Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:34

Кадырды кадр түшүрөт


Гезиттер өлкө турмушуна байланышкан майда жана чоң маалыматтарды тартуу кылды.

Улуттук консерваторияга СССРдин эл артисти, залкар композитор жана дирижер Калый Молдобасановдун ысмы ыйгарылганын биринчи болуп сүйүнчүлөгөн "Алиби" гезити жаңы санына акын Темирбек Алымбековдун «Саясый арноографиялар» аттуу эл башчыларына жана айрым депутаттарга, саясатчыларга багышталган сатиралык арноо ырларын жарыялады. Акындын президентке арнаган саптары төмөнкүдөй:

Казактын журту мунай дейт,
Атамбаев Кудай дейт.
Кудай деген кур калбайт,
ооматы артык эл элек, оңолобуз буйруса.
Калкты жеген далайдын,
каткан-куткан дүйнөсү, казынага куюлса,
Бирок илгери жүрсөң болбойбу,
Илмияновго илинбей,
Бакиевчи канчасы, ийниңде жүрөт салбырап,
эскирип бүткөн кийимдей.
Колуңду созчу, калкыңа, кошоматчы далайлар,
колтуктап алса сүйүнбөй,

"Ата Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаевге:

Өмүке, каяктасың көрүнбөйсүң,
унуттуңбу келип жүргөн эшигиңди?
Тазбайматтын кебетесин кийип турсуң,
билбей калып, бирге жеген кешигиңди,
«Алибини» улам-улам сотко бердиң,
бүтөчүдөй, бүтпөгөн тешигиңди.

Кубатбек Айбашов "Ажыдаарларга жем болбойбузбу?" деген макаласында Борбор Азия аймагындагы геосаясий абалды талдоого алып, өтө талуу маселелер боюнча ой калчады. Автор Орусиянын коңшулардын, атап айтканда Кыргызстандын аскер күчтөрүн куралдандыруу үчүн 1,1 млрд. доллар, Тажикстан армиясына 200 миң доллар каражат берери АКШнын Өзбекстанды милитаризациялоо чечимине жообу болду деп жазып: «Ушинтип согуш очогу Ооганстандан Борбор Азияга, тагыраагы Фергана өрөөнүнө жылып келаткан жокпу? Өзүндөгү тынчтыкты өзүнөн башка өлкөлөрдө согушуу жолу аркылуу камсыздап көнгөн Америка менен Орусиянын Борбор Азиядагы шахматтык аракеттери кандай максатты көздөөдө?» деген суроолорду койду.

"Фабула" гезити Ош окуясы боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытовдун "атажуртчулардын" Асылбек Текебаев Бакиевдердин үйүн өрттөгөн дегендерине комиссия эч кандай далил табалбагандыгын дагы бир ирет эске салуу менен: «Мен буга чейин унчукпай келгем. «Ата Журт» ушундай жол менен Бакиевдерди актагысы келип атат. «Асылбек Текебаевдин Бакиевдердин үйүн өрттөөгө катыштыгы боюнча маалыматыбыз жок» деген Ички иштер министрлигинин расмий катын Ахматбек Келдибековго өз колум менен жибергем. Келдибеков ага деле болбой, эптеп эле Бакиевдер менен Батыровду реабилитациялап, маселени башка нукка буруп жатат. Анын мындан башка аргументи жок» деп айткан сөздөрүн басты жана: «Токон Мамытов жөнөкөй депутаттардын бири эмес, ал өмүр бою улуттук коопсуздук кызматында иштеген чекист, демек айткандарында чындыктын үлүшү бар» деп кошумчалады.

«Фабуланын» ушул эле санына журналист Баратбай Аракеевдин «Бакиевчилерден башка кадрлар жокпу?» деген макаласы жарык көрдү. Эсеп палатасынын төрайымы болуп дайындалган Элмира Ибраимова бир кезде Бакиевдин «Ак жол» партиясын түптөгөндөрдүн бири болгонун эске салган автор, президенттин кээ бир жүрүштөрүн түшүнүп болбой калганын, «… ал дайындоо убагында Кыргызстанда Бакиевдикинен башка кадрлар деле толуп жатпайбы деп ойлонсо болбойт беле, анткени эл Бакиевдердин кадрларынан тажап бүткөн, көңүлдөрү калган, элдин алардан көргөн ызасы тарай элек. Өзүн булгабаган 30-40 жаштагы кыз-жигиттерибиз бар. Кызматка ошолорду коюш керек эле да» деп кейиди.

Ушул эле гезит "Алтынбектердин акыйнеги" деген макалага окурман назарын буруду. Макалада депутат Алтынбек Сулайманов «Ата Мекен» партиясынын жаңы мүчөсү Алтынбек Арзымбаевди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, каймана аты "Жин" деп айтса, Алтынбек Арзымбаев депутат Алтынбек Сулаймановдун каймана аты "Челюсть", же "Шрек" экенин, өзү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болорун, аткезчилик менен акча табарын айтканын, ал эми өзүн «Жин» деп жалган маалымат тараткандарды сотко берерин, өзүнүн соттолбогондугун далилдеш үчүн аягына чейин турарын айтканын кабарлады.

Гезит Жогорку Кеңештин депутаты Гүласал Садырбаева менен маегин тартуулады. Депутат парламенттин мыйзам чыгаруудагы иштерин, аны менен бирге бир тууган агасы Дооронбек Садырбаев тууралуу да эскере кетти.

Белгилүү музыкант Болот Эдигеевдин элдик музыканын азыркы көйгөйлөрүн кенен-чонон баяндаган маеги да ушул санга басылып чыкты.
XS
SM
MD
LG