Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Чуу чубала баштады…


Гезиттер Бакиевдин мүлкүнө каракчылык кылган иштер тууралуу жазып чыгышты.

Бүгүн жарык көргөн "Фабула" гезити Алмазбек Темирбек уулунун «Мадылбеков айткан «жомок» чындыкка айланганы калды» деген макаласына окурман көңүлүн бурду.

Автор: «2010-жылдын 7-апрелдинде мародерлук кылып колго түшүп, абакта жаткан Юсупов Абдулла НТС телеканалы аркылуу калайык калкка Турат Мадылбековдун уулу Элдар, Райкан Төлөгөновдун уулу Муса менен чогуу мародерлук кылганын айтып берген. Эми айрым маалыматтар боюнча ошол Райкан Төлөгөновдун уулу Муса да камакка алынат деп жатат» деп кабарлады.

Ушул эле гезит "Бакиевдер менен Украинаны баңги бизнеси байланыштырып турабы?" деген маалыматты жарыялап: «Конфликты и законы» деп аталган интернет гезитинде макала жарык көрүп, анда эл аралык наркожолдорду уюштуруу иши мыйзамдуу ууру аталган Камчы Көлбаевдин катышуусу менен өткөндүгүн тастыктаган документ табылганын, аталган документте Коля-Кыргыздын же Камчы Көлбаевдин жакын кишиси катары Жаныш Бакиевдин жана украиналык бир канча бизнесмендер менен фирмалардын аттары аталарын, Камчы Көлбаев маңзаттарды чайдын упаковкалары менен Индиянын Ражастан провинциясынан Украина аркылуу Беларуска эч кандай бажы тоскоолдугусуз алып өтүп турганын, Беларус интернет бул макала боюнча окурмандардын ой-пикирлерин басканда алар президент Лукашенко менен Бакиевдерди дал ушул баңгизат бизнеси байланыштырып турарын, ал Бакиевдердин чекесине ошол себептен чымын кондурбай коргоп келатканын жазышкандыгын маалымдады.

"Алиби" гезити жаңы санын депутат Равшан Жээнбековдун «Күчтүү президентпи же күчтүү институттарбы?» деген макаласы менен ачты. Депутат бийлик кайрадан бир колго топтоло баштаганын авторитардык башкарууга баратабыз деди жана аны жаңы өкмөттөгү акыркы дайындоолор менен тастыктады.

"Алиби" дагы бир кызык фактыны шардана кылды. Депутаттар жашаган мамлекеттик үйдө турган Замир Алымбеков, Акылбек Султанов, Назарали Арипов үчөөнүн балдарынын тээп жүргөн велосипеддери жоголуп, ошол бойдон ууру табылбай келгенин, кийин депутат Райкан Төлөгөновдун квартирасынан өрт чыкканда ошолор Райкандын квартирасынын балконунан чыкканын депутат Арипов далилдеп берерин айтып оозду ачырды.

Журналист Темирбек Алымбековдун «Күтүүсүз камактын күңгөйү» аттуу макаласы жарык көрдү.

Автор минтип жазды: «Сактыгы жагынан сагызганды сайга калтырган «Ата Мекен» фракциясы Туратбек Мадылбековдун уулунан колуңду тарт!» деген эле күнү «Ата Мекендин» ансыз да жардын кырында турган аброю «жалп» дей түшөөрү бештен белгилүү. Депутат катары эми Мадылбеков баласынын тергөө ишине кирише албайт. Азыр баягыдай эмес, саясый кырдаалдын өңүтү өзгөрдү. Азыр Өмүрбек Текебаев башында турган "атамекенчилердин" дагы каягынан кепке чалынып каларын билбей кайсактап турган маалы.

Камактагы Элдар Мадылбековдун "кесепети" "атажуртчуларды" да кыйгап өткөн жок. Бул партия да Садыр Жапаровдун колу менен Элдардан араң эле 500 миң долларга сатып ала коюптур.

Кыскасы, Бакиевдердин мүлкүнө байланыштуу ызы-чуудан улам дагы далайлардын төбөсүнө камчы ойногону калды. Бакиевдер элдин байлыгын уурдап качса, качкан ууруну каракчылар тонойт деген ушубу? Кыргыз эзелтеден эле ушундай канталамайдын каргышы кайра айланып келип каракчылардын өз башына тиерин билип туруп, "бүлүнгөндөн бүлдүргү алба?" деп айткан.

Эми эң негизгиси Башкы прокуратурасыбы, башкасыбы, бул ишти ийне-жибине чейин иликтеп, саясаты кайсы, кылмышы кайсы коомчулукка далилдеп бериши керек. Антпесе элдин көксөөсү суубайт» деп жазды.

«Алиби» бул санына "Мамлекеттик резиденцияда кимдер жашайт?" деген аталыштагы Жазгүл Масалиеванын макаласын "24 kg” маалымат булагынан алып жарыя кылды.
XS
SM
MD
LG