Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Саясат талаасындагы фигуралар


Бүгүн жарыкка чыккан «Дело №…» гезити 3-октябрдагы окуяларды талдоого алды.

Бүгүн жарык көргөн «Дело №…» гезити «Кумтөрдүн» шылтоосу менен бийликти басып алууну көздөгөн «Ата-Журт» партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун Ала-Тоо аянтындагы койгон «концертин» сүрөттөрү менен басып чыгарды. Гезит ишке ашпай калган бул «октябрь революциясы» кимге керек эле?» деген суроого жооп издеди.

Гезит бул боюнча саясат иликтөөчү Марс Сариевдин оюн укту.

«Ташиев, Жапаров, Мамытов дегендер чоң оюнчулардын саясат оюнундагы оюнчук фигуралар экендигин түшүнөр бекен? Кыргызстандын тынч оокат кылбай эле качан көрсөң ушинтип чаң-тополоң түшүп жатышы АКШ менен Өзбекстанга керек. Батыш үчүн биздин Орусиянын кол чатырынын алдына кирип баратканыбыз жакпаса, Өзбекстан үчүн 30 миңден ашуун жумшчу менен камсыз кыла турган Камбар-Ата ГЭСинин курулушу жакпайт, - деп айтты саясат талдоочу.

Бизде Ташиевдер бийликти басып алуу аракетин жасап аткан учурда Өзбекстан «Кейптаун» деген аскер машыгууну өткөрүп жаткан. Американын 15 генаралы жана адмиралы ушул машыгууну башкарып турган. Каримовдун сууга байланыштуу согуш чыгып кетиши мүмкүн деген сөзүн эстегилечи? Себеп дегенде Өзбекстан АКШны көздөй оой баштады. Эгер Кыргызстанда башаламандык башталса, эл түндүк-түштүк болуп ыркырап, ынтымагы кетсе орустар да инвестициясын апкелбей, Камбар-Атанын курулушу токтомок. Демек Кыргызстандын башаламандыгы АКШга кандай керек болсо, Өзбекстанга да так ошондой эле керек болгон. Ал эми Ташиев болсо дал ушулардын тегирменине суу куюп жүргөн фигуралардын гана бири. Ошондуктан өлкөнүн түштүгүндө жашаган туугандар туруксуздук өлкөбүзгө кандай жаман кесептеттерди алып келишин жакшылап түшүнүүлөрү керек», - деп айтты Марс Сариев.

Бийликти басып алуу жолу качан, кайдан, кимдин мээсинде жатып өнүп чыкканын азыр айтуу кыйын. Бирок Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитети июнь айынын аягында «атажуртчу» Нариман Түлеевди үйүнөн камакка алган учурда, депутаттын жакындарынын бири: «Айбандар, жакында бийлик алмашат, көргүлүктү ошондо көрөсүңөр!» деп кыйкырганы эсиңердеби?

Өзүнүн чуулгандуу күрөшү менен инвесторлорду кууп чыккан коомдук уюмдун мүөлөрүнүн бири ушул эле «Дело №…» гезитине берген маегинде: «Бийликке акыл-эстүү, таза адамдар келчү күн да алыс эмес, Кыргызстандын инвестициялык климаты ошондо оң жагына өзгөрөт» деп айткан сөзү да бүгүн ойго салат.

Гезит болуп өткөн тополоңго алып келген үч жагдайга окурман көңүлүн бурду. Биринчи жагдай – кандай болсо дагы бийликке жетүүнүн патологиялык же жапайы кумары. Парламенттик башкаруунун эрежелерине ылайык, «Ата-Журттун» оппозицияда болушуна анын партия башчылары ыраазы болбой койду. Бир айга чыдай албай элди топтоп алып Акүйгө чабуул жасап жиберди.

Экинчи жагдай – Максимдин имараты боюнча Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иши, ал ишке Камчыбек Ташиевдин баласынын аралашышы «Кумтөрдү» бетке кармоо менен бийликти астын-үстүн кылып жиберүүгө түрткөн.

Үчүнчү жагдай – Кылган кылмыштары үчүн жоопко тартылбагандык. Апрель революциясынан кийин Камчыбек Ташиев соттолуп кете тургандай үч иш жасаган. 2010-жылдын октябрында Ташиевдин сакчылары Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерин сабагандыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон. Мындан кутулуп чыккан. 2011-жылы өз партиясындагы депутат Бахадыр Сулеймановду сабап ийгендиги үчүн кылмыш иши козголгон.

Мына ушул үч жагдайды ортого салган «Дело №…» гезити дагы бир макаласын «Хулиганчылыкпы же бийликти басып алуу аракетиби?» деган аталыш менен жарыялап, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанидеги кылмыш иштерин иликтөө боюнча башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиевдин айткандарын келтирди.

Тергөөнүн бүтүмүнө ылайык, камакка алынгандардын баары тынч митинг деген шылтоо менен күн мурунтан эле бийликти басып алууну пландаштырган. Камчыбек Ташиевдин «кызматыма бараткамын, кире албагандыктан темир тосмодон ашып түштүм» дегени жаш баланын сөзү, анткени Ташиевдин кишилери тосмону штурмалап жаткан кезде Ташиев кире албай койдум деген эшиктен депутат Садыр Жапаров эч тоскоолдуксуз эле кирип парламентке барганын белгиледи.

Жаныбек Салиев андан ары оперативдүү маалыматтар боюнча, митингге бекеринен ошол күн тандалып алынбаганын, анткени ошол күнү президент Алмазбек Атамбаев Түркияда болгонун, башкы прокурор Аида Салянова Киевде, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Шамил Атаханов Малайзияда иш сапарда болушканын, тергөө бийликти дал ушул күнү басып алгысы келген депутаттар кимдерге таянганын, булардын артында кимдер турганын, кимдер финансылаганы иликтенип жатканын, баса камалгандардын катарын Берия деген «абысын» атка ээ болгон генерал Кубатбек Кожоналиев толуктаганын билдирди.
XS
SM
MD
LG