Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

ГЭСтердин кел-кели


Камбар-Ата-2 ГЭСи
Камбар-Ата-2 ГЭСи

Кыргызстанга Орусиянын президенти Путин келди, айрым гезиттер бул боюнча ойлорун айтып чыкты.

"Учур" гезити коррупцияга каршы күрөш принципиалдуу мүнөзгө ээ болуп, президенттин касы көбөйгөнү менен эл арасындагы аброю арта баштаганын жазды. Ушул эле гезитке маек курган депутат Феликс Кулов: “Турат Мадылбековдун уулуна келсек, анын кылган ишин сот аныктайт, бирок чынын айтайын, мындай жазмышты мен душманыма да каалабас элем” десе, парапсихолог Мелис Карыбеков коруппцияга каршы күрөш артка кайткыс жолго түшкөнүн, жакында дагы 45ке жакын ууру коррупционерлерге кылмыш иши козголорун, карапайым калк нанга жетпей, жокчулуктун азабын тартып, балдарын багалбай зарлап турган кезде бул уурулар өлүү дүйнө кубалап, өз өлкөсүнүн ырыс-кешигин жеп-ичип, элди түндүк-түштүккө бөлүп кутуруп турганын, эми булардын да Кудай алдында азап чегип, зарлай турган мезгили келгенин, уурулардын баары парламенттеги беш партияга тең мүчө болуп кирип алганын айтып чыкты.

“Депутаттын уулу экенине, прокуратуранын кызматкери экенине карабай Мадылбековдун уулун камакка алган башкы прокурор Аида Саляновага баракелде!” деп жазды “Учур” гезити.

“Айат” гезити “Праламентти таратам” деп күпүлдөп чыккан Азимбек Бекназаров эмнеге эле унчукпай калды десе, талапкерлигин Конституциялык палатанын судьялыгына коюп жатыптыр”, “социологиялык изилдөөлөргө таянсак шаардык кеңешке өтүүчү шайлоодо “Республика”, СДПК жана “Замандаш-Современник” партиялары утуп чыгары байкалып калды”, “Арак заводун” мыйзамсыз алгансың” деп “атажуртчулар” күнөөлөп сотко берген менен сот “депутат Чыныбай Турсунбеков туура иш кылыптыр” деп актап чыкты” деп кабар таратты.

“Пресс.kg” гезити Айзада Абазованын “Орусия кызыкчылыгы келатат, Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргой алабы?” деген баш макала менен бүгүнкү санын ачты.

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев гезитке президент Путиндин келиши көп маселенин башын ачарын, даярдалган документтердин баары Кыргызстандын кызыкчылыгына багытталарын, 21 жылдан бери чечилбей келаткан суу энергетикалык маселелер бүгүнкү сүйлөшүүнүн башкы маселеси болорун, орус тарап менен биргелешип Нарын дайрасына ГЭСтерди куруп алсак, канга салам бербей, өз суубуздун эки тизгин бир чылбырын өзүбүз көзөмөлдөп каларабызды айтты.

“Де-факто” гезити “Путиндин келишинен эмне күтөсүз?” деген суроого жооп алды.

Саясый серепчи Уран Ботобеков: Ордунан жылбай келаткан ГЭСтердин курулуш ордунан жылат, Кыргызстандын туруктуулугуна пайда алып келет, мигранттардын абалын жакшыртат.

Саясый серепчи Марат Казакпаев: Путиндин келиши менен ГЭСтердин курулушу куру сөз бойдон калбай реалдуулукка айланыш каалайм.

Экономист Кубанычбек Идинов: Кыргызстандын суу ресурсуна Орусия 3 млрд. доллар сарптаганы турат. “Муз ордунан козголду” демекчи, токтоп калган ГЭстердин курулушу аягына чыгарылганы калды,–деп жооп берди

“Арена kg” гезитине депутат Курманбек Осмонов интервью берип, Феруза Жамашева Жогорку Соттун төрайымдыгына татыксыз экендигин, ишти жолго салып кетерине ишене албасын, бул кызматка уюштургуч, баары менен тил табыша билген адам келсе туура болмогун айтты.

“Асман преss” гезитинин суроолоруна жооп берип жатып депутат Садыр Жапаров Максимге таандык имаратты сатып аларда Элдар Мадылбековдун баласы экенин да, ал имарат Бакиевдерге таандык экенин да билбегенин, болбосо 500 миң долларын “рисковать этмек” эместигин, бирок ага карата ачылган кылмыш иши Кумтөрдөгү мафиянын бетин ачкандыгына байланыштуу болуп жатканын айтты.

“Параграф” гезити Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова менен маектешти. Бөдөш айым вице-премьерлик кызматка шайланган Камила Талиева тууралуу оюн билдирип, бир топ чуулгандуу кырдаалдардын автору болгон Талиеваны узатуунун мыйзамдуу жолу ушул болгонун, убагында бул айым лидерликти да талашканын, мына эми лидер болгусу келсе сапатын, деңгээлин көрсөтүп, элдин жүгүн чындап тарта турган жерге барганын белгиледи.
XS
SM
MD
LG