Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Жомок кантип башталган?


Бүгүн жарык көргөн гезиттер кадр маселесин талдоого алышты.

“Алиби” гезити бул санын журналист Адилет Айтикеевдин макаласы менен ачып, президент парламентке келип сүйлөгөндөн бир нече саат өтпөй Жантөрө Сатыбалдиев Алмазбек Атамбаевдин пенсиядагы кан кудасы Алымбай Султановду иштегенине бир ай боло элек Кеңешбек Дүйшөбаевдин ордуна Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигине жетекчилик кызматка койгонун, бирок аны президент эмес, өзүм койдум деп актанганы менен, дал ушул тууган-туушкандыктын айынан башынан эки жолку чаң-тополоңду өткөргөн эл эч качан ишене койбостугун, ошол эле күнү президент Атамбаев Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясы боюнча 1-орун басары болуп иштеген Табылды Орозалиевди Дин иштери боюнча мамлекеттин орун басарлыгына дайындаганын, ошол эле күнү өкмөт башчысы 7-апрелден кийин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук админстрацияларын басып алууга жардамдашканы үчүн деп камалып чыккан Исхак Масалиевди салык кызматынын башчысы кылып дайындаганын жазып:

“Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык башкаруусун уратабыз, эми мындан ары мындай болбойт” деген убадаларды эстесек, “эгер 7-апрель революциясынын берери ушул болсо, анда эмне үчүн Бакиевди кубаладык? Бизге революциянын атын жамынган азыркыдай эки жүздүү саясаттын канчалык зарылдыгы бар эле? Жүздөгөн энелерди сыздатып, келиндерди боздотуп жесир, балдарын жетим калтырып тапкан жетишкендигибиз ушул беле?” деген суроону койду.

Ушул эле “Алиби” гезитине Бабырбек Жээнбековдун “Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковго ачык кат” деген каты жарык көрдү.

Башкы редактор Бабырбек Жээнбеков айтылуу акын Тургунбек Бекболотовдун сөөктөн өткөн ырларын мисалга тартып келип: “Миңдеген мекендештерибиздин канына забын болгон бакиевчилер менен асыл өлкөбүздү туңгуюкка кептеп кеткен акаевчилер кайрадан бийликке келди. Президентибиз Атамбаев аларга каалаганын жасоого мүмкүнчүлүк түзүп берди. А, сенчи? Сен эмне дейсиң, Исмаил дос? Болуптур, президент Атамбаев элге берген убадаларын унутту дейли. Ажыдаар-дракондор ошентип пайда болот. Биз эми элге эмне дейбиз? Топчуке кайда? Чок баскандай кыйкырып тура калчу? Урум менен Кырымга кирип кеткенби? Кезинде бакиевчилерге да ушул эле сөздөр айтылган. “Кыргыздын намысы качанга чейин уктайт” деп ойлошор экен булар?” деген суроону койду.

“Фабула” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүн басып чыгарды. Анын бир жеринде: “Урматтуу министрлер! Баарын айдап, аяшыңарды, жердешиңерди, классташыңарды, дагы башкаларыңарды ишке алуу сыяктуу терс көрүнүштөр кайталанбасын. Жаңы өкмөттү таза иштөөгө чакырам. Кыргыздын “Уурунун жолу кууш” деген сөзүн эсиңерге салайын. Уурулардын, шылуундардын орду темир тордун ары жагында, аны унутпагыла” деген сөздөр бар.

Жаңы агым” гезити билим жана илим министри Канат Сыдыковдун отставкасын талап кылган демилгени мусулман аялдарынын башын кошкон “Мутакалим” деп аталган коомдук кыймылдын төрайымы Жамал Фронтбек кызы көтөрүп чыкканын, койгон маселеси бешиктен бели араң чыккан кыргыздын кыздарына жоолук салынтып туруп мектепке жиберүү экендигин маалымдоо менен мына ушул Фронтбек кызынын эзели кыргыз элинин ата-баба салтында жок жосунун каны-жаныбызга кийиргиси келген мындай жоругун саясат менен динден түшүнүгү кенен окумуштуулар тыйып койбосо болбой калганын эскертти.

Себеби Кыргызстан шарияттын мыйзамы менен жашаган диний ислам өлкөсү эмес. Кыргыз деген салттуу исламдын канондору менен эле кылымдап жашап, ырыскысын да, ыйманын да, кыздары менен балдарын да татынакай тарбиялап, сактап келген эл. “Демек билим берүү тармагын алдыга тартуу үчүн жан үрөп жаткан министрди динчилдер жана анын артына жашынып алып тукуруп тургандар кысмакка алганын ушунчада токтосо дейбиз. Мектептерди мечитке айландыргысы келгендер кимдер? Ата-энелер да көрүнгөндүн эле сөзүнө кире бергенди коюп, баласынын башына салчу жоолукту эмес, башындагы акылы тууралуу ойлонушу керек” деп жазды.

Кадр дайындоо маселесине “Жаңы агым” гезити да кайрылып, жаңы дайындалгандардын арасында Максимдин оң колу кетсе, сол колу толтура экенин, Учкунбек Ташбаевдин ордуна Ишимбай Чунуев отурса, андан ары кызматтан шыпырылуу кезеги Айгүл Рыскуловага жеткенин, Куловдун “Ар-намыс” фракциясы Мамлекеттик бул каттоо кызматына кезинде “Чакан ГЭС” ААКнын деректирлер кеңешинин мүчөсү болуп, Бакиевдердин үй-бүлөсү үчүн жакшы кызмат кылган Мирбек Бөрүбашевди сунуштаганы турганын билдик деп жазды.

Ушул эле дайындоо маселесин андан ары талдоого алган журналист Кудурет Тайчабаровдун макаласы “Алданган кыргыздар жана беш баштуу, 120 буттуу ажыдаар” деген аталыш менен жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG