Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:48

Уратуу


“Алиби” гезити бул санын дээрлик “Ата Мекендин” айрым мүчөлөрүнүн 7-апрелден кийинки аракеттери тууралуу макалаларга арнады.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин ичинен “Алиби” гезити үч бетинен калган беттеринин дээрлик баарына “Ата Мекенди” актап жатабыз... А фактыларды кайда катабыз?” деген баштеманын алдындагы макалага орун берди. Автору улук тергөөчү, милициянын майору У. Садырбеков.

Юрист Бабырбек Жээнбековдун: “Мен “Ата Мекенге” эмес, Абдула Юсуповго көбүрөөк ишенем. Себеби...” деген макаласы да ушул санда. Депутат Жылдыз Жолдошеванын маеги: “Текебаевдин саясаты мамлекетти талкалоого алып баратат” деген ат менен ушул макалалардын аягында жарык көрдү.

“Де-факто” гезити “Текебаев маалыматтык согуштан утулуп, сөз эркиндигин тизгиндегиси келеби?” деген макалага улай ушул эле суроо менен айрым журналисттерге кайрылды.

Журналист Турат Акимов: –Текебаев болгону “Республика” фракциясы менен болгон маалыматтык согушта утулуп калып, аны кантип токтотууну билбей, башы маң болуп, анан журналисттердин жоопкерчилигин күчөтүү мыйзамын даярдап жатат,–деп,

Медиа өкүлү Акмат Алагушев:– Ким билет, балким чындап эле журналисттердин жоопкерчилигин күчөтүүнүн ойлонуп аткандыр,–деп,

Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев:– Мындай кадам–журналисттерге жазаны оорлотуу дегенди билдирет. Сөз эркиндигин чектеши мүмкүн,–деп,

“Медиа Полис Институту” коомдук фондунун деректири Бегайым Үсөнова: – Кандайдыр бир мыйзам нормаларын таңуулоо баары бир журналисттердин эркиндигин чектөөгө алып келет,–деп жооп берди.

“Фабула” гезити, экс-министр Зарылбек Рысалиев кечээ Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын башчылыгына дайындалганын, эми ал түрмөлөрдө болуп жаткан далай былык иштерди кан буугандай токтотуп, ашынган кылмышкерлердин түрмөдө олтуруп алып көпкөнүн ооздуктап, кынына киргизет деген ниет менен үмүт артып туралы деп,

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду сот толугу менен актаганын, эми ал ошол кызматына кайтып барышы керектигин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди деп, эгер акыйкаттык аягына чейин болсо, анда азыркы министр Кылычбек Султанов кайрадан гезитине кайтып кетиши керек деп,

“Жогорку Кеңештин жыйынында кечээ 25 депутат отуруп алып “жемкордугу” үчүн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, кол тийбестигин алуу өтүнүчү менен кайрылган “Республика” фракциясынын депутаты Элмурат Обдунов боюнча комиссия түзүп салганын, жеке кызыкчылыгын ойлогон мындай парламенттин барынан жогу” деп кабар таратты.

“Жаңы агым” гезити Ош мэри Мелис Мырзакматов, Элмурза Сатыбалдиев жана “атажуртчу” Ахматбек Келдибеков бир кафеде чайлашып отуруп, оппозициялык блок түзүү, ага бир лидерди тандоо маселесин талкуулашканын, анан “сенден мен кыйын” болуп, лидерликти талаша кетип, Ахматбек мырза тамагын таштап баса бергенин, баса ар бир кадамын аярлап баскан Мелис Мырзакматов соңку кездери гезит бетинен түшпөй жандана баштаганын, билермандар анын мындай кадамын Беларустун токоюнда отурган кожоюнунун ишаратына байланыштырып жатканын эшиттик деп,

“Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов жума башында президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгонун гезиттин көрөгөч Маамыттары айтып келгенин, сөз шайлоо жөнүндө болгонун маалымдады.

“Жаңы агымдын” жаңы санында “Өкмөт баарын сонун, баары укмуш дейт. А чыныгы жашоодо андай эмес” деген, “Эки миң бюллетендин сырын ким билет?” деген, “Май баскан бетон беттерге, калпка толгон, элге түшүнүксүз үгүтация” деген жана башка көптөгөн макалалар жарыяланды.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Кыргыз кой багып байыса болобу?” деген теманын алдында айыл чарба илимдеринин кандидаты, адис окумуштуу, адис журналист Молдобек Ирсалиевдин проблемалуу маегин окурмандарга тартуулады.

Жазуучу Өмүрбек Караевдин “пкирим бар” деген рубриканын алдындагы макаласында улут сыймыгы болгон улуу композитор Калый Молдобасановдун Улуттук консерваторияга ысымынын берилгени эң туура болгонун, муну менен кыргыз музыка дөөлөтү дагы бир бийиктикке көтөрүлгөнүн, ошону менен бирге эле залкар Калый Молдобасановду кыргыз эли кандай кастарлап алса, кийинки муун Муратбек Бегалиевди да ошондой эле кастарлап аларын, консерваторияга Молдобасановдун ысымынын коюлушуна каршылыгын билдирген айрым мугалимдердин аракети эптеп эле Бегалиевге жагынмыш болуп, ордун бекемдеп алуу үчүн жасап жаткан аракети экенин айтты.
XS
SM
MD
LG