Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Байлардын баары Баш прокуратурадабы?


"Фабула" гезити Башкы прокуратурада иштеген айрым прокурорлордун байлыгынын эсеби канча экенин санап көрсөткөн “Байлардын баары Баш прокуратурада го!” деген макала басты.

“Фабула” гезитинин бул санына маек курган мурдагы депутаттардын бири Бегалы Наргозуев азыркы парламентти парламенттик системаны калыптандыра алган жок, саясий чайкоочулукка барды, бийликке кошомат кылды, өзү жазган Конституцияны өзү бузуп, карама-каршы мыйзамдарды кабыл алды, кыскасы ушул парламент келгени өлкө өтө опурталдуу абалга туш болду деп сынга алды.

Наргозуев андан ары чек аралар кайтарылбай калганын, карыз көбөйгөнүн, экономикалык коррупция өлкөнүн бүт байлыгын мите курттай жеп жатканын, ал токтомок тургай азая электигин айтты.

Ушул эле санга Башкы прокуратурада кызмат кылып жаткан Жаныбек Салиев, Кубанчыбек Молдоев, Нурлан Жээналиев, Сумар Насиза, Уланбек Халдаров өңдүү прокурорлордун байлыгынын эсеби канча экенин санап көрсөткөн макала жарыяланды. Ал: “Байлардын баары Баш прокуратурада го!” деп аталды.

“Фабула” бул санына “Гуревич Максим Бакиевди кантип саткан?” деген макаланы “Азаттык” радиосунан көчүрүп басты.

Аталган басылмага Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бөкөнбай Боркеев маек куруп, өздөрү жөнүндө жазбайсың деп ага топурагын түйүп берген чыгармачылык санаалаштары тууралуу кеп кылды.

Гезитте “Кыргыз тил” коомунун вице-президенти Бейшенбек Иманалиев, Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева менен маектешүүлөр да бар.

“Алиби” гезити жергиликтүү кеңешке шайлоонун үгүт иши жакындап калганын, үч күндөн кийин жип минген жигиттер жаңы конуштарды түрө кыдырып, төөсү кыядан өткөндөн кийин ошол жерде аткарылбаган бойдон кала берчү кабат-кабат убадаларын бере баштарын эске салып, бул шайлоодо кайсыл партиянын шаасы канчалык экенин сурамжылоого алды.

Аталган гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Сот ишине бут тоскондор сот жообуна тартылууга тийиш” деген эки беттен турган көлөмдүү каты Башкы прокурор Аида Саляновга багышталды. Анда мыйзам бузгандар тууралу кенен кеп болот.

Журналист Тынчтык Алтымышевдин элеттеги эски сарайда жашоо-турмушун өткөрүп келаткан чал-кемпир тууралу кызыктуу баяны “Экөө” деген ат менен жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG