Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:42

Өлкө жарык издейт


Гезиттер Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы ГЭСтерди куруу боюнча келишимди жакшы кабар катары баалады.

"Алиби" гезити Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун коррупция, айрыкча «Ата Мекендин» атын алып жүргөн партия тууралуу ачуу ыры менен бүгүнкү санын ачты.

Журналист Тынчтык Алтымышев Путиндин келип-кетишине арналган макаласында ГЭСтердин курулушу мамлекет үчүн эң сонун болорун, Орусиянын бизге жасаган бул камкордугу өбөктөп калган экономикабызга зор жардамын берерин, кол койгон келишимдер оожалып кетсе, келечекте Борбор Азияда суу энергетикасы менен далайларды тамшанткан өлкө болуп каларыбызды баяндады.

Темирбек Алымбековдун «Мораль» деп аталган макаласында Мадылбековдун баласы көз бойомочулук кылган чуулгандуу үй тууралуу жазып келип: «Садыр Жапаров саясатта жүргөн, жүргөндө да Бакиевдер менен үзөңгүлөш жүргөн, баарынан кабардар саясатчы катары ал үйдүн Бакиевдерге таандык экенин кантип эле билбей калсын? Билбей коймок эмес. Анын үстүнө бир эмес, эки жолу сатып алып отурат. Жөнөкөй кепе сатып алсаң да «мурда бул үйдө ким жашаган экен?» деп сурабай койбойсуң. Моралдын ушу жагын алганда Садыр Жапаровдун оозун «куу чөп» менен аачып, билмексен болуп, «мыйзамга таянымыш эткени» эч кимди ишендире албайт. Демек парламенттин бул жолу депутат Жапаровду канатына калкалап калышы кыйын. Анткен күндө эле өзүнө ор казганы ошол. Анткени коомчулук карап турат, экинчиден, кеп Балтабайдын эмес, Бакиевдердин мүлкү жөнүндө болуп жатат» деп жазды.

Ушул эле санга депутат Өмүрбек Абдрахмановдун «Текебаев партиялык ОПГ түзүп алды» деген ат менен маегин жарыялап, мораль тууралуу кеп кылып, Текебаев баш болуп отставкага кетиши керек деген сөздөрдү айтты.

"Фабула" гезити Баратбай Аракеевдин «Глобалдуу реформа керек. Аны ким жасайт?» деген, Алмаз Темирбек уулунун «Кыргыз тили эми Кытай тилине күнкор болобу…» деген макалаларына орун берди.

Гезитке Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Жусубалиевдин маеги басылды.

Балким бүгүн ал тирүү болгондо дүйнөлүк чыгаан илимпоздордун катарында Кыргызстандын атын ааламга даңазалап турмак. Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын көңүлүн бурган докторлук диссертациясын коргоого 20 күн калганда, кырчындай 39 жашында күтүүсүз дүйнөдөн кайтып кете берген окумуштуу Дүрбөлөң Мамбетовду эскерген Нурбек Асанаалы уулунун макаласы жарык көрдү.

"Жаңы агым" гезити жаңы санын Владимир Путиндин «ГЭСтер боюнча Өзбекстандын тынчсыздануусуна негиз жок» деген сөзү менен ачты.

Эксперттердин айтуусунда, бул окуя Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон берки алгачкы ири жеңиши. "Кыргыз бийлиги үчүн килейген Орусия менен мындай келишимге жетишүү оңойго турган жок. Орус бийлиги ГЭСтердин курулушунда 75 процентке ээлик кылууну көздөгөнүн, бирок президент Атамбаев буга көнбөй, акциянын процентин 50:50 кылып сактап калды.

ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор Акаев менен Бакиевдин тушунда да талкууга алынган, бирок качкан президенттердин туруксуздугу үчүн орус тарап аларга ишеним артпай келген. Эгер чын эле эми энергетикабыз жандана турган болсо, сөзсүз Атамбаев чоң упай топтойт. Анткени ал эң туура позицияны карманууда".

"Жаңы агым" гезити «Министр суракка чакырылабы?» деген кабарында 7-апрель күнү аянтта кырчындай жигиттер кырылып атса, айрым шылуундар Бакиевдердин үйүнө жортуул жасап, миллиондогон байлыкка туйтунганы ачыкка чыга баштаганын, дал ушул мародерлук маселеси боюнча жоон топ аткаминерлер суракка чакырылары каңкууланып атканын, алардын арасында ички иштер министри Зарылбек Рысалиев дагы бар дешкенин маалымдады.

Гезит депутат Текебаев Өмүрбек Бабанов менен Исках Пирматовдун коррупциялык иштерин документ жүзүндө далилдеп берерин айтып, Башкы прокуратурадан буларга кылмыш ишин козгоону талап кылып атканын, эгер иш ушул нук менен өнүксө, жакында «атамекенчи» Райкан Төлөгөнов жана анын уулу Муса, Туратбек Мадылбеков темир торго отурушу ыктымалдыгын, ага удаа эле Бабанов менен Пирматов күч органдарынын чеңгелине түшүшү мүмкүндүгүн жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG