Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Бүтпөгөн мүлк талаш


Бүгүнкү гезиттер коррупцияга каршы күрөш, Бакиевдердин мүлкү тууралуу кеп козгоду.

Бүгүн жарыкка чыккан “Алиби” гезити депутат Токон Мамытовдун “Коррупцияга каршы күрөш үчүн саясий эрк керек” деген маеги менен жаңы санын ачты. Чуусу чубалып аткан Бакиевдердин мүлкү тууралуу суроого жооп берген депутат революциядан кийин Бакиевдерге таандык 120 ири объект бар экени билинип, анан алардын саны 80ге, анан 60ка, анан 40ка келип, аягында 20сы эле калганын, эми парламент чуу салган соң кайра 47ге алпарып койгонун, башкасын айтпай эле коёлу бүгүн ошол Надель менен Ширшовго, Максим менен Елисеевге, Гуревичке таандык делген 8 мекеме азыр деле эч тоскоолдуксуз иштеп жатканын, Бишкектин үстүндөгү Орто-Сайдын жанында Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык “Браво” деген курулуш компаниясы элиталык үйлөрдү салып коюп, жапжакшынакай эле соодалап, сатып жатканын айтты.

Токон Мамытов булардан тышкары Бакиевдерге таандык Ысык-Көлдөгү, Сокулуктагы жүздөгөн гектар жерлер тууралуу бүгүн бирөө да унчуга элегин, эл арасында болсо “Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү басып алыптыр, тартып алыптыр, туугандарына каттатып коюптур” деген жем сөздөр желип жүргөнүн, бирок өкмөт мунун арты акыры жакшы болбосун капарына да албай койгонун кошумчалады.

Эл депутаты андан ары бүгүн 3-4 депутатты “мародер” деп, эртең дагы 4-5 министрди ушинтип күнөөлөп коюп жүрө бергендин ордуна, тактык үчн Акаевдин да, Бакиевдин мүлктөрүн кайрадан текшерүүдөн өткөрүп туруп коомчулукка аныгын алып чыгуу керектигин, ошондо Жаныш Бакиевге таандык Ысык-Көлдөгү жерлер кайсы губернаторго же акимдин жакынына, же кайсы министрдин аялына катталганы дайын болорун, ошондо гана эл байлыгын көз боёмочулук менен тоногондордун баарын камап, жоопкерчиликке тартуу керектигин, корко турган эч нерсе жоктугун, коррупцияга каршы мыйзамдар жетиштүүлүгүн, болгону президент атайын кеңеш түзүп, чынчыл, таза, эрктүү, эч нерседен жалтанбаган адамдарды ошол ишке коюшу зарылдыгын баса белгиледи.

Депутат андан ары Азимбек Бекназаровдун коррупционерлердин тизмесин жарыялаганы жашыруун сыр деле эместигин, мындай тизме бардык күч органдарынын колунда барын, керек болсо депутаттын өзүндө да барын, ал тургай ушул эле Бекназаров кечээ жарыялаган тизмени убагында Мелис Эшимканов коркпой-үркпөй туруп эле гезитине басып жибергенин, болгону эле аларды ачыкка чыгарып, камачусун камап, кустурчусун кустура турган бийлик келбей жатканын кеп кылды.

“Фабула” гезити губернаторлордун ичинен артынан жаман сөз ээрчий элек эң мыктысы Нарындын губернатору Канат Муратбеков экендигин, ал тоолуу обулус үчүн мурдагылар жасабаган жакшы иштерди жасап келатса, эми аны жаңы өкмөт ордунан жылдырганы жатканы туура эмес болорун кабарлады.

Максимдин үйүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, айласы куруп жаткан Садыр Жапаровду “кыйын, мыкты” деп коргоп чыккан бир кездеги губернатор Бейшен Болотбеков жана башка ушул өңдүүлөрдүн артындагы былык иштерин чубап чыкса булардын да колдогон кожосуна кошулуп кошо камалып кетиши ажеп эместигин маалымдады.

Аталган басылма Баратбай Аракевдин мыйзам диктатурасы тууралуу макаласын да тартуулады.

Макаласынын рубрикасын “Уурунун көчүгү кууш” деп атаган журналист Айбек Шамшыкеев депутат Турат Мадылбековдун уулу Элдар менен депутат Садыр Жапаровдун ортосундагы Максимдин үйүнүн чуусун текшерүгө алгысы келген депутаттык комиссиянын курамында Садыр Жапаровго жантыгынан жата калып жан тарткандар арбын экендигин, алардын бири чү дегенде эле чыкып-укуп туруп жулуп салмай адаты бар депутат Жылдыз Жолдошева Жапаровго бир тууган эжесиндей жан тартса, “Ата Мекендин” атасы Текебаевдин кенже баласындай болгон депутат Нышанов Мадылбеков үчүн баарына макул болоруна эч ким кепилдик бере албастыгын, ал ортодо Максимдин имаратанын чыныгы ээси Ташиевдин иниси Шумкарбек Жаныбек уулу болуп чыкканын жазды.

Шумкарбек деген али миллиондор түшүнө да кире элек жаш бала экенин, логикага таянсак Ташиев бул имаратты Жапаровдун сатып алган болорун, кыскасы бул ишти текшерип чыкмакчы болгон депутатык комиссиянын жыйынытыгы кандай болорун эл кулак түрүп күтүп турганын билдирди.
XS
SM
MD
LG