дегендин үлгүсү кандай болорун даңазалап жүргөнүн журналист Азизбек Келдибеков баяндады.

“Асман пресс” гезити Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөт башчы болушуна оюн билдирген “Реформа” деп аталган эксперттик топтун саясий серепчиси Искендер Шаршеев:

Биздин топ бийликке: баскан жолу, өмүр баяны таза, коррупцияга тиешеси жок, чет элдик ири компаниялардын биринде иштеп, тажрыйба топтогон, дүйнөнүн эң мыкты деген жогорку окуу жайынан билим алган, чет тилди билген, дүйнөлүк экономиканын тарыхын жакшы билген адам болсо деп сунуш кылганбыз. Жантөрө Сатыбалдиевде ушул талаптар бар болду бекен?–деп суроо койду.

“Учур” гезити белгилүү публицист Кубан Мамбеталиевдин ”Кыргызстандын алтыны” деген макаласынын корутунду бөлүгүн басып чыкты. Ушул эле гезит аркылуу легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов “Эми эл толкуса, буларды бирден жазалайт” деп айтып, 93-жылкы Конституцияны ордуна койбосо кайрадан кан төгүлүшү мүмкүндүгүн, анткени апрель, июнь окуяларынын сынган жерлери ошол бойдон бүтөлектигин, бүтмөк тургай шакшактала электигин, себеби жаңы бийлик Кыргызстанды жакшы жагына өзгөртөт экен, эми экинчи коррупция деген болбойт экен, Аксы окуясындагыдай өз балдарын аткандарды, Үзөңгү-Кууштай, Каркырадай жерин саткандарды жазалап, соттойт экен деген элдин ишенимин оппозиция терисин жамынган “уурулар” такыр талкалаганын, эми эл толкуса президентти гана куубастан, ар бирин бирден кармап жазаларын эскертти.

“Пресс.kg” гезити бул санын “Кан менен келген бийликте – манты жеп келген бийликтен артык жоопкерчилик бар” деген макала менен ачты. Аламүдүн райкеңешинин депутаты Анара Кыдыралиева аталган макаласын аяктап баратып:

Элдин ырыскысын жеп-жуткан ажыдаарлардын башын кесе албасак да, качып кеталгыс кылып, колу-бутун кесиш керек. Бул боюнча президентибиз Алмаз Атамбаев да унучукпай олтура бербей өз карашын билдирсе, деги эле азыркы партиялардын биринин да татыктуу идеологиясы жок, жаштарды жалаң алдым-жуттумдукка, паракорчулукка, чоң муштумдукка, мансапкорлукка багыттап, бул жашоодо бардыгынан көр дүйнө, байлык, бийлик жогору турат деген байкуштукка жетелеп баратат,– деп айтты.
XS
SM
MD
LG