Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Бийлик деген – тартип!


Ак үйдүн алдындагы тополоң. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
Ак үйдүн алдындагы тополоң. Бишкек, 3-октябрь, 2012.

Гезиттер 3-октябрдагы окуяга түшүндүрмө беришүүдө.

Бүгүн жарык көргөн «Фабула» гезити журналисттер Баратбай Аракеевдин, Алмазбек Темирбек уулунун, Курсантбек Улукбековдун «жол турса кетип тескери» бийликти басып алуунун кыска жолуна салып, шиштүү темир тосмону ашып түшүп, өзүн монголдордун Чыңгызханы сезген —Ташиев, Жапаров жана башкалардын жосунсуз жоруктарына арнаган макалаларын басты.

Ушул эле «Фабула» гезити жата турган жай таппай калгансып, депутаттарды кууп чыгып, ээричткен адамдары менен алардын кабинеттерине жатып алгысы келген депутат Камчыбек Ташиевдин жолдо калгыр жоругуна эл өкүлдөрү да баштарын чайкап турганын жазды. Маселен «Ар-Намыс» фракциясынын өкүлү Айнуру Алтыбаева:

- Ташиевдин депутаттардын ордун ээлеп алгыла дегени, бийликти басып алууга чакырык. Анткени бийлик азыр парламентте. 120 депутатты бир убакта мурдагы президенттердей кылып кубалап чыга алышпайт. 3-революцияны жасоо мүмкүн эмес экенин айрымдардын алигиче түшүнө албаганы мени таң калтырат.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев: 3-октябрдагы окуяга сырткы күчтөрдүн эч кандай тийешеси жоктугун, Ташиев өзүнүн чийки саясатчы экендигин көрсөткөнүн, Жапаров, Мамытов үчөөнүн камалышы мыйзамдуу экендигин белгилеп:

–«Оюндан от чыгат» деген ушул. Бийликти басып алууну оюнчук көрүшүп, өздөрү чыгарган мыйзамдарды кайра өздөрү бузуп, Ак үйгө киришти. Бул оор кылмыш. Кылмыш жасап, мыйзамды бузгандан кийин кылмышкер катары жооп бериши керек. Ал эми эл аларды колдоп митингге чыгып жатканы туура эмес. Эл дагы мамлекетте мыйзамдар иштей баштаганын, кылмышкерлер жоопко тартыла турганын, буга чейин «тартип жок, бийлик алсыз» деген кеп-сөздөр эми алыстап, өлкөдө тартип орной баштаганын, бийлик «эки тизгин бир чылбырын» жыйып, күчүнө кире баштаганын түшүнүшү керек» деп айтты.

Ушул эле санга 24.kg маалымат агенттигиндеги Ислам Дуванаев аттуу автордун “Ата Мекен” фракциясынын айрым мүчөлөрүнүн мародерчулукка катыштыгы боюнча фактылар иликтенип жатканын белгилеп, макалада негизинен депутат Райкан Төлөгөновго кенен токтолду. Айрым белгилүү адамдардын Райкан Төлөгөнов боюнча ой-пикирлерин жарыялады.

Мас болуп машина айдаган милийсалар тууралуу да макала бар.

“Алиби” гезити “Капырай кайдан чыккан закүнчү?” деген рубриканын алдындагы чакан кабарын “Генералды угабызбы же демаралды угабызбы?” деген аталыш менен жарыялап, апрель окуясынан кийин саясат арабасына минген Артур Медетбеков “Ата-Журттун” камакка алынган “чыңгызхандарына” жан тартып жатканын билдирип: “Андай болсо эмне үчүн 2010-жылдын 7-апрелдинде Ак үйдүн тосмосун машина менен сүзүп киргендер жоопко тартылбайт” деп акыйкат издеген адам сыяктанып чыкканын белгилеп:

- Ардактуу Артур мырза! Ал кезде сиз жанкечти Жаныш жетектеген өлкөнүн күч органдарынын бийик сересинде, жетишерлик айлык алып, эл менен деле ишиңиз болгон эмес. Эл болсо итке минип, массалык маалымат каражаттарынын оозу төөнөлүп, а Бакиевдер болсо мыйзамды тебелеп турган болчу. Баса, ошол Сиз соттогуңуз келген кырчындай кыргыз балдары Ак үйдү басып алуу үчүн эмес, Кыргызстанды – Тезекстан кылгысы келген Бакиевдердин башкесер режимине каршы көтөрүлүп, акыйкаттык үчүн жан кыйып, окко учканын, анан Ата-Бейиттен барып түбөлүк жай тапканын сиз эмне эмдигиче билбейсизби? – деп суроо койду.

Ушул эле “Алиби” гезити казактар сүт азыктарын чек арадан өткөрбөй атканын, мамлекеттик каттоо кызматы коррупциялык схемасы бар деп жүргөн Жаныбек Бакчиев жыттана баштаганын кабарлады.

Гезит жаңы шайланган Жогорку Соттун мүчөлөрүнүн кыскача таржымалын сүрөттөрү менен тааныштырды.

Акын, ырчы Сонунбүбү Кадырованын “Аялдар! Арыбызга келели!” деген макаласында кыргыз эзелтен кымбат туткан аялзатынын бүгүнкү күндө кантип майдаланып, нарксыз жорук-жосундарга барып жаткандыгы тууралуу баяндалат.
XS
SM
MD
LG