Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Саясат шамалы


Гезиттер өлкөнүн ичиндеги саясый окуяларды талдоого алышууда.

“Арена.kg” гезитине “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматованын “Бакиевдердин Тейиттеги үйүн Батыровдун, Бектур Асановдун жана “Ата Мекендин” колдоочу жигиттери өрттөгөн” деген маеги жарык көрүп, аттары аталгандарга оор күнөө такты.

Ушул эле санга Тору Керимов аттуу автордун “Зарылбек Рысалиевдин тагдырын Атамбаев менен Текебаев чечтиби же?..” деген макаласы басылып, буга улай эле “Апрель байрагы” коомдук бирикмеси баштаган 7 коомдук уюм Жогорку Кеңештин төрагасы А. Жээнбековго жана депутаттарга кайрылуу жасады.

Кайрылууда 5-ноябрга чейин Ж. Сатыбалдиев баш болгон коалициялык өкмөт таратылсын, Ш. Атахановду ички иштер министрине дайындоого Жогорку Кеңеш макулдук бербесин, З. Рысалиев министрликке кайра алып келинсин, Ж. Сатыбалдиевдин тиешеси бар коррупциялык иштер ачыкка чыгарылып, З. Рысалиев баштаган мародерчулук боюнча кылмыш иштери адилет тергелип, сотко өтсүн” деген 4 талап койду.

“Учур” гезити аркылуу депутат Турат Мадылбеков “Бабанов токтоосуз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылсын!” деген ат менен кабарчынын суроолоруна жооп берди. Мадылбеков мырза тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кубат Ноорузбаев теле аркылуу Текебаев, Болот Шер, Мадылбековдун мародерлукка эч кандай катыштыгы жок экенин айтканын, деги эле “Ата Мекендин” лидерлерине каршы жасалган кара пиардын мизи ушуну менен кайтканын айтып, 7-апрелден кийин Бакиевдердин жана аларга жакын адамдардын мүлкүн улутташтыруу жана аларга арест коюу Башкы прокуратурага жүктөлгөнүн, ошондо күч тармагын Бекназаров жетектеп турганын, мунун баарын ошол кишиден сураш керектигин айтты.

“Айат” гезити айтылуу публицист Кубан Мамбеталиевдин президент Алмазбек Атамбаевге багыштаган катын басып чыкты. Катта лондондук “Стайленг Ессинт” эл аралык каржы тобу Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчаларды кайтарып келүүгө тажрыйбасы жетерин, бул топ качкын президенттер Аскар Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөсү өлкөдөн уурдап кеткен каражаттарды кайтаруу керектигин айтып келатканын, болгону ал үчүн биздин мамлекет башчыларыбыз лондондук бул топ менен келишим түзүп, макулдашууга кол коюшу гана керектигин, мындай катты убагында экс-президент Роза Отунбаевга жөнөткөнүн, андан жарым айдан кийин Убактылуу өкмөттүн вице-премьери Азимбек Бекназаровго да кат жолдогонун, Бекназаров лондондук топтун өкүлүн Бишкекке жолугушууга чакырганын, алтургай Оливия Алиссон деген адам Лондондон учуп келип, Бекназаров менен жолугушууга аракет кылып, эки күн күткөнүн, бирок эки күн тең Бекназаров офисинде жок болгондуктан кайра кетүүгө мажбур болгонун, ушундан соң ал топ бизге кайрылбаганын, бирок дагы эле кызматташууга даяр экенин жазып чыкты. Кубан Мамбеталиев андан ары мына ушул каттын өзүндө сакталып келаткан көчүрмөсүн “Айат” гезитинин бүгүнкү санында шардана кылды.

“Асман press” гезити министр Зарылбек Рысалиевдин кызматтан кандайча кеткени жөнүндө түрдүү кеп-сөздөр айтылып жатканын, иши кылып ал жөн эле кетпегенин, ал кетери менен Бишкектин “Байсуу” деп аталган кафесине 300дөй адам чогулуп, Рысалиевди коргоо комитетин түзүп, комитет төрагалыгына “Алиби” гезитинин кожоюну Бабырбек Жээнбековду бекиткенин, түзүлгөн комитет мындан ары Рысалиевди колдоо менен бирге эле Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн отставкага кетирүү талабын коё тургандыгын билдиргенин, себеби Сатыбалдиев президенттин аппарат башчысы болуп турганда Нурлан Сулаймановдун кылмыш ишин жабуу үчүн Зарылбек мырзага бир катар талаптарды койгонун, ушул жана башка иштер Рысалиевдин иштен кетишине себеп болгонун маалымдады.

“Пресс.kg” гезити Сотторду тандоо комиссиясынын төрагасы Шамарал Майчиевдин “Биздикиндей тунук отчетту бейөкмөт уюмдары да бере элек” деп айткан маегин басты. Майчиев мырза негизинен Жогорку Соттун судьялары мурда иштеген соттордун ичинен тандаларын, демек тандалган адамдын сотто 5 жылдан кем эмес иштеген тажрыйбасы болушу керектигин, эми сотко болгон элдин ишеними төмөн болгондуктан ал ишеним бат эле пайда болбостугун, кимдин кандай иштеп атканы жарым жылдан кийин гана белгилүү болорун белгиледи.
XS
SM
MD
LG