Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:53

Шайлоо “шаңы”


Жарык көргөн гезиттердин баары шайлоонун кандай өткөнүнө байланыштуу макала, маек, ой-пикирлерди көбүрөөк жарыялашты.

“Айат” гезити саясатчы Азимбек Бекназаровдун маегин басты. Маегинде ал бюджеттеги мекемелерде иштегендердин баары илгертен эле ким бийликте болсо, ошого ыктап көнүп аларын, ошондуктан шайлоо мурда кандай өтсө, ошондой эле өткөнүн, мындан башкача да болбой тургандыгын, эгер эртең бийликке “Республика” келсе, шайлоонун баарын ошол партия утаарын, башкасы келсе башкасы утаарын, бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш экенин, муну жоюш үчүн далай шайлоодон өтүп, далай мезгилди карытуу керектигин кеп кылды.

Ушул эле гезитке маек курган дагы бир саясатчы Өмүрбек Суваналиев шайлоо таза өтпөгөнүнө нааразы болуп, бийликти сындап, мындан ары митинг, пикетке чыгарын, башка айла калбай калгандыгын, жазда чаң-тополоң болоорун, анткени буга экономика менен саясий кризис түрткү берээрин айтты.

“Учур” гезити камактагы депутат Садыр Жапаровдун “Мен дүйнөлүк мафиянын айынан камакта отурам” деген аталыштагы көлөмдүү кайрылуусу менен бүгүнкү санын ачты.

Гезит ошондой эл “Жергиликтүү шайлоо кандай өттү?” деген суроо менен бир катар атуулдардын жообун алды.

Депутат Ахматбек Келдибеков: –Ыплас өткөнүн, “карусель” ыкмасы колдонулганын экрандан баарыбыз көрүп жатабыз. Анан кайсы бетибиз менен таза өттү дейбиз, – деп,

Генерал Өмүрбек Суваналиев: –Атамбаев эң таза шайлоо болот деген эле. Тескерисинче эң таза эмес өттү. Мындай шайлоо Акаев, Бакиев убагында да болгон эмес,–деп,

Генерал Артур Медетбеков: –Биринчиден, жарандарыбыз шайлоодон тажаганын билдирди. Экинчиден, бийликке ишенбөөчүлүк болуп, “барсак да, барбасак да баары бир өздөрү каалаган жыйынтыкты чыгарып койот” деген ой тастыкталды. Менимче шайлоого 15 процент эле эл барды, бирок 30 процент деп койду,–деп,

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев: –Шайлоонун мурункулардан айырмасы болгон жок. Өзгөчөлүгү - элеттен келген партиялар Бишкек шаарын колго алганга аркет кылды. Экинчиси - көчө демократиясы менен келген партиялардын бүткүл саясий аренаны алуу аракети болду. Үчүнчүсү – колунда акчасы бар адам адал-арамын карбай иш жасаарын жана бийлик кандай болгон күндө да өз билгенин кылаарын көрсөттү,–деп,

Генерал Мирослав Ниязов: –Биздеги шайлоо эгемендик алгандан бери таза өткөн эмес. Элдин канын парламент соруп жатат. Азыркы бийлик радикалдуу кадамдарга барбаса болбойт. Парламент ажыдаарга айланды,–деп жооп берди.

“Пресс.kg” гезити да шайлоого арналган макала басып, чуу болуп жаткан “карусель” чатагы боюнча ойлорду ортого салды.

Ушул “карусель” чатагына тиешеси бар делген “Республика” партиясынын мүчөсү Наргиза Ажыбаева: –Биз чагымга алдырып койдук. Мени УКМКга алып келип, 3 күн бою мыйзамсыз кармашты,–деп,

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз катчысы Нурлан Токталиев: –Биз аны (Ажыбаеваны) чакырган да, кармаган да эмеспиз. Эми ал өз оюн айта берет да. Балким бирөөлөр ошондой айт деп түртүп жатса керек. УКМКнын буга эч кандай тиешеси жок,–деп,

БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов: –Прокуратура иш козгоп, карап жатат. Видеотасмада “карусель” кылып добуш салып жаткан учур жок. Адамды кылмыш кылам деп атканы үчүн соттогонго болбойт,–деп жооп берди.

Бул санга депутат Бөдөш Мамырованын “Суваналиев өзүнө керек болгондо “Ар-намыска” келип, кереги жокто кетет” деген ат менен маеги жарык көрдү.

“Асман преss” гезити жаңы санын Боршайкомдун өткөн шайлоодогу төрагасы Акылбек Сариевдин “БШК өзү баш болуп административдик ресурсту колдонду” деген маеги менен ачты.

Ушул эле гезитке коомдук ишмер, белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун “Дордойдо” 40 миң контейнер бар” деген чындыкка жатпайт” деген аталыштагы маегин жарыя кылды.

Гезитте “Суваналиев мэр болбой калды”, “Бабанов мэрлик үчүн мээнет кылып жатат”, “Келдибеков өкмөттү кекетти”, “Ар-намыстын” ичтен иригени” деген жана башка майда кабарлар да бар.
XS
SM
MD
LG