Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Уурулар жана каракчылар


“Генералдык прокуратура Бакиевдердин жашыруун мүлктөрүн ачыкка чыгара баштады” деген аталыштагы макала менен “Дело №...” гезити бүгүнкү санын ачты.

"Бишкектин чок ортосундагы басылып алынып, Садыр Жапаровго сатылган имарат айсбергдин чокусу гана. Казган сайын дагынкысы дагы чубалып чыгып жатат". Башкы прокуратуранын бөлүм начальниги Каныбек Турдумамбетов “Дело №...” гезитинин бүгүнкү санына курган маегинде тергөө тобу революциядан кийинки эки жыл ичинде Бакиевдерге таандык мүлктөрдүн кантип жашырылып, кантип сатылып келгенин ача баштаганын айтып берди.

Бакиевдерге таандык мүлктөрдүн баары жасалма бирөөлөргө жана жасалма фирмаларга катталган. Жасалма фирмалардын бири да ишкердүүлүк менен алпурушкан эмес. Айрым мүлктөрдү катталган адамдар дагы башка бирөөлөргө каттатышкан, айрымдарын өлкөдөн сырт жактарга алып чыгып кетишкен, ал эми айрымдарын апрель революциясынан кийинки башаламандыктан пайдалган аферисттердин ар кандай түрү пайда болуп басып алган. Бакиевдердин бардык мүлкү мамлекетке киреше алып келиши керек болчу. Бирок баары жашырылып келген. Кимдер тарабынан дебейсизби? Болгондо да күч органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан, мунун ичинен прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан жашырылып-жабылып келген. Буга Элдар Мадылбеков менен Садыр Жапаровду мисал кылсак болот.

Каныбек Турдумамбетов андан ары көз бойомочулук иштерге катышкан адамдардын жасаган иштеринин баарын санап отуруп, кезек эми Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы башчысы Турсун Турдумамбетовго келип жеткенин, анын ишине эми баа берилерин, анткени революциядан кийин бул адамга издөө салынып, качып жүрүп кайра келип сот тарабынан толук акталып чыкканын, азыр Турдумамбетовду жаңы жагдайларга байланыштуу көп иштер күтүп турганын айтты.

Максим Бакиевге тиешелүү мүлктөрдүн баары анын катардагы шоопуру болгон Станислав Бирьялмин деген бирөөгө катталып, революциядан кийин ал качып жоголгон. Качып жоголору менен Максимдин мүлкү Мукаш Байгелдиев дегенге таандык болуп калган. Байгелдиев болсо Элдар Мадылбековдун курсташы болгон.

Ал эми депутат Садыр Жапаров сатып алгандан кийин бул имаратты Мирбек Букабаев дегенге каттаткан. Бүгүн ал айтып атпайбы, “Мирбек деген менин бизнестеги өнөктөшүм, биздин жасай турган чоң иштерибиз бар болчу” деп, 25 жаштагы Букабаев анын каяктагы өнөктөшү болуп калат? Өнөктөшү эмес эле Жапаров жалдап иштетип жүргөн жумушчусу болгон. Жапаров миллионер санган Букабаев жакында эле жалданып иштеп жүргөн жеринен – Россиядан кайтып келди.

Садыр Жапаров 500 миң долларга сатып алдым деген бул имарат бүгүн депутат Камчыбек Ташиевдин карачечекей уулуна катталган. Суракта ал дароо эле “менин паспортумду алып кетишип каттап коюшкан” деп айтып берди. Ошол эле убакта Камчыбек Ташиевдин айылдашы, партиялашы Эралы Маматов деген пайда болуп: “Бул имарат меники, бул балага мен каттаткам” деп чыкты. Сыягы Ташиевдерди бул көз бойомочулук оюндан чыгарып кетели деп атса керек.

“Дело №...” гезитинин кабарчысы андан ары Башкы прокуратуранын бөлүм башчысынан интернет булактарындагы катардагы мародердун жазган түшүнүгүндө: “Бакиевдердин мүлкүнө азыркы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да аралашкан деп жазыптыр” деп сураган суроосун ал жоопсуз калтырды.

Кандай болгон күндө да Бакиевдердин мүлкүнүн айланасындагы бул окуялар элдин мамлекетке, анын күч органдарына болгон ишенимин жоготпой койбойт. Ошондуктан буга чейин суралып келип, токтоп калган, же атайылап токтотулуп салган кылмыш иштердин да, жарандык иштердин да баарын кайрадан ийне-жибине дейре текшерип чыгуу зарыл. Бүгүнкү мыйзамдардын алкагында мындай мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алып байлыкка туйтунуп жаткандардын кирешелерин мамлекетке улутташтыруу жолу менен эмес, конфискациялоо жолу менен сот аркылуу кайтарып алуу керек. Жакында эле акыркы бийлик бутагынын бири болгон сот бийлиги легитимдешти. Эми өлкөгө тартип орнотууга мезгил жетти деп жазды "Дело №...” гезити.
XS
SM
MD
LG