Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Кылмышстан


Бүгүнкү баяндамабыз “Дело №...” гезити аркылуу болмокчу.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити саясат аренасына кайрадан Бекназаров Азимбек пайда болгонун, анын көптөн бери дайыны чыкпай калганын Раушан Рыкунова-Качиеванын жана “Мегакомдун” сот иштерине байланыштырып жатышканын кабарлап, Азимбек элге көрүнөрү менен күпүлдөп, "парламентти таратабыз, жер-жерлерде миң сандаган адамдар катышкан митингдерди өткөрөбүз" деп коомчулуктун үшүн алганын, бирок ал айткандай болбогонун, болгону митингге 40тан бир аз ашуун гана адам чыгып, сүйлөп-сүйлөп алып жок болгонун маалымдады.

“Келме кезек” деген неме баары бир бир күнү айланып келерин, парламенттин мурдагы коалициясында “Ар-намыстан” бөлүп-жарып чыккан депутаттардын катарында жүргөн Акылбек Жапаровду Каржы министрлигинен "шыпырып" түшүп, Феликс Кулов эми анын ордуна башканы сунуш кылганын, балким Акылбек мырза реформа деп атып, ”Ар-намыс” фракциясы менен Куловдун кызыкчылыгын такыр унутуп калып, кызматынан учуп кеттиби, ким билсин деп жазды.

“Дело №...” гезити Артур Исаевдин “Жаныш Бакиев Алматыда болгонбу?” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды. Автор минтип жазат: "Августтун 25и менен 26сында же дем алыш күндөрү Жаныш Бакиев Алматыдан уулу Искендердин үйлөнүү тоюн бериптир деген маалымат интернетте пайда болгондо биз дагы ишенер-ишенбесибизди билбей калдык. Ал тургай күч орган кызматкерлери да ишенбей, “Жаныш Алматыга келбейт эле” дешти. Бирок редакциянын өз булактарынан алынган маалыматтардан белгилүү болгондой, болжол менен августтун ортолорунда төрт баласы менен Бишкекте жашап турган Жаныштын биринчи аялы бир нече күн Казакстанда болуп кайткан.

Казакстанда учурунда Карагандадагы жогорку милиция мектебин Жаныш менен чогуу бүтүргөн чоң кызматтагы 5-6 генерал бар. Жанышты дал ушулар жашырып келатышы мүмкүн. Жаныштын Искендер деген уулу апрель революциясынан кийин эле Кыргызстандан чыгып кеткен. “Дело №...” гезитинин булактарынын айткандары боюнча Жаныш Бакиев үчүн эң коопсуз аймак Тажикстан болуп келгенин, аны буга чейин Тажикстандын Улуттук Коопсуздук комитетинин Тоолуу-Бадахшан облустук башкармасынын начальниги Абдулло Назаров “крышовайт” этип жүргөнүн, жакында мына ошол генералды өлтүрүп кетишкенин, Жаныш Бакиев менен тажик генералын наркожолдор байланыштырып жүргөнүн, учурунда муну биздин күч органдары да кабарлаганын баяндады.

Аталган гезит муну менен бирге эле Минск менен Лондон элчисиз калганын, Кыргызстандын Беларус жана Британиядагы элчилери Эрик Асаналиев менен Бактыгүл Каламбекованы чакыртып алышы дипломатиялык мамилелердеги нааразылыктын бир түрү болуп саналарын белгилеп: “Сыягы президент Алмазбек Атамбаев куйругун карматпай качып жүргөн Максим менен Жаныштын маселесин эми катуу койгону калды окшойт” деген жыйынтыкка келди.

“Дело №...” басылмасы “Милиция академиясынын кадырын кимдер кетирүүдө?” деген макала басты. Макалада 2009-жылы Академиянын бүтүрүүчүлөрү чаламандын чак түшүндө Совет көчөсү менен Киев көчөсүнүн кесилишин машиналар менен тосуп алып, ачык асмандын алдында банкет уюштурганын, өтө албай нааразы болгон айдоочуларды ашата сөгүп, көчөгө туруп алып ырдап-бийлегенин, кутурган лейтенанттарды тыйып койгон эч ким болбогонун, анан арадан бир жыл өткөндөн кийин буга окшогон “кутурмай оюну” дагы кайталанганын же үстүбүздөгү жылдын 19 июнунда ИИМ Академиясынын 35тей бүтүрүүчүсү банкетте отуруп мас болуп, “Монте-Карло” ресторанында мушташ уюштурган, ресторанга 80 миң сомдук зыян алып келген окуяны окурмандардын эсине кайрадан салды.

Академиядагы окуу-тарбия иштери ошол эле бойдон калганын, академиянын айрым мугалимдери акча алмайын баа койбостугун, курсанттарды алар: “тарбия көрбөгөн акмактар”, “ылайга оонаган чочколор”, “жапайы мыркалар” деген сөздөр менен тилдешерин, муну редакцияга атын атагандан корккон курсанттардын редакцияга жазган каттары далилдеп турарын жазды.

Макала автору саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин:

– Менин оюмча, граждандык коом өкмөткө, анын ичинен ички иштер министрине "ИИМ Академиясы бүтүрүп жаткан кадрларга биз нааразыбыз. Биз салык төлөөчүлөр төлөгөн салыгыбыз менен бул Академияны багып келатсак, анын бүтурүүчүлөрүнүн кылган кылыктары бул" деп айтыш керек,– деген сөзүн мисалга тартты.
XS
SM
MD
LG