Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Чыңгызхан эмес, мыйзамдуулук


Гезиттер биринчи иретте өлкөгө мыйзамдуулук орношу керек экендигин белгиледи.

“Жаңы агым” гезити “республикачылар” менен “ата мекенчилер” бирин-бири мародер деп ылай менен ургулашып киргенин, кечээ Ташкенде бирдиктүү энергетика тутумунун иши боюнча талкуу башталганын, бул сүйлөшүүлөр төрт этап менен жүрөрүн кабарлады.

Ушул эле гезит “Саат, айлык кыскарды, билим берүү жакшырдыбы?” деген аталыш менен Уланбек Эгизбаевдин окуу маселесин талдоого алган макаласын жарыялады.

“Урматтууу окурман! Кайсы бир немебиз элдин байлыгын өзүнүкү кылып алса, анан ошол байлыгына ондогон квартираларды, кымбат машиналарды, жүздөгөн гектар жерлерди сатып алса, ошол акча менен адамдын түшүнө кирбеген супермаркеттерди, базарларды ачса... анан аны ким дейбиз? Ашынган коррупционер дейбиз. Анан ошолорду камап, жооп береесиң десе эле, “бул деген “саясый заказ” деп, ансыз да калк алдында эчтекеси калбаган беттерин тырмап, жанталашканды айбандык деп коет! Мына ошондой айбандардын айынан үйүндө үрүп чыгар ити жок кыргыздар, ошол эле айбандардын 200, 500, 1000 сом садагага ыргыткан акчасын алып митингге чыгып атпайбы! Алар маселенин чын-төгүнүн деле билбейт. Митингге чыккандардын көбү ошону кесип кылып алганы улуттук трагедия! Эгер Сталин болгондо ушул абалды уюштурган коррупционерлерди сурабай туруп аттырып салат эле. Сталинди кой, мына бул эле Кытайдын Ак үйүн ала койом деп “чыңгызкандык” кылып, миң кишиңди ээрчитип алып жөнөп көрчү, шишти каягыңдан чыгарар экен!

Ташиевдин кашаадан аша секиргенин Атамбаевге каршы сокку дегендер да болду. Кандай болсо дагы Атамбаев алган багытынан кайткан жок. Элге берген убадасы менен кетип баратат, оңго да, солго да оогон жок. Президент ушундай болуш керек. Атамбаев жалжактаган Акаев эмес, баш кесер Бакиев эмес экендигин билип турабыз. Демек андан күткөнүбүз ого эле көп.

Карапайым үй-бүлөлөр балдарынын бутун бүтөй албай, жылы бою бир кесим этке, чайга салган таттууга жетип-жетпей, күн кечирип, таң атырып келатса, так ушулардын эсебинен тоюнуп алган, көпкөн байлардын балдарынын мингендери кымбат машине, шапар тепкени ресторан, өздөрү гана эмес, үйүндөгү иттери да чучукка тайгаланып турган кези. Айрыкча айылдарда акылдуу, билимдүү, эл деген адамдардын эмес, тескерисинче дал ошол эл жеген адамдардын кадыры чоң, эл дүжүрлөрү ошолорго жалпактап, ошолорго таянып турат. Деги биз кайда баратабыз?” деп жазды журналист Баратбай Аракеев бүгүнкү “Фабула” гезиндеги макаласында.

“Алиби” гезити гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Буйлалаган төө издегендер” деген макаласын тартуулады. Автор акыркы кездери “жумурткадан кыр издеген” саясатчылар, саясат иликтөөчүлөр арбыганын белгилеп, өлкөдөгү акыркы окуялардын тамырын талдоого алды.

Кыргыз журналистикасында “карышкыр” деген каймана аты бар Сабыр Мукамбетовдун Ташиев тууралуу жазгандарына ой калчаган Бабырбек мырза минтип жазды:

“Сабыр Мукамбетов "Камчыбек Ташиевдин бийликти басып алайын дегени ою болгон эмес, темир тосмодон жөн гана тамаша кылып ашып түшкөн” деп, Камчыкесинин ичине кирип, жүрөгүн, мээсин тыңшап тургандай айтканын кантебиз? Мен деле үч депутаттын күнөөсүз күнөөлүү болушуна каршымын.

Бирок бардык кыймыл-аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү жумурай журттун көз алдында болуп жаткан адамга, мамлекеттик кылмыш жасаган адамга үйүн таппай калган мас адамга мамиле жасагандай мамиле жасап койсок мамлекеттеги миллиондогон адамдарга кандай тарбия беребиз? Анда мамлекеттүүлүк дегендин, мыйзамдуулук дегендин кимге кереги бар? Же мамлекетибизди мыйзам менен эмес, ар кимдер каалганын кыла бере турган, жалаң бандалардын айткан-дегендери менен жашаган өлкөгө айланталыбы? Эгер ушундай болсо, анда Бакиевдер менен кырды бычак болуп, бүтүндөй бир мамлекетти менчиктеп алып, өз элин кул кылгысы келгендерди жаныбызды оозубузга тиштеп жүрүп өлкөдөн кууп чыгуунун кандай кажети бар эле?

Кыргызстанда биринчи кезекте мыйзамды сыйлоону турмушка ашырып, мыйзамдуулукту орното албасак башка бардык нерселер түккө турбай калат. Дал ушул мыйзамдуулукка артыкчылык берүү жаатында Алмаз Атамбаев колдоого татыктуу кадамдарды жасоодо” деп жазды.
XS
SM
MD
LG