Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Кут түштүбү, же жутпу?


Гезиттер мамлекеттин ички турмушундагы окуяларга орун берди.

“Жаңы агым” гезити кадимки Үсөн Сыдыков 18-сентябрь күнү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, “атажуртчу” Ахматбек Келдибеков баштаган үкаларын чайга чакырып, “Бүтүн Кыргызстан”, “Улут биримдиги”, “Ата Журт” партияларынын башын бириктирген күчтүү оппозициялык блок түзүү демилгесин көтөрүп чыгып, көбүнө бул сунуш майдай жакканы менен “Улут биримдиги” партиясынын лидери, Оштун мэри Мелис Мырзакматов мындан майнап чыкпастыгын түшүнүп, баш тартыптыр деп, Ала-Букадагы жаңжал атайын артында калбыры бар “республикачыл” бир берен уюштурганы билингенин, ал өзүнө ачылган кылмыш ишинен улам бийликке ушундай жол менен сес көрсөткүсү келсе жаңылышарын, күч органдары жакында анын колуна кишен саларын уктук деп, Медет Садыркуловду өлтүргөнгө Курманбек Бакиев Жаныш Бакиевге түздөн-түз көрсөтмө бергендиги ачыкка чыга баштады деп кабар таратты.

“Алиби” гезити “мародерчулук боюнча Абдулла Юсуповдун ишин иликтөө 80 процентке аяктаганын, мурдагы кылмыш иши козголгон 12 фактыга дагы 34 факты кошулганын, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун “Алибиге” жарыяланган “Жылдызым көктөн тоголду, жылт эткен үмүт жоголду” деген ырын “Баракелде” сайтына кайсы бир эргул каймана ат коюп салып, өзү автор болуп басып жибергени аз келгенсип, бул ыр “Ата Мекен” партиясынын анабашылары Өмүрбек Текебаевге, Болот Шерге, Туратбек Мадылбековго, Райкан Төлөгөновго арналат” деп жазып жиберип, буга капа болгон эл акыны Анатай ачуусу менен сотко бергени кеткенин жазып чыкты.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Эртеңкиден үмүт кылбайбызбы?” деген макаласын жарыялады. Автор биздин мамлекеттегидей мамлекетти дүйнөнүн бир да жеринен издеп табуу мүмкүн эместигин, 7-апрелден кийинки талап-тоноо ишине эми кылмышкерлерди, сойкуканадагы сутенерлорду күбө кылганга өткөнүн, мамлекети бардак өлкөдө аргасыз ушундай болорун, эгер мындан ары да ушундай көрүнүштөр улана берсе, жакын арада көчөдөгү алкылдаган ОБОНЧУ катындар парламентке келип мыйзам чыгара баштарын айтты.

Баратбай Аракеев андан ары сөз эркиндиги деген оозуна келгенди оттоо эместигин, дагы бир айбанчылык пайда болгонун, кайсы бир бандитти же элдин ырыс-кешигин жеп келген коррупционерди камаса болду, алардын жакындары каптап келип: “бул деген саясий заказ” деп бет тырмап турганын белгилеп: “Өз кенибизди өзүбүз казып алалбай, өз этибизди өзүбүз жей албай, өз буудайыбызды өзүбүз өстүрүп алалбай, көчөдөгү эле бирөө жасанып келе калып “кыш болбойт” деп койсо аны экранга чыгарып ага ишенип, бири катын каңшаар таркатып, “кут түштү эле, кут түштү” десе аңырайып ага ишенип, кут түшпөй эле жут түшүп, айылда көчө таптап жүргөн баласын башы менен окутпай акча менен окутуп, киши сойгон врач кылып, мал догдур кылып, сот кылып, башы менен иштегендерди башы менен эмес байлыгы менен басып жүргөндөрдүн алдына малай кылып жумшап берип, кут түшпөй эле жут түшүп турганын, так ушундай абалга кептелгенибизге Аскар Акаев, Апаз Жумагулов, Борис Силаев, Кубанычбек Жумалиев, Турсунбек Чыңгышев, Николай Танаев, Игорь Чудинов, Бакиевдердин бардык түрү, Үсөн Сыдыков өңдүүлөр салым кошконун, мына ушулар сөзсүз түрдө, бүгүн болбосо, эртең жооп берерин, кыргыз кечиримдүү болгон менен кекчил да экенин жазып чыкты.

Ушул эле “Фабуланын” бүгүнкү санына депутат Дамира Ниязалиеванын “Президент эми парламентти таратат” деген аталыштагы маеги басылып чыкты. Дамира айым азыркы коалициянын болгону 67 гана добушу барын, айрым бир чоң маселелерде депутаттардын 80 добушу талап кылынарын, ошондуктан оппозициялык фракциядагылар менен да тил табышып иштегенге туура келерин, эгер мындай болбой, ынтымак ыдырай берсе, мурдагыдай саясый оюндар кайталана берип коалиция чачырап кетсе, президент анда кайрадан өкмөттү отставкага кетирерин же анын жеке пикиринде кокус ушундай болсо бул жолу парламентти таратарын кеп кылды.

Ушул эле гезитке “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Азамат Арапбаевдин “Жаныш Бакиев менен эч кандай байланышым жок” деген ат менен маеги жарык көрдү.

“Алиби” гезити “Кыргыз ветеринариясын кимдер талкалады?” деген ат менен Мамлекеттик ветеринария департаментинин кызматкерлеринин чоңдорго кайрылуу катын жарылады.
XS
SM
MD
LG